Абактагы Алмаз Абековдун абактагы Текебаевди туу туткандарга кайрылуусу

“Текебаевди туу туткандарга

Ассалоом алейкум, кадырлуу агайын-туугандар; мээримдүү жеңелер, апалар; эр-жүрөк инилер; сүйкүмдүү карындаштар! Баш кесмей бар, тил кесмей жок! Оюм бар. Бөлүшөйүн. Эл жакшылары пикириңерди айтсаңар туурасы аныкталат.
Айтайын дегеним, Текебаев түрмөдө эл сыяктуу жүрүүдөн качып, өзүнчө бир камерага жашынып алды. Ал эмнеси? Аны менен бир айыпталган Дүйшөн Чотонов эл арасында жүрөт. Садыр Жапаров, башка саясатчылар эл арасында. Элден качкан жалгыз Текебаев.
Түрмөдө элден бөлүнүп, өзүнчө жашынып жашагандарды жамынат дешет. Ал кандай? Түрмөдө жаза өтүп жаткандардын баары бир чөйрөдө жүрүшөт, бир эшиктен кирип-чыгып, бирге тамактанышат, убакыт болгондо тегерек отуруп баарлашат, ар-ким өз оюн ачык, эркин айтат. Бири-бирин жемелешпейт, кол көтөрбөйт. Баардыгы сөз менен жана калыс чечилет. Себеби, бул жакта, абакта, баары бирдей абалда, тең. Баардыгы жаза өтүүдө. Бирөөнү жакшы, бирөөнү жаман, же өйдө-ылдый, деп бөлбөйт. Адамга адамдай мамиле. Айткан сөзүнө, кылган ишине жараша. Түрмөнүн эрежелери сырттагы коом эрежелериндей эле: жаман айтпа; бирөөнүн оокатына тийбе; ыплас иштерден алыс бол; өзүңдү башкалардан жогору койбо; бирок, намысыңды да түшүрбө; оюң болсо, пикириңди эркин айт; башка бирөө сүйлөгөндө кунт коюп ук. Болду. Ушул эрежелерди сакта да, эл ичинде жүрө бер. Эч ким сага жаман айтпайт.
Жамынгандар башка. Алар өзүнчө тар бөлмөдө, күзөтчүлөрдүн кайтаруусунда жашынат. Темир эшиктин сыртынан күзөтчү кулпу салат, ичинен өздөрү дагы бир кулпу салып алышат. Элден да коркот, кайтарган күзөтчүлөрдөн да коркот. Сыртка чыгышпайт, күн көрүшпөйт, аба жутушпайт. Сыртка чык десе да, өздөрү чыгышпайт, себеби бети адам жүзүн кароого чыдабайт. Бүт мөөнөтү ошол караңгы үңкүрдө өтөт. Жалпы жаза өтүп жаткандар аларды адам катары көрбөйт, жакындабайт, сүйлөшпөйт.
Кимдер эл арасында жашай албайт? Тагдыр ар-кандай болот. Айтып, сындап болбойт. Бул жак түрмө, кылмыштуу чөйрө. Бирок, ошентсе да адамбыз. Азбы, көппү – тарбиясы бар, ата салтын көргөн; бою пас болсо да жүрөгү тоодой, намысына тийсең уктаба – ойгонбой калышың мүмкүн. Жаңы бирөө келгенде, сурайт, өткөндү кеп салат. Кимсиң? Эмне иш болду? Ошондо баа берилет. Кимдердин даражасы адамга тең эмес? Наристелерди, жаш кыздарды зордуктагандар, айбан же башка эркек менен жыныстык катнашка баргандар, дагы башка адамдык сапатка сыйбаган иштерди кылгандар. Ошондой адамдар менен бир эшиктен кирип чыкканыңызды, саламдашканыңызды элестете аласызбы? Жок. Андыктын түрмөдө андай адамдардын орду башка.
Текебаев деле Дүйшөн Чотонов, же Садыр Жапаров мырзалардай эле эл ичинде жүрсө болмок. Феликс Кулов деле чалдар менен шахмат ойноп, бүтпөс кептер болгонун эмдигиче эстешет. Дагы канча далай эр-азаматтардын башына мындай сыноо түштү. Эч бири жамынган жок. Ооба, бирде жигит төө минет, бирде жигит жөө жүрөт. Кандай кыйынчылык болбосун – сыноого тике карайт, элден жүзүн алып качпайт. Сыноону намысы менен көтөрөт. Ошонусу менен эркек. Текебаев антпеди. Ага эч ким кол тийгизмек эмес. Кыйнамак эмес. Айтылган. Бул жактын мыйзамы ошондой. Өз ыктыяры менен жамынды. Себеби эмнеден? Билбейм. Ойлойм. Адамдык сапатка туура келбеген иштерди кылганын өзү билип, сезет, элдин жүзүн караганга уяты чыдабайт.
Эл ичине кирсе эч ким аны урмак эмес, бирок, суроо бермек. Эмне иш кылдың? Конституцияны жаздым. Ии, жакшы… Кандай ой менен конституция жаздың? Элге жакшы болсун, деп. А, азамат турбайсыңбы, бали! Анан, элге жакшы болдубу?
Революцияны эмне баштадыңар? Бакиев кетсин, электр энергиясы кымбаттабасын, элдин байлыгы тонолбосун, деп. Ой, накта кыргыз баатыры турбайсызбы! Ушундай мыктыларды абакка камаган бийлик акмак! Анан, Бакиевди го кетирдиңер, электр энергиясы кымбаттаган жокпу? Элдин жашоосу жакшырдыбы? Эл байлыгы кимге өттү? Мммм…
И, бийликти колго алдыңар. Анан? Мародерчулук болду беле? Ал кандайча болуп калды? Талап-тоногондорду баары эле Ата-Мекендин желегин көтөрүп жүргөндөй болду эле… Мегакомго деле Ата-Мекендин «смотрящийимин», деп келишкен. Эмдигиче отурушат. Аа, ал саясий митаамдыкпы? Чындап мародер ким экенин билесизби? Далилдериңиз барбы? Кана, айтыңызчы? Эмнеге айтпайсыз? Сиз абактасыз, бул жакта коркуп-тартына турган эч ким жок, жарымынан көбү уурулук, каракчылык менен айыпталган, сиз бир-туугандардын арасында отурбайсызбы, айта бериңиз. Сөзүңүз негиздүү болсо.
Бул жак парламенттей эле. Каалашыңча ой бөлүшүп сүйлөшөсүң. Андан да жакшы. Регламент жок, микрофонуңду төрага өчүрүп койбойт. Бирөө сүйлөгөндө эч ким туруп кетпейт. Парламенттегидей бош креслолорду тиктеп сөз сүйлөп, добуш бермей жок. 500 адам болсо, бири калбай ынтымактуу келет. Мыйзам ошондой. Баары кунт коюп угат. Бирок, сөзүң жүйөлүү болуш керек. Жөндөн-жөн ооз көптүргөндөрдү тез эле ордуна коюп коюшат.
Бул жакта сөздүн баркы жогору. Мырза айттыбы – аткарышы мыйзам. Жоопкерчилик өзүндө. Ар бир сөз кыймыл-аракет менен бекемделиши керек. Митингге чыгып, ооз көптүрүп, калп убада берип, анан качып кете албайсың.
Текебаев жыргап эле жүрмөк, каалашынча сүйлөп, асмандан тилегени жерден табылып. Жүйөлүү ою, оорду бар сөзү, акылман пикири болсо. Кыргызстанды чындап эле өнүктүрүү жолун билсе, айтса, абактагы он беш миң эл өзү аны колдоп, туу көтөрүп чыкмак. Сөзүн көтөрө алса. Чыныгы мекенчил эр-жигит болсо.
Балким, Текебаев өзүн бизден артык сезип жаткандыр. Биз, абактагылар, сот тарабынан айыпталган кылмышкерлербиз, ал болсо мыйзамсыз соттолгон саясий куугун. Андыктан, анын жолу бийик, бизге окшогон бечаралар ага тең боло албайт. Аа, анда мындай суроо узатып көрөлү. Текебаевди ким соттоду? Бийликтен көз каранды саткын сотторбу? Ох, акмактар десе… Ошол сот реформасын ким баштап, мыйзамдарды ким жазды эле, билбейсизби? Мыйзам боюнча соттор көз карандысыз, акыйкат болуш керек беле? Туура, ошондой болсо жакшы болмок. Андай болбой калганына ким күнөөкөр? Жоопкерчилик кимде? Саясий куугун жалгыз эле сизби? Чотонов мырзачы? Ал да саясий куугунбу, же кылмышкерби? Анда эмне үчүн Дүйшөн мырза жүзү жарык, эл ичинде жүрөт, а сиз жамынып алдыңыз? Садыр мырзачы? Ал киши да эл арасында. Кандай түшүнсө болот?
Текебаев үчүн туңгуюк маселе. Эгер ал өзүн мыйзамсыз соттолгон деп эсептесе, анда соттордун көз каранды экенин, саткын экенин мойнуна алып, бул жакта дагы көп адамдар мыйзамсыз соттолуп кеткенин тааныш керек. Эгер өз ишмердүүлүгүн туура деп таап, Конституциянын атасы мен, мыйзамдуулукту мен орноттум, десе, анда өзүн башкалар сыяктуу эле сот тарабынан айыпталган күнөлүү кылмышкер, деп таанышы керек. Эки учурда тең элге чыга берсе болот. Болгону, мойнуна алыш керек.
Өзүм 2012-жылдан бери абакта отурам. Ошондон бери абакка түшкөн аттуу-баштуулардын баарын көрдүм. Сыртта төшү көкүрөгүнө батпай жүргөн кээ бир эр азаматтар абакта мууну калчылдап, көзүнөн жаш кетпей, кандай отурганына мен өзүм күбө. «Кесинип өлөм», дегендердин канчасына кол сунуп, азыр эркиндикте жүрүшөт. Канчасы акталып, жүзү жарык чыгышты. Кыйналса, ыйласа да көтөрдү. Текебаевдей эч ким жамынган жок.
«Текебаев менен эки ай жолуктурбай коюшту», дегендерге: Катуу азап чегиптирсиңер, мага беш жыл бою бир да жолу жолугушуу берген жок. Бала жытын сагынды дегендерге: Абакта отуруп, төрт небере күттүм, улуусу мына мектепке барат. Куугунтуктан качып, баары чет мамлекетте. Шүгүр, билими бар, окуганы окуп, иштегени иштеп, оокаттары тың. Атасы куугунтукталган кыздын сезимин мына менин кыздарыман сурагыла. Күйөөсү камалганда дүйнө кандай өзгөрөөрүн, сагыныч деген эмне экенин жубайым Бактыгүлдөн сурагыла. Эненин ыйын менин апаман сурагыла. Балдары мыйзамсыз куугунтукталган миңдеген апалардан сурагыла. «Жумушсуз калдым», дегендер адал иш, акыйкат жөнүндө Алиппе ТВнын мугалимдеринен сурагыла. Мегакомдо коррупция, деп камашты эле. Коррупция жоюлдубу? Же Мегакомдун иши оңолуп кеттиби? Ошондо баасы 500 миллион доллар эле, салыкты миллиарддап төкчү эле, азыр 200-гө сата албай жүрүшөт. Же менин камалышымдын себеби башкадабы? Суроолор туулат бекен? Ошондой да.
Текебаевдин өмүр жолун бир сөз менен айтып көрөлүчү? Эмне кылып өттү? Бийлик талашып жүрүп өттү. Бийликке жеткенде, каалашынча калчады. Жыйынтыгы эмне? Же парламентаризми жок, же конституциясы иштебейт. Соттун кебетесин өзүңөр көрүп турасыңар. Запкысын карапайым эл тартып отурат. Дагы да чыгып, эми реформа кылат имиш. Кудай сактасын!
Текебаев УКМКга камалганы ысык суусу бар, дааратканасы жапжаңы, кафель менен капталган камера киргизилди. 2012-жылы ысык суу тургай терезелер жабылбай, суук шамаал аркырап турчу. Дубалдары капкара, кир, катуу уктап кетсең курт-кумурска койнуңа кирип кетчү. Ал камерага, дегеле камераларга ысык сууну мен өз колум менен өткөргөм. Оор күндөр кимдин башына түшсө да бир аз жеңилирээк болсун деп, абакта отургандар бири-бирибизге жөлөк болуп, ынтымакка тартчубуз. Текебаев бетин жууган сайын мен таккан күзгүнү каранып отурду. Мен каматкан баланын мээнети, деп сезди бекен? Жаткан керебетин кыргыздын чыгаан, татыктуу мырзасы алып келген. Сизден кийин бул керебетке Текебаев жатып уктайт, десе, ал киши аны калтырат беле, ким билет. Дегеле Текебаев өзү бир мык кагып, же татыырлык бир жакшылык кылып койдубу? Эл сыяктуу 38-камерага эле киргизип коюшса болмок. Кайсы мээнети үчүн ага өзгөчө шарт?
Акылың менен иш кылып, жоругуңду көтөрө алышың керек. Эркек болсоң. Намысың болсо. Болбосо, жамынгандан башка арга жок. Текебаевди туу көтөрөөрдөн мурда өткөн-кеткенге кылдат көз чаптырып, терең ойлонуп көргүлө. Адам адам менен саламдашат. Аныңар жамынып алды. Атын атагым да келбейт. Эми Дүйшөн мырза ага кол сунабы? Сунса кандай болуп калат? Деги эле өз даражасын сезген адам, колу таза, жүзү жарык адам ага кол сунуп, алик алабы?”.

Алмаз Абеков, “Мегаком” ишканасынын экс-гендиректору

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *