Шадиев мыйзамсыз салынган “Карвен” клубдун кожоюнуна “крыша” болуп жатат

УКМК суракка алгандан тартып, жүрөгү түшүп, ооруканага кире качкан Аскар Шадиевдин былыктары түгөнбөйт го, чиркиндики. Шадиевди жакындан билгендер ал тууралуу укмуш коррупциялык иштерин айтып жүрүшөт. Бизнеси өтө чоң, миллионер эмес, миллиардер. Бирок ошол байлык тазабы? Кеп ошондо эмеспи? Бул адам кызмат абалынан пайдаланып, бизнесин барган сайын укмуштай кеңейтип жатканын айтышууда. Маселен, Бишкектеги спорттук “Карвен” клубду элибиз жакшы билет. Ал адамдын ээси Генрих Балян деген адам. Бул адам Кыргызстандагы чоң бай жана чоң бизнесмендердин бири. Ысык-Көлдө да пансионаттары бар. Айрым маалыматтарда “Карвен” клубда Шадиевдин да үлүшү бар экени айтылып келет. Балян мырзанын бийликтеги ишенген адамы, бизнестеги өнөктөшү Аскар Шадиев экени көпчүлүккө маалым экен. Мына ошол Балян мырза, Шадиевге таянганбы, айтор мына ошол Токтогул-Гоголь көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан“ “Карвен” клубдун аянтын чоңойтуп, Токтогул көчөсүн жаап туруп, ал көчөнүн ордун унаа токтотуучу жай кылып алган. Жергиликтүү эл нааразылык билдирип, тиешелүү жерлерге, “Карвендин” ээсине да кайрылышкан. Балян мырза кайрылгандарга: “Бул жерде мыйзам бузуу болуп жатса, дароо алып, жолду ачып салам”-деп айткан. Бирок антип айтканы менен убадасын аткарган эмес. Учурда да жол ачылбай эле Токтогул көчөсү Гоголь көчөсүнөн нары көздөй жабылып турат. Бишкек шаарынын архитектурасы: “Жол ачылат, мыйзамсыз салынган имарат түртүлөт” дегени менен, ал маселе созулуп келатат. Эгер катуу киришсе соттошсо да, эчак түрттүрүп салмак. Бишкек шаарынын Башкы планына ылайык, жолго салынып калган “Карвенге” кошумча жайлар, имараттар түрттүрүлүп, Токтогул көчөсү ылайыкташтырылып, Торокул Айтматов көчөсүнө чейин ула-нышы керек. Бирок бул маселе дагы созулууда…

Негизи эле, башында “Карвендин”кошумча жери ошол спорттук клубдун жанында жайгашкан №65-мектептин жери болгон. Ортодо келишим түзүп, “Карвен” мектепке да пайдасын тийгизет, окуучуларды спорт менен машыктырат деген кооз сөздөр айтылганы менен, билгендер иш жүзүндө андай болбой калгандыгын айтып келишет. Акыры ал жерди “Карвен” менчиктеп алды, ошентип мектеп спорттук аянтчасы жок кур жалак калган. Мына ушундай өзүм билемдик, мыйзамсыз иштерди “кыргыздарга, Кыргызстанга боло берет”- деген Балянга окшогон бизнесмендерге сурак жокпу? Деги Кыргызстанда мыйзам иштейби? Шадиев бул маселе боюнча эмне айтат? Же адатынча актанып, чындыкты бурмалоого далбастайбы?

Булак: “Багыт

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *