2018-жылдан тартып мамлекеттик органдардын бюджеттик программаларынын натыйжалуулугу бааланат

2018-жылдан тартып бардык мамлекеттик органдар бюджеттик программалардын натыйжалуулугунун индикаторлоруна жетишүү тууралуу отчётторду беришет. Бул туурасында Финансы министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады.

Бул 2018-жылдын 1-январынан тартып Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 87-беренесинин күчүнө киргендигине байланыштуу, анда бардык бюджеттик каражаттардын башкы бөлүштүрүүчүлөрүнүн отчётторду Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте жана мөөнөттө тапшырууга жана аларды өздөрүнүн расмий веб-сайттарына жайгаштырууну милдеттендирген норма каралган.

Бюджеттик программалардын натыйжалуулугунун индикаторлоруна жетишүү үчүн жоопкерчилик бюджеттик каражаттардын башкы бөлүштүрүүчүлөрүнө жүктөлөт.

«Ар бир министрлик жана ведомство программалык бюджеттерде белгиленген натыйжаларга жетишүү тууралуу отчётторду мезгил-мезгили менен берип турат. Буга чейин 75 бюджеттик каражаттардын башкы бөлүштүрүүчүсү бюджеттердин долбоорлорун программалык негизде беришкен, бирок буга чейин натыйжаларга жетишкендиги же жетишпегендиги үчүн жоопкерчилик мыйзамдык жактан бекитилген эмес болчу», – деп белгилейт министр А.Касымалиев.

Азыркы убакта Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтом долбоорлору иштелип чыкты жана төмөндөгү документтер макулдашуу процессинде турат:

– Бюджеттик программалардын жана чаралардын натыйжалуугунун индикаторлорун аныктоо тартиби жөнүндө нускаманын долбоору;

– Бюджеттик программалардын натыйжалуугунун индикаторлоруна жетишүү тууралуу отчётторду берүү тартиби жөнүндө нускаманын долбоору;

– Бюджеттик программалардын натыйжалуугун баалоону жүргүзүү тартиби жөнүндө нускаманын долбоору.

Натыйжалуулук индикаторлору – бул уюмдун стратегиялык жана операциялык максаттарына жетүүнү аныктоого мүмкүндүк берүүчү реалдуу өлчөнө турган көрсөткүчтөр.

Мындан ары программалык бюджеттердин долбоорлору жана башкы бөлүштүрүүчүлөрдүн, анын ичинде башкы бөлүштүрүүчүнүн Коомдук кеңешинин өкүлдөрүнүн (бар болгон учурда), натыйжалуулук индикаторлору ар жылы 1-августтан кеч эмес мөөнөттө коомдук талкууга алынат.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *