Токтосун Арзыгулов, актер: Бирназаров сени киного башкы ролго тартат экен десе, такыр ишене алган жокмун…

Эртең кыргыз коомчулугу көптөн бери күтүп келаткан “Кош келиңиз, президент мырза!” аттуу көркөм тасма өлкөбүздүн бардык кинотетарларында көрсөтүлүп баштайт. Бул кинону айтылуу режиссёр Темир Бирназаров тартканын билебиз. Кинонун аты эле айтып тургандай, саясый темада. Темир мырзанын өзүнүн буга чейин бизге берген маегинде айткандай: “Бул кино жеке эле Кыргызстандан качып кеткен президенттерге гана тиешелүү эмес, дүйнөдө өз өлкөсүнөн качып кетишкен 27 президент бар экен. Мына ошолордун баарына арналды”. Мына ушундай. Ал эми бүйүрдү кызыткан кинодо башкы ролду, тактап айтканда качып кеткен президенттин ролун ким ойногону баарыбызга эле кызык эмеспи. Ал актёр буга чейин коомчулукка анча таанымал эмес, бирок маданият тармагында эмгектенип келген Токтосун Арзыгулов деген байке. Биз ал актёр менен жолугуп, бул кинодо аткарган ролу жана өзү тууралуу маектештик.

Токтосун байке алгач окурмандарга өзүңүз туралуу айтып берсеңиз?
Мен быйыл туура 60 жаштын астанасын  аттап олтурам. Жердигим Нарындан болгону менен ал кездеги Фрунзе шаарында туулгам. 1976-жылы орто мектепти бүткөндөн кийин Мураталы Куренкеев атындагы музыкалык окуу жайга тапшырдым. 1977-жылы аскерге, Белорусияга кеттим. Мен кызмат өтөгөн Танк боюнча аскердик бөлүк болчу. Мен механик-айдоочу болуп, физикалык оор жумуштан кыйналып калдым. Музыканттар жакшы түшүнөт. Ошонун айынан музыкада 16 -нотаны ойной албай калдым. Агайым ошонун айынын “кой, музыкада ийгилик жарата албай калдык” – дегенден улам, музыкалык окуу жайда окуумду уланта албай калып, Искусство институтуна тапшырып, ал жактан билим алып чыктым. Андан кийин Жумгалга барып, ошол кезде аты дүркүрөп чыгып жаткан “Бекбекей” ансамблине кирип, 1985-жылга чейин иштеп калдым. Бир жылдай 1990-жылдары Нарын облустук Муратбек Рыскулов атындагы музыкалык драма театрында иштедим. Негизи мен театрдан көбүнчө эпизоддук ролдорду аткардым. Негизинен элди маданий жактан тейлөө деп көп учурда өлкө боюнча гастролдо болчубуз. Театрларда ал кезде статусу чоң, атактуу артисттер көп эле. Башкы ролдорду көп учурда ошолор ойношчу. Бирок менин кебете-кешпирим деле башкы ролдорго көп жараша бербейт деп да ойлочумун.

—Эгемендүүлүк алган жылдардан кийин чыгармачылык жолуңуз кандай болду?

—1990-жылдардан кийин жалпы мамлекетке, ар бир адамга эле кыйын болду. Жеке жашоомдо дагы кыйынчылыктар орун алды. Аялым менен ажырашып, жашоомдо дагы өйдө-төмөн болуп калды. Театрга кирейин десем, айлыктары да абдан аз болду. Бир топ жыл бош да жүрүп калдым. Маданият тармагында баш-аягы 18 жыл иштедим. Театрга иштегим келет. Бирок айыл жергесиндеги эле театрла иштесем дейм. Анткени, шаарда жашоо оор. Ал эми чоң театрда иштеш да кыйын. Өзүң деле билсең керек, ал жерде интрига күчтүү. Мен андай интригага чыдай албайм. Бир кызым бар. Неберелүү болгом. Ошентип, жашап жатабыз буйруган күндү көрүп.

—Кыргыздын чоң режиссёру Темир Бирназаров сизди өзүнүн “Кош келиңиз, президент мырза!”-деген көркөм тасмасына кандайча тартып калды? Болгондо да башкы ролду ойнопсуз. Мен билгенден Темир байке, оңой менен режиссёрлорду, актёрлорду жактыра бербейт, ошондой эле кинодо талапты катуу коёт жана көбүнчө дасыккан актёрлор менен иштешип келет…

—Туура айтасың, Темир кинодо талапты катуу коёт экен. Аны менен мурун тааныш эмес элем сыртынан гана билчүмүн. Мен Нарын театрына барганча Темир ошол театрда иштептир. Ал кеткенден кийин мен иштеп калдым. Темир Алматыда окуп жүрүп, каникулга келген учурда Нарын театрына кирип калып, ролго даярданып ойноп жатканымды көрүп калыптыр. Ролдо шымым сары болуп, анан кулис дагы сары экен. Экөөбүздү салыштырып басып кетип калыптыр. Негизи ал жери сценарийде жок болчу мен өзүм кошуп койгом. Мына ошол кичинекей эле ньюанс Темирдин эсинде калыптыр Темир бул кинонун сценарийин бир канча жыл жазыптыр. Башкы ролго ылайыктуу кишини да көп издеген экен.  Кыргыз Республикасынын Эгек сиңирген артисти Акылбек Мураталиевге сунуштаса, ал киши кайсы бир себептер менен баш тартыптыр. Бир күнү мен эсине түшүп, актёр Бакыт Мукулга айтып “Тап” дептир. Бакыт мени тапты. Мага “Токо, Темир Бирназаров сени киного тартканы жатат” – деди. Чынында аны укканда ишене алган жокмун. Темир: “Байке сизге токтолдук, бекиттик” -деп сценарийди берди. Окуп, макул болуп келген жолум менен кеттим. Бирок чынын айтайын, аялдамага барып алып, кечке ойлонуп, тамекиден улам дембе-дем чегип, ары-бери эле баса бердим. “Менде ар жок турбайбы. Чон, роль сунуштап жатса, эч ойлонбой эле макул деп койдум. Ишеничти актай аламбы? Колумдан келеби?”-деп аябай кыжаалат болдум. Билбейм канча убакыт өткөнүн айтор бир кутуча тамеким дээрлик түгөнүптүр. Кой, кайра барып, баш тартайын дейм. Анан кайра ойлондум. “Бир мүмкүнчүлүк берип жатса, колдон чыгарбайын, өзүмдү көрсөтөйүн. Ишеничти актайын” – деп бир чечимге келдим. Чынында эле абдан кооптонуп, абдан кыжаалат болдум. Сценарийди былтыр февраль айында алып, даярдана баштадым. Дагы жардам иретинде президенттердин баскан-турганы жана башка тууралуу жазылган дискти берген. Аны да улам көрүп, психологиялык жактан да даярдандым.

Ушул кинонун кайсыл жерлерин аткаруу сизге кыйын болду? Жан дүйнөңүзгө оор эле болду да.

—Кино жалпысынан 6 ай тартылды. Мен эми карапайым үй-бүлөдөн чоңойгом. Төбөлдөрдү тууроо жагы да кыйын болду. Анткени өзүмдүн табиятымдан бүкүрүрөөк жагым да бар. Кинодо бүкүрөйбөй, тыкыйып басып тартылуу керек болду. Бирок качып кеткен президент Кыргызстанга бетин пластикалык операция жасатып алып келди да. Келгенде президенттин эмес, карапайым адамдар менен жүрүп, карапайым адамдын ролун ойнодум да. Мына ошол жагы мага жеңил болду. Мен аткара турган көп эле оор жерлери болду. Мисалы, агасына топурак сала албай калган да, мүрзөгө барып, ошол жерин аткаруу, өзүнүн жанын кыя албай кыйналганы, айтор көп эле. Абдан кыйналган учурларда жаналекетке түшүп: “Мен силердин президентиңермин!”- деп айтып жиберип  жатты да. Анткени, сыйлашабы деп ойлогон да. Сыйламак кайдан, элде ыза, кыжырдануу бар да. Кайра тескерисинче болуп жатты да. Себеби, өзү, бала-бакырасы элге канча кордук көрсөтүп кетти. Ошонун баарын кайра өзү элден көрөт да. Кыскасы, бул киного болушунча дараметимди жумшадым. Кандай аткардым, аны эл баалайт. Көп тааныштарым: “Сен чын эле киного тартылдыңбы, же жөн сага окшош адамбы, үзүндүсүн көрүп жатабыз, айтып койбойт белең деп чалып жатышат.

А мени менен бул кинодо Эмгек сиңирген төрт артист ойношту. Алардан да тартынып, сүрдөгөн учурлар болду.
Мурат Мамбетов, Эгемберди Чалабаев, Саира Мырзалиева, Таалай Касымалиев, Бакыт Мукул, Аскат Сулайманов ж.б. роль жаратышты. Бул кинону комедия катары кабыл албашы керек. Комедия жагына басым жасалган жок. Бирок турмуштук жагдайларынан улам кээ бир эпизоддор күлкүлүү болду. Менимче, бул кино түпкүлүгү трагедия жанрында да.

Темир Бирназаров: “ Бул кинонун саясый ж.б. жактарын ойлоп тартылуудан баш тарткандар болду. Кооптонушту го”- деп айтты эле. Сиз бул жагынан кооптонгон жоксузбу? Кино чыккандан кийин алда кандай болуп калат депчи…

—Мен антип деле кооптонгон жокмун. Башка салганын көрөбүз да. Чынында мен бул кинодо ролду жан дилим менен ойнодум. Эл менен бийлик кандай кабыл алат, ал өздөрүнүн иши да. Бул көркөм тасма. Мен өз талантымды көрсөтүп, роль аткардым. Болгону ошол. Эч кандай коркок билишим жок. Темир мага “Белгисиз маршрут” деген киносу чыккандан кийинки талкуунун бирин мисал кылып айтып берди да. Ал кинону адегенде көргөндө көп адамдар терең түшүнө албаптыр да. Кийин бирөө Темирге кайрылып, кино тууралуу мындай оюн айтыптыр: “Сиз абдан көйгөйлүү маселени көтөрдүңүз. Биздин айылга автобустар каттабайт. Автобус тууралуу кинону ырас эле тарттьiңыз”- дептир. Мына көрдүңүзбү. Ушул сыяктуу эле. Бул кинону балким бир көргөндө ар ким өз деңгээлине жараша кабылдайт. Бирок түпкүлүгү баары эле жакшы түшүнүп, жакшы кабыл алат деген ойдомун. Анткени, бул кинодо жөнөкөй маселе эмес, биздин тарыхыбыз, саясатыбыз, улут маселеси козголду да.

—Актёрдун жылдызын бир эле кино жандырып коюшу толук мүмкүн да. Дагы киного тартылууга сунуштар түшсө баш тартпайсыз да?

—Баш тартпайм. Колдон келишинче ойноп берем. Негизи мен турмушта тамашакөй адаммын дебедимби. Мага комедия жанры жагат. Комедияга киного тартылуу сунуш кылып калышса, жан дилим менен чачылып ойноп берет элем.

Маектешкен: Айбек ШАМШЫКЕЕВ

Булак: “Багыт

 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *