Абдиламит Матисаков: Балташ Каипов мага Айтматовдун Дүйшөнүндөй сезилчү…

Абдиламит Мурзаевич Матисаков телерадиого президент болуп келгенде «Тандыр», «Кыргыз өңү Чокморовдун өңүндөй», «Атамды көргөн өлбөсүн…», «Ак коргон» аттуу прозалык төрт китептин автору, СССР журналисттер Союзунун лауреаты, Кыргызстан жаштар Союзунун лауреаты болуп, кыргыздын төл газетасы «Кыргыз Туусу» газетасынын башкы редактору болуп иштегенге үлгүргөн. Отуз эки жаш курагында эки миңге чукул кызматкер иштеген идеологиялык мекемеге жетекчи болуш айтканга оңойбу?.. Газетадан дилин төшөп жалындуу жазган публицистикаларын үзбөй окуп жүрсөм, кийин теледе жакындан иштеше баштаганда анын адамдарга жылдызы жакын, жумшак мүнөз, алпейимдиги жакты. Канчалык татаал коллектив болсок да, бат эле тил табышып, аралашып кетти. Чыгармачылыгы тың адам өндүрүштү, өзгөчө техниканын сырын техник кызматкерлер менен күнү-түнү жүрүп, өздөштүрүп кетти. Башынан билгендер телерадиону күнү-түнү токтобогон тегирмен деп коюшат. Абдиламит Мурзаевич күнү-түнү баса олтуруп программаларды түзүүгө, аны жаңыртып, байытууга жан үрөдү. Жаңы-жаңы берүүлөр жаралды. Эрте мененки «Замана» студиясы ачылды. Чейрек кылым курулушу бүтпөгөн АСКнын курулушу пайдаланууга берилип, ошол салтанат өткөн күн — ​8-декабрь Улуттук телевидениенин Күнү болуп тарыхка кирди. Айтылуу «Манас‑1000» жылдыгын биздин телерадио аркылуу бүткүл дүйнө элине көрсөтүлдү. Жамааттын социалдык маселелерине сүңгүп кирип, айлык акы, калем акылар канча ирет жогорулады. Жол кире үчүн такай каражат бөлүнүп турганына азыр иштеп жаткан эл өзү күбө. Жаңы үлгүдөгү техникалар байма-бай келип, автоунаалар көбөйгөнүн унутканда болбойт. Эл арасында «көп нерсе жетекчиге жараша болот экен» деген таалимдүү сөздү иш жүзүндө көрсөткөн жетекчилердин бири Абдиламит Мурзаевич болду. Көп эле жетекчилер менен иштештик. Баарынын эле жакшы деген иштери эсибизде турат. Аны бүгүн — ​Кыргыз телевидениесинин маареке күнүндө белгилеп айтканыбыз калыстык болот. Жакшы жетекчилер менен алгалаган иш гана өз максатына жетет, ашуу ашат, Ата-Журттун алкышына татыйт. Биз бүгүн алтымыш жыл жол баскан Кыргыз телевидениесинин урунттуу учурларына кеп козгоп жатканда, анын тарых барактарына суктанарлык из салган сарамжалдуу жетекчи, улуу-кичүүгө боор төшөп, көкүрөгүндөгү болгон адамгерчилик жарыгын чачкан жетекчи — ​Абдиламит Мурзаевич Матисаков менен мезгил соңуна кылчайып, баарлашуу көгүлтүр экрандын көөнө тарыхын барактаган менен барабар. Анда суроолорубузду Абдиламит Мурзаевичке узата берели.

-Абдиламит Мурзаевич, Сиз Мамлекеттик Улуттук телерадиокорпорациясына президент болуп иштеп кеткениңизге быйылкы кышта жыйырма төрт жылдын жүзү болуптур. Ошол мезгилди эстесеңиз көзүңүзгө эмнелер элестейт?

— Мени жаңыдан жамаат менен тааныштыргандагы жалындуу тиктеген, үмүт чачкан көздөр азыр да жүрөгүмдө катылуу. Ошол үмүттүү көздөрдүн күткөнүн аткарсам экен деген тилек түн уйкумду бөлдү. Жаштык жигер, чыгармачылык шык, уюштуруучулук демөөр көп иштерди аягына чыгарууга түрткү болду. Ар бир кызматкер менен жакындан таанышып, ойлорун уктум. Чыгармачылык пландарына кызыктым. Азыр ойлосом, бир топ радио берүүлөрдү, бир топ теле берүүлөрдү ачкан экенбиз. Көбү азыр да эфирден кетип жүрөт. Өлкөбүздүн коомдук турмушуна ылайык жаңы берүүлөрдү байма-бай уюштуруп турдук. Алардын көбү мезгилдин шары менен кетти, го…

Эң урунттуу окуя катары 25 жыл курулушу жүргөн АСК имаратын керектүү техникалык жабдуулары менен куруп бүтүп, пайдаланууга берилген салтанаттуу күндү айтсам болот. Орун басарым Э. Жантелиев жана башка тийиштүү адамдар менен финансы министрлигине ат тезегин кургатпай каттап, атайын бөлүнгөн каражатты толук жумшап, кыштын суугуна карабай АСКнын имаратын бүтүрүп, ага мамлекет жетекчилерин чакырып, жаңы концерттик студияда чоң салтанат өткөн. Мамлекет башчынын Указы менен ошол 8-декабрь Кыргыз телевидениесинин Күнү деп бекитилип, ушул күнгө чейин белгиленип келүүдө. АСКнын бүтүшү — ​Кыргыз телевидениесинин программаларын көбөйтүүгө, техникалык, мазмундук, көркөм-эстетикалык сапатын жогорулатууга кеңири мүмкүнчүлүктөр ачылган эле.

— Таңкы «Замана» телеберүүсүн акча каражатынын тартыштыгына карабай Матисаков тобокелге салып ачкан. Бул чечкиндүү демилге Кыргыз телевидениесинин аудиториясын кеңейтип, көп таланттуу журналисттердин чыгармачылыгына чоң демөөр болгонун айтып жүрүшөт.

— Таңкы «Замананын» ачылышы — ​кыргызстандыктар үчүн чындыгында эле, сенсация болгон. Кыргыз телесинин устаттарынын бири Тамара Хусейиновна Жаманбаевага «Замананы» бутуна тургузуу жоопкерчилигин жүктөп, анын карамагына таланттуу журналисттер Динара Кодуранова, Тамара Валиева, Мелис Турусбеков, Олжобай Токтосунов, Адахан Мадумаров, Кадыр Кошалиевди кошуп жибергенбиз. Кыргызтелесинин таңкы берүүлөрүнүн дыңы ошентип бузулган…

— «Манас‑1000» мааракеси өтүп, аны бүткүл дүйнө элдерине көрсөтүү вазыйпасы дагы Сизге жүктөлүп, Сиз жетектеген жамаат үчүн да зор сыноо болду окшойт.

— Мындай зор масштабдагы мамлекеттик иш-чараны өткөрүү бир жыл мурда башталды. «Манас‑1000ди» өткөрүү комиссиясынын мүчөсү катары эки күндүн биринде Өкмөттүн жыйынында жүрдүк. Тийиштүү каражатты бөлдүрүү ошо кезде да азаптын тозогу болчу. Андан дагы бул зор саясый-маданий иш-чараны кемелине келтирип тартып, өз убагында элге жеткирип берүүчү заманбап техника колдо болсочу. Дүйнөлүк стандартка ылайык жеринде тартып, ошол замат спутник аркылуу дүйнө элдеринин экранына бере салчу техника түшүбүзгө кире элек маал. Мындай заманбап техниканы апталап-айлап сүйлөшүүлөрдөн кийин түрк боордошторубуздан алмак болдук. Бирок, тонналаган автоунаалар жайгашкан техникаларды Кыргызстанга жеткирип алуу азабына туш келдик. Оор жүк ташуучу «Буран» учагын Киевден Стамбулга учуруп, ошого жүктөп келүүгө туура келди. «Манас-1000»дин ачылыш салтанатын Бишкектен, Таластан тартып, али кыргызстандыктар көрө электе дүйнө жүзүнө спутник аркылуу, ири телеканалдарга өз учурунда чагылдырдык. Түрк кесиптештерибиздин ошондогу боордоштук кол-кабышы баа жеткис болгон. Телерадионун чыгармачыл жана техникалык кызматкерлери аалам масштабындагы бул мааракени чыпчыргасын коротпой чеберчилик менен тартып, тарыхка калтыруу вазыйпасын устаттык менен уюштура алды. Кээде ойлоп кейийсиң. Тарых деген тарых го, биз эки-үч жылдын аралыгында эле эл болуп жарала калгандай түр көрсөткөн менен Ата-Журттун жылдыздуу учурларын, эгемендик жылдарындагы сыймык жараткан сааттарды кызганбай этпей эле айтып деп, экрандан көрсөтүп турганыбыз келечек муунга тарбия-таалим?

— Абдиламит Мурзаевич, кечээги күндүн таалим-тарбиясын айта жүрөлү дегениңизден улам бир суроо да. Улуу муундун устаттары Балташ Каипов, Турсун Уралиев өңдүү теленин, радионун залкарлары менен да иштешип калдыңыз. Алар туурасында да ой бөлүшсөңүз.

— Кыргыз «карысы бардын ырысы бар» дейт. Телерадиодо маңдай тер төгүп, чыгармачылык дөөлөт жыйнаган, эл аралап, элди жазып, элдик атак алган агайлар, эжейлер менен оропара жүрүп, коюн-колтук алыша иштештик. Залкар режиссёр Балташ Каипов агайды туура эстедиңиз. Ал киши телевидение айдыңына алгач келген мен үчүн Айтматовдун Дүйшөнүндөй эле… Күмүш чачтарын сеңселтип, дайыма кирип, далай тажрыйба сабактарын айтты. Бүт өмүрүн, кашык каны калганча ушул кесипке арнады. Акыркы сапарга да өзү сүйгөн, экинчи куттуу үйү болуп калган телерадионун имаратынан узады. Кантип анан мындай өмүрдү сыймыктуу, өрнөктүү сабак-санжыра деп айтпайбыз! Телерадионун бүгүнкү даңк-даңазасын дал ушундай көч баштаган улуу муундагы устат агайлар, эжелер ашырып, береке-кутун, ынтымак-ырыскысын кемитпей келишет. Бул маегимде атын атабасам да ошол устаттарга ийилип таазим кылам!

— Абдиламит Мурзаевич, ар мезгилдин өзүнүн шарты, мүмкүнчүлүктөрү жана көрөрмандары, угармандары болот дегендей, бүгүнкү күндөгү телерадионун берүүлөрүнө кандай баа берер элеңиз?

— Мезгил телерадио жамаатынын алдына катаал жоопкерчиликти, күчтүү атаандаштыкты, мүнөт сайын чыгармачылык жаңычылыкты, изденүүчүлүк түйшүктү артып олтурат. Менимче, мындай талапты жетекчилик да, журналисттер да, техникалык кызматкерлер да жон териси менен сезишкени байкалат. Албетте, жаңыланууга умтулуу, тематикалык актуалдуулукка басым жасоо, эң башкысы оперативдүүлүк алда канча жакшырды. Ошентсе да теленин жүзүн профессионалдар ачат эмеспи. Алып баруучулар арасындагы атаандаштык, автордук программалардын жаңы стандарттары, жаңы ысымдар, жаңы берүүлөр биринчи каналдын талабына жооп берет десек болот.

— Абдиламит Мурзаевич, Сиздин Кыргыз Улуттук телерадионун өнүгүп-өсүшүнө кошкон татыктуу салымыңыз эл оозунда айтылып жүрөт. Ал тургай бизден кийин «Кыргыз Туусу» газетасын жетектеп, ал жердеги чыгармачылык бийиктиктериңиз жөнүндө да кабардарбыз. Азыр Улуттук университеттин журналистика факультетинин профессору катары болочок журналисттерди даярдоо үстүндө бай тажрыйбаңызды бөлүшүп келүүдөсүз. Сизге чың ден соолук, үй-бүлөңүзгө бакыт-таалай, чыгармачылыгыңызга албан-албан ийгиликтерди каалайбыз.

Рабиха Алыбаева

Булак: “Ачык сөз”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *