Абдилдин мышыгын да “пыш” дей алышпайт

Отуз эки тишинин баары чирип, мүдүрү да калбаган покуратуранын кудуретине деги ким ишенет? Эч ким. Анткени айдактама “илдетке” чалдыккан бул тармакты эркек башкарса деле көңүл жибитерлик майнап чыкпайт. Андан көрө айымдар бар кезде “семиз бакан ооздордун” баары баш прокурор келатканда чыйрыгып кетишкенин далай көргөн элек. Ал тургай, азыр эркиндикке чыгып мактанып жүргөндөрдүн ээрдин түйрүп туруп, тешигине шынаа кагып таштаган былкылдабасын деп. Түштөн кийин ошолор кашка тишин көрсөтүп калышканына жол болсун деген бирөө табылбай жатканы кызык. Көрсө, ары жокторго бири деле ынтаасын койбойт экен да.

Эдиреңдеген Алмамбет Шыкмаматовдун жели чыгып, элеңдей баштады. Себеби, прокуратурадан Абдил Сегизбаевге эч кандай кылмыш иши козголбойт деген кабар келди. Буга не себеп? Болгону, жогору жактан ошондой жыйынтык чыгаргыла деген буйрутма түшкөн. Мурдагы “үч тамганын” чоңу эшек такалап жүрүптүрбү? Эртеңкисине көзү жетпесе, ал бул кызматтын чылбырын кармамак эмес, туурабы? Кантип эле Шыкмаматовдун мээсинен аныкы кем болуп калсын? Бул абдан күлкү келерлик “юмор”. Кыскасын айтканда, азырынча Сегизбаевдин мышыгын бирөө-жарым “пыш” дегенге чамасы жетпейт. “Чөнтөк” прокуратурадан дагы эмнени күтсө болот. Керек болсо, тынч турбай түйшөлө берсе, Алмамбеттин өзүнө “аудитгейт” деген укуругун ыргытып салат бир киши. Ошондуктан, кыйшаңдабай жөн оокатыңарды кылгыла, быржыкелер!

Булак: “Ачык сөз”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *