9 мамлекетке Кыргызстан элчилери дайындала элек

ТИМдин берген маалыматы боюнча учурда 9 мамлекетге Кыргызстандын элчилери дайындала элек. КР президенти Сооронбай Жээнбеков 4-декабрда бир катар мамлекеттердеги элчилерди алып, айрымдарына кайра жаңыларын дайындады. Атап айтканда, Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Ибрагим Жунусов кызматынан алынып, Өзбекстанга элчи болду. Түркмөнстандагы элчи Жаныш Рүстенбеков Тажикстанга элчи болуп дайындалды. Андан сырткары, Кыргызстандын Кытайдагы элчиси Азамат Усенов да кызматынан алынды. Кыргызстандын чет жакта 36 дипломатиялык өкүлчүлүгү бар.

Булак: «Азия ньюс»

 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *