А. Рузбехани: «Иран банкынын Кыргызстанда ачылышы эки өлкөнүн экономикалык кызматташтыгын жандандырмак»

1979-жылы 10-февралда Иранда элдик революция жеңишке жетишип, Иран Ислам Республикасы (ИИР) түзүлгөн. Ал эми жакында ИИР менен КРнын ортосундагы дипломатиялык мамилеге 25 жыл толду. Бул эки датанын кандай белгиленип жаткандыгы жана өз ара мамилелер тууралуу Ирандын Кыргызстандагы Толук жана Ыйгарым укуктуу элчиси Али Можтаба Рузбехани менен маектештик.

— Урматтуу элчи мырза, учурда Иран менен Кыргызстандын ортосундагы товар алмашуунун көлөмү канааттандырарлыкпы? Туризм тармагында кандай кызматташтыктар болууда жана экономиканын кайсы чөйрөсүндө иштешүүгө артыкчылык жасайсыздар?

— Эки өлкөнүн ортосунда экономикалык тармакта кызматташуу боюнча бир топ ийгиликтер жаралды. Бирок акыркы төрт жылдын аралыгында биз жалаң гана экономикалык кызматташтыктын төмөндөгөндүгүнө күбө болуп келдик. Анткен менен өткөн жылдан тартып бир гана кризистин токтогондугуна эмес, бул чөйрөдөгү өсүштөргө да күбө болдук.

Ал эми товар жүгүртүүнүн көлөмү анча чоң эмес, бир жылдык көрсөткүч болгону 22–23 млн АКШ долларын түзөт. Учурда тиешелүү документтер даярдалып, эки өлкө ортосунда товар жүгүртүүнү жогорулатуу боюнча мамлекет башчыларынын тапшырмасынын негизинде иш жүргүзүлүүдө. Бактыга жараша өткөн жылы бир топ тоскоолдуктар жоюлду. Мисалы, кыргыз тарап Ирандын жарандарына виза берүүнү жеңилдетти.

Ошондой эле бир нече жылдардан бери жок болуп келаткан банк тармагындагы кызматташтык токтоп калган ордунан жыла баштады. Эгер эки өлкөнүн ортосундагы банк кызматташтыгы кайра калыбына келсе, анда товар жүгүртүү жана экономикалык кызматташтык өнүгүүнүн жаңы жолуна түшөрүнө ишенич чоң. Башкача айтканда, Ирандын ири ишкерлери үчүн ишеним жаралат. Биз аларга өткөн жылы Кыргызстанга келип, инвестициялык мүмкүнчүлүктөрдү иликтеп, ар түрдүү долбоорлорго жигердүү катышуусуна үндөдүк. Чындап эле көпчүлүк ирандык ишкерлер Кыргызстандын экономикасы менен таанышып кетишти. Бирок алар үчүн бир гана тоскоолдук — бул банк кызматташтыгынын жоктугу жана банк операцияларын жүргүзүүнүн жоктугу болууда.

Биз жигердүү иштешип жаткан дагы бир тармак — бул Кыргызстанда өндүрүлгөн товарларды активдештирүү жана сатып алуу. Өткөн жылы Ирандын өкмөтү көптөгөн кыргыз товарларын сатып алууга уруксат документтерин берди.

— Быйыл КР менен ИИРдин ортосундагы дипломатиялык мамиленин 25 жылдыгы белгиленүүдө. Бул аралыкта саясый аренада кандай иштер жасалды?

– 25 жылдын аралыгында көптөгөн иштер жасалды, өткөн жылы эле бир нече келишимдерге кол коюлду жана алардын иш жүзүнө ашуусуна ишенебиз. Жасаган алгылыктуу иштерибиз тууралуу айта турган болсом, КРнын ТИМ менен биргеликте эки өлкөнүн расмий өкүлдөрү, эксперттеринин катышуусунда тегерек стол болуп, алар өз ара кызматташтык боюнча пикир алышып, чейрек кылымдын аралыгындагы жетишилген ийгиликтерди талкуулашты. Мындан тышкары өткөн жылы ИИРдин ТИМ башчысы Мухаммед Жавад Зариф мырза Кыргызстанга расмий иш сапар менен келип, анын алкагында КРнын экс-президенти А. Атамбаевдин, ТИМ башчысы жана Премьер-министри менен жолугушту. Өз кезегинде эки өлкөнүн дипломатиялык мамилесинин 25 жылдыгына карата Иранда да бир нече иш чаралар өткөрүлдү.

— Тилекке каршы виза маселесинде көйгөйлөр бар экендиги белгилүү…

Бул багытта да алгылыктуу иштер жасалууда. Биз учурда Ирандын ишкерлери КРнын менчик тармагы менен таанышуусу үчүн баардык аракеттерди жасап жатабыз. Бул багытта консулдук маселелер боюнча биргелешкен комиссия түзүлүп, жеңилдетилген виза берүү макулдашылды. Ал эми кыргызстандык ишкерлер же жалпы эле жарандар Иранга жеңилдетилген виза ала алышат же самолет менен түз учуп барып, аэропорттон виза алуу мүмкүнчүлүгү бар.

— Ирандын Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу боюнча пикири кандай?

— Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолун куруу долбоору Ирандын да кызыкчылыгына жооп берет жана өз кезегинде биздин өлкө бул темир жол аркылуу аймактагы ири долбоорлорду ишке ашырууну көздөп жаткандыктан, аны толугу менен колдойт.

Борбор Азия жана Афганистан өлкөлөрү менен кошуна жайгашкан географиялык ыңгайлуу абалын эске алып, Иран бул аймактагы баардык долбоорлорго олуттуу мамиле жасайт.

Мындай мүмкүнчүлүк аймактагы мамлекеттердин өз ара карым-катнашына да оң таасир бермекчи. Иран бүгүнкү күндө өзүнүн кошуналары менен темир жол долбоорлорун ишке ашырган. Жогоруда аталган темир жол долбоору боюнча жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүлөр болуп, биз аны ишке ашырууга баардык күчүбүздү жумшай тургандыгыбызды билдирип кетким келет.

— Биз билгенден Кыргызстандагы чет элдик элчиликтердин арасынан бир гана Ирандын Маданий өкүлчүлүгү өз алдынча иштерди жүргүзүп келет. Андыктан маданий-гуманитардык кызматташтык тууралуу да айтып берсеңиз.

— Ооба, Бишкекте Ирандын Маданий өкүлчүлүгү бар жана ал 2010-жылдан тартып өз алдынча ишмердүүлүгүн жүргүзөт. Кыргызстан менен маданий жана гуманитардык багытта кызматташтык боюнча көптөгөн иш чаралар өткөрүлдү. Биз бул жакшы саамалыктарды мындан ары да улантууга ниеттенебиз. Анын ичинде Кызыл Крест уюму аркылуу биз тараптан гуманитардык жардам берилген жана быйыл да ал ишмердүүлүгүбүздү улантмакчыбыз. Ушул жумада Бишкекте иран кинолорунун жумалыгын өткөрүүдөбүз. Биз дайыма кыргызстандык эксперттерди Иранга чакырып келебиз. Илимий-изилдөө борборлору жана ЖОЖдордун ортосунда да кызматташтыктар жанданууда. Ошондой эле Кыргызстандын жигердүү айымдары жана эки өлкөнүн ММК өкүлдөрүнүн жоон тобунун иш сапарын уюштуруу пландаштырылууда. Өз кезегинде биз Кыргызстандын ЖОЖдору менен кызматташтыкты өнүктүрүүдөбүз: Иранда билим алууга гранттык орундар берилет, Элчилик КРнын университеттерине техникалык көмөк көрсөтүү ишин улантууда.

— Кыргызстан ЕАЭБдин мүчөсү болуп саналат, өз кезегинде Иран бул Союз менен кызматташуу кызыкчылыгы бар экендигин билдирген. Азыркы учурда ИИРдин аталган маселе боюнча пландары кандай?

— Жалпы планда алып караганда, Иран аймактык алкактагы интеграцияны дайыма колдоп келген. Биз интеграция дайыма кандай гана мамлекетке болбосун пайдалуу деп ойлойбуз. Биз өзүбүз да бул уюмга мүчө болууга кызыгабыз жана мындай процесстерге көмөк көрсөтүүгө даярбыз. Мисалы, Иран ШКУга толук укуктуу мүчөлүккө талапкер болуп саналат жана ЕАЭБ алкагында да кызматташтык менен өнөктөштүккө даяр экендигин билдирет. Азыр аталган уюмдун долбоорлоруна катышуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүүдө.

— Товарларды андан ары ЕАЭБ рыногуна экспорттоо үчүн кыргыз-иран ишканаларын түзүү боюнча биргелешкен долбоорлорду ишке ашырса болобу?

— Баардык биздин пландарыбыз жогоруда айтылгандай, айланып келип эле банк операцияларын кандай жүргүзүүгө жараша болот. Мындай механизмдердин бири Кыргызстанда иран банкын же эки өлкөнүн биргелешкен банкын түзүү болуп саналат. Эгер ушул максатыбыз ишке ашса, анда Ирандын банктары КРда өзүнүн филиалдарын ачууга кызыгып, андан ары биргелешкен ишканаларды жана инвестициялык фонддорду түзүүгө болот. Биз баардык чөйрөлөргө пайдасы тие турган, анын ичинде биргелешкен ишканаларды ачуу боюнча баардык демилгелерди колдойбуз. Сиз, сыягы Ирандын инженердик-техникалык кызмат көрсөтүү боюнча компаниялары көптөгөн дүйнөлүк долбоорлордо алдыңкы болуп таанылгандыгын билсеңиз керек. Бул компаниялар КРдагы инфраструктуралык долбоорлорго катышууга даяр, эгер алар инвестициялык долбоорлорго кызыкчылыгын сезишсе, анда бул көптөгөн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү алып келет.

— Иран 37 жылдык сырткы санкцияга карабай, илим, техника тармагында алгылыктуу ийгиликтерге жетишкендигинен кабарыбыз бар. Ал эми байыркы Персия да медицинанын да мекени катары, бүгүнкү күнгө чейин даңкталып келет. Балким, бул багытта да кызматташтык пландары бардыр?

— Эң туура айттыңыз. Иран өзүңүз белгилеген сырткы чектөөлөргө карабастан, илим-билим, инженерия жана медицина боюнча артта калмак турсун, кайра алдыга озууда. Азыр гендик инженерия, сапаттуу жана арзан дары-дармектерди өндүрүү боюнча дүйнөдө алдыңкы орундарды ээлейт. Эгер Кыргызстан менен кызматташтык тууралуу айта турган болсом, өткөн жылы Ирандын саламаттык сактоо министри баш болгон делегация Бишкекке келип, кыргыз кесиптештери менен өз ара кызматташтык боюнча тиешелүү документтерге кол коюп кетишти. Ал эми жакында кыргызстандык медиктердин жоон тобу да Иранда болушуп, жетишилген макулдашууларды бышыктап келишти. Буюрса, келечекте биздин өлкөнүн фармацевттери тарабынан чыгарылган арзан жана ошол эле учурда сапаттуу дары-дармектер Кыргызстанда пайда болоруна ишенебиз. Мындан тышкары медициналык туризм ыкмасын ишке ашыруу да колдоого алынууда.

Маектешкен Эмилбек Момунов

Булак: Жаңы Ордо

 

 

 

 

 

 

1 ой-пикир

  • пенсионер says:

    Чет элдик банктар кыргызстандыктардын акчасын гана алып чыгып кетишет. Башка эмне пайдасы бар? Ал эми кредиттер озубуздогу банктарда толтура алам десениз.

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *