2019-жылы өлкөбүздө жер титирөөлөрдүн күч алышы күтүлүүдө

Бишкекте «Илим, мамлекеттик бийлик бутактары жана коом – жер титирөө коркунучунун алдын алуу үчүн бирдиктүү аракеттер» аталышындагы эл аралык семинар өтүп жатат. Ага кыргыз окумуштууларынан сырткары Азербайжан, Улуу Британия, Германия, Индия, Индонезия, Непал, Орусия, Украина, Түштүк Корея , өлкөлөрүнөн келгер адистер дагы пикир алмашып, кызуу талкуу жүрүүдө. Улуттук илимдер академиясынын алдындагы сейсмология институтунун директору Канатбек Абдрахманов Кыргызсганда жылына орточо эсеп менен 8 миң жер титирөө катталарын билдирди.

«2019-жылы Кыргызсганда сейсмикалык активдүүлүк күчөшү болжолдонууда. Күчөйт деген сөз – күчтүү жер титирөөлөр катталат дегенди билдирбейт. Ошол жылы көп сандагы жер титирөөлөр болушу мүмкүн. Өлкөбүздө жылына орто эсеп менен 8 миңге чукул жер титирөө катталат. Ал эми 2015-2016-жылдары анын саны 13 миңге жеткен» деди ал.

Булак: “Азия Ньюс”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *