Абдилат Дооров: Чыгармачылык акыркы демибизге чейин түйшөлтүп, тынчтык бербейт го деген ойдомун

-Абдилат ака, чыгармачылык кандай болуп атат?

– Кудайга миң мертебе шүгүр кылышыбыз керек, эң башкысы ден соолугум жакшы, өзүмдү сергек сезем. Он экиде жатсам даты төрт-беште турам. Кан-жаныма, дилиме чыгармачылыктын бир уругу, же нуру десем болобу, айкалышып калгандай да. Мага тынчтык бербейт. Алтынчы-жетинчи классымдан райондук гезитке «Октябрь таңы» деген бир куплет ырым чыккан. Ал убакта биз 7-ноябрды аябай чоң шаң менен тосуп алчу эмес белек. Ушул ырымды көтөрүп алып айылдын (анда Агарык айылы деле кичине эле болчу) бир учунан экинчи учуна басканым эсимде. Мага өтө чоң таасир эткен. Осмоналы Кабаев, Осмоналы Чербеков деген чыгармачылыкка баш-оту менен кирген эки жигитибиз бар эле. Экөө бир мезгилде өтүп кетишти. Бирөө рактан, бирөө автокырсыктан. Аларга арнап Курбаналы Сабыров «Өчпөйсүңөр» деген ыр жазган. Суу ташыган, жүк ташыган машиналарга илешип, атайын ушу кишилерге барчумун. Сөздөрүн укчумун. «Козу баглан» адабий ийиримин түзүүчүлөр да ушулар эле. Кийин Нууман Сайдуллаев, Турабай Жороев, Касымбай Бапов келип Осмоналынын ишин улап кетти. Чыгырмачылыкты өтө терең түшүнгөн Акжол Бекназаров деген редактордун орун басары, Нурулла Байдуллаев деген агабыз бар эле. Чыгармачылыкка өзгөчө аяр, назик мамиле кылышчу. Ошол кишилердин насааттарын укчубуз. Ошол кезде чыгармачылыкка кызыккан жаштар, мектеп окуучулары көп элек. Атакул Жакыпов экөөбүз теңтушпуз. Мен биринчи, ал 3-сентябрда туулган. Чыгармачалык биздин каныбызга эртелеп кирди. Эми мындан ары да акыркы демибизге чейин түйшөлтүп, тынчтык бербейт го деген ойдомун.

– Лейлек керемет жер эмеспи! Сиздерден чыгармачыл адамдар көп чыкканы да ошол табияттын таасири эмеспи?

– Мен дарыянын боюнда туулгам. Үйүбүздүн астынан чоң суу агат эле. Өзгөрүш деген жер бар, андан ары Жети-Көпүрө деген чоң жайлоо бар. Ошол жайлоолордун да деми болсо керек. Мен ойлойм, топурактын асылдыгы, суусунун, абасынын асылдыгы адамга кайсы бир деңгээлде таасир берсе керек. Бизде молдо Маарайим, молдо Кундуз деген, Эстебес менен ырдашкан Эржигит ырчы, Дыйкан ырчы деген ырчылар өткөн. Абдирайим Шамани мен Токтогул, Барпы теңдүү акын деп эсептейм. Өз учурунда Ош облустук элге билим берүү бөлүмүн башкарган сабаттуу адам болгон. Репрессиянын азабын тартып, 10 жыл Карагандыда жүргөн. Он жыл байбичеси күткөн ушул кишини. Тажикстандын Жийдали айылында Социалисттик Эмгектин Баатыры Акмат аттуу досу бар экен, ошол досу калкалап жүрүп, сөөгү ошол жерде калган. Ошол кишилердин таасириби, азыр бизде чыгармачыл дүркүрөгөн бир тайпа өсүп атат. 1991-жылдан бери Курбаналы Сабыровдун туулган күнүн – 17-апрелди <Лейлек поэзия күнү» деп алганбыз.

Гүлсүнай Маамова экөөбүз биринчи Гүлчөкан жеңеге келгенбиз. Аламүдүндөгү үйүнө барсак, жеңебиз ыйлап, «Курбаналынын жанында жүргөн инилеринен биринчи болуп сен эшигибизди аттадың» деди. Ошо күнү он төрт жазуучуну топтогонбуз. Ал убакта Орозбай Көчкөнов, Эгемберди Эрматов бар эле. Сүйөркул Тургунбаев, Анатай Өмүрканов, Маркабай Ааматов, Абибилла Пазылов, Менди Мамазаирова кошулду. Эртеси Эгемберди Эрматовдун китебинин филармонияда өткөн бетачарында Сооронбай Жусуев менен Түмөнбай Байзаковго кайрылсам, алар да «барабыз» дешти. Ошентип, ыр майрамы ушунчалык сонун өттү! Конокторду райаким Рустам Анарботоевич экөөбүз тосуп алдык. Өрүктөр гүлдөгөн. Өзгөрүшкө үч үй тиктик. Ошондон бери поэзия фестивалын мына 29 жолу өткөрдүк. Бир да жолу үзгүлтүккө учураган жок. Эл дагы үйрөнүп, салт болуп калган. Биз Тажикстандын алты району менен чектешебиз. Жок дегенде төрт райондон акын-жазуучулар келишет. Бул жакта Оштон тартып барышат. Лауреаттык сыйлыкты адегенде 1000 сомдон баштаганбыз. Азыр 20 миң сомго чыкты. Үч адамга ыйгарылат. Жаштарга өзгөчө көңүл буруп атабыз.

– Атайын фонд барбы?

– Жок. Каражатты өзүм издейм. ПРООНго, министрликтерге кайрылабыз. Айтор, поэзия күнүн өткөрүүнүн аракети төрт-беш ай мурда башталат.

– Азыр да Лейлектен Курбаналы Сабыровдун, Абдилат Дооровдун деңгээлиндеги таланттар чыгып атабы?

– Бизде Авлияхан Эшен деген акын бар. Анын чыгармалары Өзбекстандын окуу китебине кирген. Таир Аширбай аттуу акыныбыздын «Ачылыш» аттуу китеби чыкты. Окуп алып белгилүү акын Карбалас Бакиров суктанды. Билесиңер да, Карбалас суктанган акын жөн акын болбойт. Андан башка Абдылдабек Авазов, Бакыт Мукарамов, Бабамурат Рахматуллаев аттуу жаш акындарыбыз бар. Атакул Жакыповдун тандалмалары, менин өзүмдүн уулум Исламиддин Дооровдун «Эртең кайра жаз келет» аттуу китеби мамлекеттик тил комиссиясы аркылуу чыкты. Былтыр мектеп окуучуларын кошуп, жаштарды үч жарым саат ыр окуттук.

Мамат Сабыров

Булак: ”Азия Ньюс”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *