22 жаштагы Израилдин жараны Сары-Челек коругунан изделүүдө

22 жаштагы Израилдин жараны Сары-Челек коругунан изделүүдө. Бул туурасында ӨКМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Сары-Челек коругунда Израил мамлекетинин жараны, 22 жаштагы кыз дайынсыз жоголгон. 26-сентябрда саат 13:55де издөө-куткаруу иштерин жүргүзүү үчүн КР ӨКМнин Таш-Көмүр шаарындагы №2 издөө-куткаруу отрядынан 10 куткаруучу жолго чыккан, бирок жыйынтык болгон эмес. Издөө иштери бүгүн, 27-сентябрда улантылат.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *