Кыргызгидромет: 5-марттан 9-мартка чейинки аба ырайы

2016-жылдын 4-мартынан 6-мартына абанын температурасынын жогорулашына байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош (121-137, 198-265 чакырымдары), Ала-Бука-Канышкыя (62-100 чакырымдары) жана Красная-Горка-Ак-Таш (1-10 чакырымдары), Каракол-Эңилчек (45-90 чакырымдары) жана Казарман-Акталчат (67-94 чакырымдары) авто унаа жолдорунда кар көчкү түшүүсү жана кар күрткүсү сакталат, жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.Бул тууралуу КР ӨКМнин басма сөз кызматы билдирди.
Бишкек шаарында 5-март күнү жаан-чачын күтүлбөйт. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге чейин жетет. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 2…4° жылуу, күндүзгү жогорку температурасы 21…23° жылуу болушу күтүлөт.
Ош шаарында 5-март күнү жаан-чачын күтүлбөйт. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге чейин жетет. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 6…8° жылуу, күндүзгү жогорку температурасы 21…23° жылуу болушу күтүлөт.
5-март күнү жаан-чачын күтүлбөйт. Тоолуу аймактардын автожолдорунда жолдор тоңголок, тайгак болот. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге чейин жетет.
6-7-март күнү жаан-чачын күтүлбөйт. Бийик тоолуу аймактардын автожолдорунда жолдор тоңголок, тайгак болот.Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге чейин жетет.
8-9-март күнү жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы дээрлик өзгөрүлбөйт.
 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *