“Ата керээзи” тасмасы Италиядагы кинофестивалда эки номинация боюнча жеңишке жетти

“Ата керээзи” тасмасы Италиядагы кинофестивалда эки номинация боюнча жеңишке жетти. Бул тууралуу Кинематографисттер союзунан билдиришти. Маалыматка ылайык, «Аукания» аталышындагы кинофестиваль 9-августтан 13-августка чейин Маркония шаарында өткөн. Ага Кыргызстандын атынан Бакыт Мукул менен Дастан Жапар уулунун «Ата керээзи» тасмасы катышкан. Сынакта режиссерлордун эмгеги «Мыкты сценарий» жана «Мыкты толук метраждуу фильм» номинациялары боюнча байгеге татыган.

Андан сырткары, иш-чаранын уюштуруучулары аталган тасманы Венецияда өтө турган эл аралык кинофестивалга катыштырууга жана көмөктөшүүгө жардамдашат.

Булак: “Де-Факто”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *