400 тонна алтындын пайдасы кимге тийди?

Кызык. 1995-жылдан бери бир эле “Кумтөрдөн” 400 тонна алтын өндүрүлүптүр. Бирок, ошонун канча тамчысы кыргыз элине пайдасы тийди деген суроо берилбей койбойт. Деги алтындан кимдер маарып, кайсыл качкындар байлыктын кучагында калды? Балким, Аскар Акаевдин небере-чеберелерине жете турган алтыны бар чыгар? Турсунбек Чынгышев, Танаев, Муралиев дегендердин салаасынан эмдигиче алтын куюлуп турабы деп толгонгондор жок эмес. Тилекке каршы алтынды өөнөгөндөр дале болсо сыйлуу төрдө отурушат. Ал тургай ошол элдин ырыскысын жулуп алгандардын асыл кеңештерине зар болгон башчылар бар экени талашсыз.

Кыргыз жергеси байлыкка бай экени белгилүү. Бирок, акыркы убакта алтынга караганда келечегибизге санаа тарткандар арбып баратат. Мурда кыңк эте албагандар жоголуп ордуна көз карандысыз азаматтар жетилип чыкты. Ошол үчүн өз элинин келечегине кам көрүп, алтын казууга каршы тургандардын армиясы өсүп чыкканы кубанарлык. Чынында бизге алтындын жарыгы тийбесин ачык билдик. Алтын кээ бир менеменсинген чиновниктердин олжосу болуп калат экен. Демек, бир ууч жегичтердин кызыкчылыгына каршы туруп, табигатыбызды сактап калышыбыз абзел. Аң-сезимдүү жаштар мындай демилгеге кайдыгер болушпайт деген ишеним бар.

А. Дарманкулов

Булак: “Ачык сөз”

2 comments

  • ЭМИ АЙТА БЕРСЕ АРМАН көп . КУМ ТӨР ДУН 32 ПРОЦЕНТИ ЧОҢДОРГО АКЦИЯГА САТЫЛГАН ДЕП ЖУРУШӨТ. ОШОНУН АКЧАСЫ ЭЛЕ БИЗДИН ӨЛКӨНУН КАРЫЗЫН ТӨЛӨП КОЕТ.АНДЫКТАН ОШОЛ АКЦИЯ КИМДЕРДЕ ОШОНУ БИЗДИН ПАРЛАМЕНТ КАЙТАРА АЛАБЫ, КЕП ОШОНДО .Акаев, Бакиев, Атамбаев , Танаев
    ж.б уурдагандарын мындай коюп !!!!

  • Арман says:

    Алтында Акаевден баштап акыркы вткае минерлерге чейиндердин улушу бар.ага эя кимдинн тиши отпойт

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *