2017-жылы дем берүүчү гранттардын эсебинен 370,6 млн сомго 208 долбоор каржыланды

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан каржылоого берилген билдирмелерге ылайык, 2017-жылы «дем берүүчү гранттар» беренеси боюнча республикалык бюджеттен 370 млн 635,6 миң сомго 208 долбоор каржыланды. Бул туурасында Финансы министрлиги маалымат таратты.

Дем берүүчү гранттардын каражаттары региондорго төмөнкүчө бөлүштүрүлдү:

стимгрант_кырг

п/пРегиондордун аталышы2017-жылдын  30-декабрына карата
Объекттердин саныДем берүүчү гранттын көлөмү(миң сом)
 Республика боюнча бардыгы208370 635,6
 анын ичинде:  
1Жалал-Абад областы4278 057,6
2Ош областы2948 546,6
3Чүй областы3356 995,2
4Нарын областы2644 088,6
5Ысык-Көл областы3760 390,1
6Баткен областы2649 190,3
7Талас областы1533 367,2

Каражаттар категориялар боюнча төмөнкүчө бөлүштүрүлдү:

п/пКатегориялар2017-жылдын  30-декабрына карата
Объекттердин саныДем берүүчү гранттын көлөмү (миң сом)
1Мектептер65104 121,0
2Бала бакчалар4168 004,6
3Маданий маанидеги объекттер1936 450,1
4Саламаттык сактоо объекттери918 306,8
5Инженердик-коммуникациялык инфраструктура объекттери3568 497,4
6Спорт объектилери2751 062,6
7Администрациялык маанидеги объекттер ж.б.1224 193,1
 Бардыгы208370 635,6

Дем берүүчү (үлүштүк) гранттар –  жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарына аймактарды социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларын ишке ашыруу үчүн жергиликтүү бюджеттердин үлүштүк катышуусу менен жана башка тартылган каражаттар долбоордук-конкурстук негизде республикалык бюджеттен берилүүчү акча каражаттары.

«Кыргыз Республикасынын 2017-жылга республикалык бюджети жана 2018-2019-жылдарга болжолу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамында «Дем берүүчү (үлүштүк) гранттар» беренеси боюнча 500 млн сом каралган.

2017-жылы ишке ашырууга үлүштүк (дем берүүчү) гранттардын эсебинен долбоорлорду бекитүү боюнча комиссиянын отурумунун 2017-жылдын 22-мартындагы протоколуна ылайык 210 долбоор бекитилген, анын ичинен толук көлөмдө 193 долбоор аяктады.

Долбоорлорду каржылоо жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары берген отчёттордон көз каранды (суралган суммага жана үлүштүк (дем берүүчү) гранттын талап кылынган көлөмүнө жараша, грант, отчёт тапшырылгандан кийин, долбоордун тибине жараша (өздүк, тартылган, республикалык бюджеттин) каражаттардын өздөштүрүлүшүн эске алуу менен, бөлүп-бөлүп берилет.

2017-жылы жумуштарды жасоого түзүлгөн контракттардын жыйынтыгы боюнча 210 долбоордун 208и боюнча өткөрүлгөн тендердерге ылайык үнөмдөлгөн каражат 127 млн 691,4 миң сомду түздү.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *