Кар жаады, Сахарада, аппак жаады…

Жакаңы кармабасаң да, таң калууга жетелеген сейрек окуялардын бири болуп  Сахара чөлүнө күтүүсүз кардын жаашы болду. Бурганак таң эрте чөлдүн түндүк жагындагы Айн-Сефр шаарына жакын жерде башталып, кар жаай баштаган. Жааган кардын көлөмү да бир топ эле болуп, калыңдыгы 40 сантиметрди түзгөн, бирок күндүн соңу эрий баштаган. Бул чөлкөмдө январь айында такай 6-12 гра­дус жылуу болору бар.

Айтчу нерсе, мындай окуя биринчи жолу катталган жери жок. Өткөн жылы да кар жааган. Бирок ошого чейин 1979-жылынын февраль айында гана кар жааганын бүгүн эскерип айтып жатышат.

Просто Шер

Булак: Кабар

 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *