Афганчылардын ичинен 46 жасалма афганчы табылды

Аскер прокуратурасы Ош шаарынын, Ноокат, Кадамжай, Кара-Суу райондорунун аскер комиссариаттарына иш козгоду. Башкы прокуратурадан билдиргендей, аларга 304-статья кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу, 315-статья жасалма доку­мент даярдоо, 166-статья алдамчылык боюнча кылмыш иши козголду. Текшерүү убагында белгилүү болгондой, комиссариаттагы лөктөр айрым бир жарандар сүйлөшүп алып, ал жарандарды Афган согушуна катышты кылып документтерин жасашкан. Ал шылуундар 46 адамга Афган согушуна катышкан деген күбөлүк, ырастама беришкен. Жасалма документтерди алган эргулдар уялбастан, ушул күнгө чейин мамлекет тарабынан чегерилген ай сайын 6 миң сом акча каражатын алып келишкен. 2010-жылдан 2017-жылга жасалма афганчылар мамлекетти 23,7 миллион сомго чыгашага кириптер кылган.

Булак: Фабула 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *