Ар биринин наркы 5 миң доллардан турган 10 асыл тукум жылкы жоголду

Чүй облусундагы Кемин районунда 10 жылкы жоголду. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Берилген маалымат боюнча, 19-октябрда Ильич айылынын 62 жаштагы Б.Л тургуну арыз менен кайрылган. Анын 10 жылкысы жоголгон. Учурда 4 жылкысы табылган.

Ал эми жылкычынын Милана аттуу кызынын айтымына караганда аттар 17-18-октябрь күндөрү жоголгон.

“Жылкылар жайлоодо оттоп жүрүшкөн. Ошол күнү кар жаап жылкыларды мен карап жүргөм. Ата-энем шаарга кеткен. 18-октябрь күнү эртең менен сабакка кетип бара жатып 5-6 жылкыны көрдүм. Калгандары оттоп жүргөндүр деп ойлоп кете бергем. Мен кеткенден кийин жоголушту окшойт”, – деди ал.

Жылкычы С.Ибрагимовдун өзүнүн айтымында ар бир жылкы 5 миң доллардан турган асыл тукум аттар болгон.

“Уурулар биздин издеп жатканыбызды билип 4 жылкыны кое берип жиберишти болуш керек. Биздин баамыбызда азыр алар Казакстан тарапта. Бирок чек ара кызматкерлери эч кандай жылкыларды көргөн жокпуз деп жатышат. Бирок ошондой эле биз күмөн санаган адамдар бар”, – деди жылкычы.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *