2017-жылдын I жарым жылдыгында Өкмөттүн Аппаратына жарандардан 2436 жазуу жана 567 оозеки түрүндө кайрылуу келип түшкөн

2017-жылдын  I жарым жылдыгында Өкмөттүн Аппаратына жарандардан 2436 жазуу жана 567 оозеки түрүндө кайрылуу келип түшкөн. Бул туурасында Өкмөттүн Аппаратынын расмий сайты жарыялады.

Маалыматка ылайык, кайрылуунун ичинде:

– Кыргыз  Республикасынын  Президентинин  Аппаратынан – 132;

– Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен – 460;

– Кыргыз Республикасынын  Премьер-министринин коомдук кабылдамасына – 420;

– электрондук кайрылуулар – 371;

– КМШ катышуучу мамлекеттерден жана алыскы чет өлкөлөрдөн – 13.

Жыйынтыгында оң чечим кабыл алынгандары боюнча 68, 389 кайрылуу боюнча түшүндүрүү жооптору берилген, 43 кайрылуу артка кайтарылган жана 1412 кайрылуу контролго алынган. 2017-жылдын  I жарым жылдыгындагы жалпы  кайрылуулардын ичинен калкты өзгөчө түйшөлткөн маселелерди төмөнкүдөй багыттарда бөлүүгө болот:

– социалдык кызматтардын иши, пенсия, жөлөк пулдар жана материалдык жардам көрсөтүү боюнча –  289 (11,86 %);

– турак-жай маселелери – 215 (8,83 %);

– билим берүү жана илим маселелери  – 211 (8,66 %);

– агро өнөржай комплекси, экология, дыйкан фермердик чарбалар – 147 (6,03 %);

– жумушка орношуу, эмгек талаш-тартышы жана айлык акы – 112 (4,59 %);

– курулуш жана  архитектура маселелери – 106 (4,35 %);

-укук коргоо органдарына тиешелүү маселелер –  96 (3,94 %);

– саламаттыкты сактоо маселелери – 88 (3,61 %).

Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Коомдук кабылдамасына 2017-жылдын  I жарым жылдыгында 279 адам кайрылган, анын ичинен 14 кайрылууну  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жетекчилиги  кабыл алган: Премьер-министр – 5 адамды, социалдык маселелер боюнча вице-премьер-министр – 5 адамды, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси-министр – 4 адамды,  Кыргыз  Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын өкүлдөрү тарабына 232 адам кабыл алынган. Көпчүлүк маселелер кабыл алуунун жүрүшүндө чечилсе, айрым маселелер боюнча тапшырмалар берилип, түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *