Академик Абдылдажан Акматалиев: Айтматовго бөлүнгөн каражатты күтүп жатабыз

-Ошентсе да сиз менен Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгына байланыштуу айрым бир суроолорду бергим келет. Айтматов тарыхка кызыкканбы?

– Албетте! Тарыхый чыгарма жазбаса да, аны жакшы билген. Алгачкы чыгармаларын эле алалы, «Ботогөз булак» аңгемесинде каарман Кемел дөбөдө турган Таш-Бабаны көрүп, агроном «Сорокинден аны ким койду экен?» – деп сурайт эмеспи! «Калмактар болсо керек» – деген жообуна карата каршы пикирин билдирип, «Батышка жортулдап бара жаткан монголдор тургузса керек» – дейт. Айтматовдун Чынгызхандын атын ачыктан-ачык айтпаса деле, ошондо эле байыркы кыргыздар менен монголдордун тарыхына кызыгуусу зор болгондугун билсе болот. Энисейден Тянь-Шанга кыргыздардын көчүп келүү жөнүндөгү көз карашы бир чети «Манас» эпосунун окуясы менен үндөшүп турса, экинчиден, ушул ойду улап «Ак кеме» повестинде Бугу-Эненин кыргындан аман калган балдарды Ысык-Көлгө алып келүүсү менен чагылдырбады беле?!

-Айтматов өзүнүн чыгармасын өзү кайталап окуп турса керек.

– Мен да ойлоп кетем, жазуучу өзүнүн төл чыгармаларына улам кайрылып турган окшойт. Бул бир чети мурда жазылган окуяларды кайталап калбаш үчүн болсо, бир чети ошол айрым ойлорду тереңдетүү максатында болсо керек. «Бетме-бет» повестине ушундан улам кошумча… жазган.

Мисалы, Танабай, Эдигей, Бостон деген каармандар бири-бирин толуктап, жалпылап турат. Бирок ар бири өзүнчө көркөм образ. Чыгармалардагы жырткыч, жырткыч эмес жаныбарлар да бирдей – Гүлсарат – Бугу-Эне – Акбара – Таш-чайнар -Жаабарс көркөм-эстетикалык функцияны аткарып жатат. Булардын да өзгөчө айырмачылыктары бар. Айтматовдун бөтөнчөлүгү ушунда турат дейсиң, ал ар бирин кайталангыс көркөм образ катары жараткан чеберчилигинде. Мына дагы бир мисал, Манас эпосуна чыгармаларында бир нече жолу кайрылып келсе да кайталоо жок, улам-улам жаңы ойлорго туш келесиң. Анын үстүнө Айтматов өзүнүкүнөн башка дүйнөлүк адабиятты, тарыхты, философияны ж.б. көп окуган окурман.

– Чыңгызхандын образын повестинде өтө көркөм ачып берген эмеспи. Бир маегиңизде «Чыңгызхан жөнүндө материал, китептерди сурады эле» – деп айтканыңыз бар.

– Ооба, «Чыңгызхандын ак булуту» повестин өз алдынча кылып эң алгач жолу биз, 1989-жылы жаңы түзүлгөн «Баласагын» деген басмадан чыгарган элек. Москвалык «Планета» басмасы менен бирдикте чыгарманы басмага даярдаганбыз. Эсимде, ошондо мен Москвага барып, Чыңгыз агайдан басууга уруксатын алып келген элем. Белгилүү адабиятчы, айтматовтаануучу Георгий Гачев чыгармага баш сөз жазып берген болчу. Повесть жарык көргөндөн кийин Чыңгыз агай «Чыңгызхандын өлүмү тууралуу материалдарды жыйнап бересиңби?» – деп өтүнүч кылды. Мен илимдер академиясынын китепканасынан Чынгызханга жана монголдордун тарыхына байланыштуу «Алтын тобчи», Тизенгаузен, Рашидь-Эддин, «Мэн-да-бей-лу», «Юань-ши» ж.б. бир топ китептерди таап, алып берген элем. Кийин китептерди сурасам, «Батышка ала кеттим эле» – деди. Бирок чыгарма жаралган жок, анын ордуна өзү айткандай, «Кассандра тамгасы» деген мурдагы чыгармаларына таптакыр окшошпогон роман пайда болду.

Чыңгызханга мурда эле 60-жылдардын аягында жарык көрбөгөн «Жер жана чоор» чыгармасында кайрылган экен. Чыңгызхандын энеси «Огулайдын ыйы» деген легендага кайрылып, анда жаш Темучин (Чыңгызхан) бир тууган агасы Бектер менен уруша кетип өлтүрүп коёт. Айтматов ошондо эле легенда аркылуу жана Чынгызхандын бийлик үчүн күрөшкөн катаалдыгын, өзүмчүлдүгүн, энесинин каргышын көрсөткөн болчу. Анан көп жылдардан кийин «Ак булут» повестинде кайрылып отурбайбы. Айтматов өзүнүн чыгармаларын кайталап окуп тургандыгына дагы бир далил ушул.

– Огулай эненин каргышы Чыңгызханга тийсе керек, жазуучу чыгармаларында элдик салтка ылайык ак бата менен каргышка да терең маани берсе керек?

-Жазуучу албетте, турмушта нечендеген ар түрдүү жаштагыларга бата берген, ал эми чыгармаларында аларды окуяларда өзүнүн зарылдыгына жараша пайдалангандыгын көрөбүз. «Бетме-бет» повестинде фронтко кетип бара жаткан жаш жигиттерге аксакалдар «Оомийин! Арбак, Кудай колдосун, жеңип келгиле» – деп баталарын беришет.

Алтынай болсо жеңесин «Ылайым убалым сага жетсин» – деп каргайт. Толгонай дезертир Жекшенкул элден чогулган үрөндү уурдап кеткенде, «Адам болуп дүйнөгө жаралбай эле койбойсуңарбы»-дейт эмеспи!

Мына бул эле мисалдардан каармандардын бири-бирине карата айтылган каргыштарына күбө болдук. Көрсө, бата түшүнүктү, ал эми оң образдардын каргыштарында терс көрүнүштөрдү айыптоо, эл-жерди ойлоо камтылып, алардын тууралыгын бекемдөө турбайбы!

Сүйүнчүнүн өзү чоң кубаныч да. Чыгармада Ильяс балалуу болгондо, ал эми Субанкул үйлөнгөндө жетине албай асман тиреген тоолорго, жаркырап тийип турган күнгө сүйүнчүлөшөт эмеспи! Дегеле Айтматов кыргыз элинин каада-салттарын, үрп-адаттарын эң жакшы билүү менен бирге, чыгармаларында кеңири пайдаланган.

– Көпчүлүк учурларда жазуучунун жаныбарлар дүйнөсүнүн ирилерине Гүлсарат, Бугу-Эне, Ташчайнар, Акбарага көңүл бурулуп, чыгармаларындагы башка майда-чүйдө сүрөттөөлөр көз жаздымда калгандай…

– Айтматов жаныбарлар, айбанаттар дүйнөсүн жакшы көрөт, адам турмушунун окуяларын алар менен параллель сүрөттөө менен подтексттик кеп маанилерди ачып берет. Кээде аларды пейзаждык фондо да колдонот. «Ботогөз булак» аңгемесинде Кемел толукшуган ай-күнүндө айдоо аянтынан жейрендерге туш келет. Эки
жейрендин ай шооласына күмүштөнгөн соорулары, кулак серейте элеңдеши, ай нуруна чагылышкан көздөрү, айтор баарын, ошол учурда жазуучу көз алдыга элестүү сүрөттөгөн.

«Асма көпүрөдө» болсо эки бүркүт каалгып асманда эркин учуп жүрүп, качып бараткан Нурбекти көрүшүп, зоо башындагы уяга, балапандарына кол салбасын деп ойлошот. Бүркүт деген душманы менен ачык согушат, бийиктиктен качырып боюн таштайт. Жазуучу бүркүттөрдүн күчтүүлүгүн, адамдын алсыздыгын, кайратсыздыгын салыштырып чагылдырат.

Асманда тизилип учкан каркыралар, көл бетинде сүзүп жүргөн ак куулар, деңиздин толкунуна аралашкан киттер, түндөсү көрүнгөн үкүлөр, темир жолду бойлоп жүргөн түлкүлөр, бийиктиктен көз салган бүркүттөр, үмүт-кыялдагы балыктар – баары Айтматовдун чыгармаларын көрктөндүрүп турат.

– Жазуучу согушка катышып, Мекенди коргогондорду, ошону менен бирге дезертирлерди да жазбадыбы…

– Ооба! Мекен деп Субанкул, Касым, Майсалбек, Жайнак өмүрлөрүн кыйышпадыбы! Алар тууралуу адабий анализ жасоодо бир топ эле жазылды. Бирок ошолордун катарында «Бетме-бет» повестинин каарманы Байдалы айтылбай жүрөт. Жазуучу бул образды түзүүдө төшүн дзотко тоскон Чолпонбай Түлөбердиевди эске алса керек деп ойлоп кетем. Анткени повестте да совет аскерлери Волганын боюнда душмандын мина орнотуп койгон тикенектүү зымдарынан өтө албай чабуул токтолуп, эч бири даабай Байдалы зым торго боюн таштап, аскерлердин чабуулуна жол ачып берет эмеспи. Бул көрүнүштүн өзү ачыктан-ачык эле Чолпонбайдын эрдигин, баатырдыгын элестетет. Балким, 50-жылдарда Чолпонбайды түздөн-түз чагылдырууга идеологиялык жактан батына алган эместир. Себеби жазуучу биринчиден, Чолпонбайдын эрдиги Александр Матросовдон мурун болгондугун билсе керек. Экинчиден, чыгарманын башкы каарманы дезертир Исмаил болгондуктан, бул да жазуучунун эрдиги, көңүлдү терс каарманды эмне болсо да сактап калууга буруп, Александр Матросовдон мурун Чолпонбайды жазуу саясий жактан туура эместигин түшүнүп, Чолпонбайдын элесин жымсалдап берүүнү туура көргөндүр. Бул эми менин ой-жорумум.

-Жазуучунун жарык көрбөгөн чыгармасы «Жер жана чоор» жөнүндө сиз гана жазып келе жатасыз! Ошон-до көрсө «Каныкейдин Бухарага качышы тууралуу» окуя бар окшойт?

– Бул атайын сюжеттик окуя катары чыгармага киргизилген эмес. Баш каарман Байымбеттин ички дүйнөсүн чагылдыруу максатында күү катары колдонулган. «Гулсарат» повестинде да Танабайдын психологиясын берүү үчүн «Боз ингендин арман» күүсү ооз комузда ойнолот эмеспи. Мында кыргыздын байкркы аспабы чоор аткарылат. Аялынан ажырап, айылдан шаарга көчүп келген, аны менен кызынын да, күйөө баласынын да, небересинин – эч кимдин иши жок, кайда качаарын билбеген, айылга да, шаарга да батпай калган, жалгыздык жанына баткан Байымбет ошондо «Каныкейдин Бухарага ка-чышын» эстейт. Чоордо тартылган күү Байымбеттин алабалын подтектс түрүндө толук түшүндүрүп берет.

Айтматов чыгармаларында кыргыз элибиздин комуз, ооз комуз, чоор сыяктуу музыкалык аспаптарынын маанисине, анын сактап калуунун жолдоруна токтолот.

– Сиз бир маегиңизде «Саманчынын жолу» повести мага абдан жагат деген элеңиз?

– Ооба! Айтматовдун чыгармаларынын баары эле мага катуу таасир этет. Ал эми «Саманчынын жолуна» келеек, бул да өзүнчө көркөм дүйнө. Мен анда согуш жана тынчтык темасы ар дайым актуалдуу болуп турганда – бул чыгарманын терең мааниси түбөлүктүү, бүт дүйнөнүн элдери чыгарманы окушса, согуштун азап-тозогун, капа-кайгысын баштарынан кечиргендей болоор эле деген ойду айтайын дегем.

Жер-Энеге болгон ызаат, урмат Айтматовдо «Саманчынын жолу» повестине чейин эле башталган, ал «Асма көпүрө» аңгемесинде эле чагылдырылган экен. Баш каарман Нурбек: «Ах, айланайын гана жер! Жытыңдан садага болоюн, каражер! Сени басып жүргөнүм өзүнчө бакыт тура» – дейт эмеспи!

Жерге болгон таазим «Бетме-бет» повестинде да Байдалынын дыйканчылыгы аркылуу көрүнөт. «Дыйкан бабам даарып кеткен – жолу түшүмдүү, колу берекелүү» – дешет Байдалыны айылдагылар. Мына ушул образ «Саманчынын жолунда» Субанкулдун образы аркылуу тереңдетилип жатпайбы! «Дыйкандын энчиси – сепкен эгининде» – деп, ал күндүр-түндүр иштегенде, жылдыздуу, айлуу түндө зор дыйкандын кучагынан түшкөн дан ааламдын бир четинен экинчи четиңе саманчынын жолу сыяктуу созулуп турбады беле!

Айтматовдун чыгармаларын окуп отурсаң, адам-зат дүйнөсүнүн майда-барат маселесинен баштап, эң чоң проблемаларына чейин иреттүү, терең, масштабдуу камтылат экен. Ошол үчүн жазуучу «Канткенде адам уулу адам болот», «Адамга күн сайын – адам болуу кыйын» – деп тынчсызданып келген болчу.

-Айтматовдун чыгармаларында гуманизм маселеси эң башки орунда турат да…

– Туура айтасың. Гуманизм, боорукерлик аркылуу жазуучу дүйнөлүк мааниге ээ болуп жатат. Гуманизм идеясын ар бир каарманы көтөрүп турат. Жөнөкөй эле карапайым айылдык каармандардын жан дүйнөсүндө гуманизм идеясы сиңирилген, ошондуктан ар бир каарман дүйнөлүк окурмандарга таалим, тарбия берет. Мисалы, биздин турмуш-тиричилигибизде кездешкен кадыресе эле кайнене менен келиндин ортосундагы мамилени алалычы. «Бетме-беттеги» кайнене Бексат менен келини Сейденин, «Саманчынын жолундагы» кайнене Толгонай менен келини Алимандын мамилелери боорукерликтин бийик чокусу. Мурунку адабияттарда урушчаак кайненелер менен тили узун келиндердин терс образдары жаралып келээр эле. Айтматов ушул рамканы бузду, жаңыча көз карашты алып чыкты, кайнене менен келин бири-бири менен эне менен кызындай күйүмдүү болушту. Ал эми гуманизмди масштабдуу алганда согушту жек көрүү, бйримдикте, ынтымакта, достукта жашоо, тынчтыкты даңазалоо, ал үчүн күрөшүү, коргоо жана башка ушул сьшктуу идеялар Айтматовдун чыгармаларынын чордонун түзөт.

– Акыркы суроо менен кайрылууга уруксат бериңиз. Айтматов менен түшүңүздө жолугуп жатасызбы?

– Мурдагыдай күнүгө түшүмө кирбей калды, бирок түшүмдө жолукканда кан-дайдыр бир кеңештерди угуп калгансыйм. Мисалы, өткөн жылдын аяк ченинде вице-президенттик орунга кайра баруу же институтту тандоо маселеси туруп калды. Бул маселени чече албай аябай түйшөлдүм, Айтматовдун 90 жылдыганда кызматка которулам деп институттан кетип калуу туура болбойт болчу. Анан Чыңгыз агай түпгүмө кирди, эртеси президент М.Джуматаевге институтту тандаганымды айтгым.

Эки-үч күн мурун түшүмө катар кирди. Чыңгыз агай менен телефон менен сүйлө-шүп жатыптырмын. Алыста сапарда жүрүптүр. Мен Чыңгыз агайдын окурмандар менен кездешүү графигин жана 90 жылдык маарекесине даярдыктар жүрүп жатканын баяндап жатыптырмын.

-А чынында даярдыктар кандай абалда?

– Институтка тапшырылган иш-чараларды бүткөрүп коюп, каражаттын ачылышын күтүп жатабыз. Эң башкысы жазуучунун чыгар-маларын кыргыз жана орус тилдеринде 10 томдуктары баштаган 33 китеп чыгармакпыз. Каражатка байланыштуу азыр тендер жарыялана элек. 90 жылдыка карата институттун ремонту да токтоп турат. Эмеректер жетишпейт, терезелер жараксыз, келген конокторго уят болобуз го деп бушайман болуудабыз.

– Эмдигиче маселе чечиле элекпи?

– Каражат үч айдан бери бир мекемеден экинчи мекемеге, андан үчүнчү мекемеге жетпей ортодо жүрөт. Келип калаар деп сабырдуулук менен күтүп жатабыз.

– Күтүңүздөр. Бирок окурмандарга жазуучунун чыгармала-рынын тез жетишин каалайбыз. Сентябрь айына маараке пландаштырылса аз эле убакыт калыптыр. Маек бергениңизге рахмат!

Булак: “Фабула”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *