Фото – Канадада 27 аялы, 149 баласы бар киши жазаланды

Канадада көп аял алгандыгы үчүн 61 жаштагы жаран жазаланды. Уинстон Блэкмор 27 аял алганга жетишип, жалпы 149 балалуу болгон. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыкты.

Уинстонду көп аялдуулугу үчүн күнөөлүү деп таап, аны 6 айга үй камагына жана 150 саат коомдук жумушка тарткан.

Ал эми Уинстондун 53 жаш­тагы күйөө баласы Джеймс Олер беш аял алгандыгы үчүн, 3 айга үй камагына кесилип, 75 саат коомдук жумушка тартылган.

Блекмордун аялдарынын эң жашы 15 жашта болгон.

Көп аялдуулардын басымдуу бөлүгү Баунтифул аймагында жашайт. Ал жер көп аял алууну жактоочулардын – мормондордун шаарчасы болуп калган.

 Булак: “Багыт” 

 

 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *