Аалы Карашев, КСДП депутаты: Өнүгүүгө бюджеттен максаттуу түрдө каражат каралган эмес

– Аалы Азимович, каржы министринин маалыматы боюнча 2016-жылга салыштырмалуу 2017-жылы экономикада кыйла өсүш болгон. Бирок, андай болсо, депутаттар айткандай, эмне үчүн дүйнөлүк каржы уюмдарынын рейтинги боюнча биз улам артка кетип атабыз?

– Бюджетти кабыл алганда үч жылга алдын ала эсептөөлөр болот. Биринчи жылдыкы так эсептелет. Мисалы, азыр 2019-жылдыкын кабыл алып атабыз, 2020-21-жылдардыкын алдын ала божомолдор менен эсептеп чыгарабыз. Ар бир бюджетти кабыл алып жатканда так эсептөөлөр болуш керек да. «Экономикалык көрсөткүчтөр кандай болот, кандай иш-чаралар аткарылат, эмненин эсебинен экономикалык көрсөткүчтөргө жетише алабыз?» депчи. Мына, биз кечээ 2017-жылдын бюджетинин отчетун уктук. Өкмөттөгүлөр «2016-жылы аны кабыл алып жатканда 3,2 пайыз экономикалык өсүш болуш керек  деп прогноз кабыл алганбыз» деп айтышты. Ал 4,6 пайызга аткарылып жатат. Бул абдан жакшы көрсөткүч. Ички дүң продукциябыз 1,5 пайыздан ашык өсүп атат.

Экономика көтөрүлгөндөн кийин кошумча жумушчу орундары болушу шарт, киреше бөлүгү көбөйүп, салыктар төлөнүшү керек эле. Мен кечээ күнү ошону сурадым да, «эмне себептен сиздердин төлөмдөр 96 пайыз болуп, минус менен кетип атат?» деп. Мында ар кандай себептер болушу мүмкүн. Өкмөт бизге келгенде аларды аныктап, так айткандай болуш керек. «Себеби, салык чогултканда планды аткара албай коюшту, же болбосо бажыдан мынча киреше түшпөй калды» деп так жооп беришпейт беле? Мен ошондой жоопту уга алган жокмун. Прогноздор так эсептелип, мындай айырма болбошу керек эле.

Октябрь айында, жыл бүтөрүнө эки ай калганда бизге бюджетке өзгөртүү, толуктоолорду алып келип атышат. Аны Жогорку Кеңеш колдоп берген. Бирок, ошол дагы аткарылбай калып аптайбы. Анда биз эмнеге эсептеп, прогноз кылабыз? Менин айтайын дегеним, өкмөттө системалуу түрдө так божолмол болушу керек.

– Бизде бюджеттик каражаттар көбүнесе капиталдык салымдарга, социалдык объектилердин курулушуна кетип, өндүрүшкө каражат калбай калат экен. Ушул туурабы?

– Бизде бюджеттин дээрлик көпчүлүк бөлүгү чындап эле айлык акыларга, социалдык төлөмдөргө, мамлекеттик машинаны кармаганга кетип калып атат. Тилекке каршы, бул 2015-жылдын же 2016-жылдын эле көйгөйү эмес. Биз эгемендик алгандан бери өнүгүүгө бюджеттен максатгуу түрдө каражат карабай жатабыз. Өнүгүүгө 2-2,5 миллиард сомдун тегеригинде карап коёбуз. Аны менен мектептерди, балдар бакчаларын ремонт кылабыз, жолдорду, көпүрөлөрдү оңдойбуз. Бул да керек. Бирок, алар бизге кайра акча алып келбейт. Биз өнүгүүнүн бюджетин ага кетирбешибиз керек. Бизге кошумча жумуш орун, салыктын кошумча киреше бөлүтүн алып келе турган жактарга, жылына жок дегенде эки-үч ишканага бюджеттен максаттуу каражат карасак абдан жакшы болмок да. Колдон келсе ондогон миллиард сомду ошого кетириш керек. Себеп дегенде, бизге кайра акча алып келе турган, элдин курсагын тойгуза турган булактар ошолор. Чет элден келген гранттардан, кредиттерден өнүгүүтө деп кошуп коёбуз. Жок, өзүбүздүн булактардан да карашыбыз зарыл.

– Комитеттин жыйынында Кумтөр кенинин иши солгундаганына байланыштуу өнөр жайы 9,3 пайызга төмөндөп кеткени айтылды. Биздин өнөр жайы бир эле кенге ошончолук көз карандыбы?

– Мен жалпы статисткалык маалыматтарды карадым да. 8 айдын жыйынтыгы менен жалпы ички дүң продукция 0,3 пайыз минус менен кетип атабыз. Бизге ички дүң продукцияны бере турган тармак кайсы? Бул өнөр жайы. Бирок, өнөр жай тармагы 9,3 пайыз минус болуп атат. Мен ошон үчүн өкмөткө сунуш бердим. «Азыртадан максаттуу иштебесеңер, жылдын аягында да ушундай минус менен кетсеңер, анда кыйын болуп калат» дедим. Туура, Кумтөрдүн көрсөткүчтөрү жакшы эмес болууда. Бирок, жипы мамлекет бир эле Кумтөрдүн көзүн карап отурбашыбыз керек. Кумтөргө көз карандылыктан кетишибиз кажет. Бирдеме десе эле «Жерүйдү, Талды-Булакты иштетебиз, мынча каражат түшөт» дейбиз.

Менин жеке көз карашммда, кен байлыктар – бул Кыргызстандын улуттук байлыгы. Биз аларды колубуздан келишинче көзүбүздүн карегиндей сактап, келечек муундарга өткөрүп беришибиз зарыл. Себеби, алар түгөнөт да. Көмүрүң да, алтының да – баары бир күн түгөнөт. Мына, Кумтөр 2026-жылы түгөнөт. Ошон үчүн биз аларды сактап калууга аракет кылышыбыз керек. Бая күнү мен өкмөтгөн сурасам, «2800 лицензия бердик» дейт. Бул көрсөткүч эмес. Керек болсо 28 эле лицензия берилсин. Бирок, ошонун баары иштесин. Калганын сактайлы. Ошон үчүн мен өкмөт мүчөсү болуп бараткан Осмонбетовго «сиз ал жакка лицензия бериш үчүн эмес, кендерди сакташ үчүн баратасыз, кыргыздын тоокен байлыгын сактап калышыбыз керек» деп айттым.

– Деги эле кен байлыктарды иштетүүнүн абалы кандай?

– Биз кендерди жеке менчикке берип коюп атабыз. «Кыргызалтын» деп аталган мамлекеттик ишканабыз бар. Алар отуз жылдан бери Макмал менен Солтон-Сарынан оозун карап отурат. Кендерди иштетүүнү ошолорго берели. Биздин «менмин» деген адистерибиз ошол жерде иштешет. Инвестицияларды ошолор аркылуу өткөрөлү. Алар ушул тармакты көзөмөлдөп тургандай болсун. Бир эле мисал айтайын. Чаткалга баратканда Терек-Сайдан баштап Чап-чымага чейинки сексен чакырымдай аралыкты чет өлкөлүк компанияларга берип койгонбуз. Алар эч нерсеге карабайт да. Экологичны талкалап, максаты – эптеп эле руданы алып кетсе балду. Кен иштетүүнүн өзүнүн экологиялык нормалары болуш керек. Тилек-ке карты, бизде алар сакталбай жатпайбы. Мамлекет тарабынан катуу көзөмөл болбосо кийин кеч болуп калат.

Аттокур Жумаев

Булак: «Азия ньюс»

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *