Абдисаит Каримбеков, Ош шаардык кеңештин депутаты: “Куру доомат менен ак жеримден 9 ай камакта олтурдум”

— Абдисаит мырза, чет өлкөлүк ишкерлер курган көп кабаттуу үйдүн чыры менен ак жериңден 9 ай камакта олтуруп чыктың. Бул иштин башы качан башталып жатат?

— 2012-жылы чет өлкөлүк ишкерлер Кыргызстандан жер алышып, көп кабаттуу үй куруп башташат. 2016-жылдын аягында үй курулуп бүтөт. Инвесторлор алган жер 2012-жылы бир фирманын атында болуп, ал экинчи адамга өткөрүп берет. 2016-жылы өткөрүп берген тарап менен өткөрүп алган тараптын ортосунда пикир келишпестик жаралып, экөөсү соттошуп баштаган убак болот.

— Ошондо бир тарабы кыргыз жараны болуп жатабы?

— Ооба, кыргыз жараны. Бирок, өткөрүп берип жаткандагы келишимди сактаган эмес деген негиз менен сотко кайрылып, ошол келишимди жокко чыгарган экен. Документке менин колум дагы коюлуп калган болот. Чындыгында мен андай документке кол койгон эмесмин. Менин колумду башка адамдар коюп коюшуптур. Мага ошондой доомат менен иш козголуп, ак жерден 9 ай камакта олтурдум. Кудай бар экен, 1 жылдан ашуун убакытта кийин козголгон кылмыш иш кыскартылды. Менин ордума кол койгон адам сот залында “Кечирип койгула, колду мен койдум эле” деп чындыкты ачык айтты. Чындыгында нотариуска барганбыз, мыйзам чегинде жерди өткөзүү жүргөн. Кийин менин эч кандай тийешем жок жасалма документ пайда болуп калган.

— Жасалма кол экенин аныктоо үчүн атайын экспертиза жүргүзүлөт эмеспи. 9 ай бою экспертизанын корутундусу чыккан жокпу?

— Экспертиза жүргүзүлдү. Анын корутундусу 2 айдай убакытта эле чыккан. Эмнегедир соттук отурум болбой, улам жылып атып 9 айга созулуп кетти.

— Иштеп жаткан президент С. Жээнбеков журналисттер менен жолукканда сенин
атыңды атап, ак жериңден камалып олтурганын айткан. Президентке үнүң кантип жетип
калды?

— Мен өзүм Ош облусунун Чоң-Алай районунан болом. Камалганымдан кийин ошол жакта жашаган туугандарымдын баары Бишкек шаарына келишкен. 9 ай камакта олтурсам, алар дагы 9 ай үй-бүлөсүн таштап коюп Бишкек шаарында балдарымдын жанында болушту. Жаңы президент шайланып ишке киришкен учурда элде мыйзамдуулук орнойт деген үмүт пайда болгон. Менин дагы жакын туугандарым,
айылдаштарым ошондой үмүт менен президентке кайрылууну туура көрүшөт. Өткөн жылдын декабрь айында элдин атынан кат жазышып, кол коюшуп кат жөнөтүшөт. Чындыгында өзүм дагы айылдаштарым жөнөткөн катка президент реакция кылат деп ишенген эмесмин. Президентке мындай каттар толтура келип түшөт, алардын ар бирин кароого президенттин убактысы болмок беле деп маани деле бербегем.

— Анткен менен үзүлбөгөн үмүт болсо керек?

— Менде Кудай буйруса сөзсүз акталып, жүзүм жарык болуп чыгам деген үмүт бар болчу. Анткени, чындык канчалык жаап-жашырган менен ачыкка чыгат. Бирөөгө жалган жалаа менен күнөө койсо, аны далилдеш үчүн дагы жалган сүйлөө керек да. Ошондуктан, өзүмдүн ак экениме ишенип, убакыт келсе акталып чыгам деген үмүт күчтүү болчу. Бирок, ошол мезгилде баштан канчалык кыйынчылык өттү. Туугандар мени көргөн
сайын ыйлашат. Алар дагы мени темир тордун артында олтуруп калат деп такыр элестетишкен эмес да. Ар бир соттук процесске чыккан сайын үй-бүлөм көзүнөн жашын куюлтуп ыйлайт. Мен бул тагдырдын сыноосуна ыраазы болдум. Себеби көп нерсени анализдеп, өзүм үчүн пайдалуу жыйынтык чыгардым. Ар бир адамдын убактысы жана абийири абдан кымбат экенин түшүндүм. Бул сыноону башымдан өткөргөн адам катары, эч бир адамдын күнөөсү далилденбей туруп камалуусун каалабайт элем. Чындыгында, бул сыноо адамдын башына келсе, биринчи кезекте анын ата-энеси, үй-бүлөсү, балдары жана бир тууганды кандай гана абалда болорун ички дүйнөм менен сезип түшүнө алам. Бул Кудай берген кымбат убакытыбызды жана бардык берилген аманаттарды бир гана жер бетинде, адамдардын ортосунда ынтымакчылык жана жалаң жакшылыктар болуусу үчүн иштетсек деген тилегим бар. Кудайдын алдында эч кадры жок байлык үчүн, убактылуу сыноо үчүн келип кеткен бийлик үчүн бири-бирибизге үстөмдүк, зулумдук кылбай, тескерисинче урматтуу жердештер кымбат өмүрдө бири-бирибизге жардам берип, жакшылык гана кылалычы. Анткени, баары убактылуу жана бизден кала турганын билебиз го.

— 6 жаштагы уулуңдун айткан сөзү президенттин дагы ээсинде калыптыр. Жаш
бала дагы баарын аңдап билип, ичинен сызып жүргөн турбайбы?

— Ошол кезде эң чоң уулум 6 жашта эле. 9 ай бою күн сайын үйдө мени кантип чыгарып алабыз, күнөөсүз экенин кантип далилдейбиз деген гана темада сөз болуп, баары ыйлашат, бири-бирин урушат, кайра сооротушкан учур болот. Менин 6 жаштагы, 4 жаштагы, 2 жаштагы 3 уулум бар. Эки бөлмөлүү квартирада жашайбыз да. Аларга туугандарымдын бири дагы маани беришпептир. 6 жаштагы уулум баарын түшүнүп
жүрүптүр. Эң чоң бир тууган агам менен сүйлөшүп олтурса, ошол уулум “Чоң ава, Атамбаевге Алланын күчү жетеби?” деп сураптыр. Чоң авасы “Эмнеге?” деп сураса, “Күчү жетсе Аллага эле айтпайлыбы?” дептир. Аны уккан агам ыйлаптыр. Туугандардын баары угуп алар дагы ыйлашат. Мен үйгө кайтып келишим менен алардын көз жашы токтоп, жүздөрүндө жылмаюу пайда болду.

— Өзүң айткандай президентке канчалаган каттар келип түшөт. Кээ бир каттар
каралбай деле калып кеткен учурлар болот. Сенин ак жериңден камалып жатканың
тууралуу катты президент карап, өзү бул ишти көтөрүп чыкты. Жээнбековго айтчу сөздөр
барбы?

— Турмуштун чоң сыноосуна кабылып, үй-бүлөм жана туугандарым менен кайгыга батып турган мезгилде Кыргыз Республикасынын президенти катары өзүнүн адилеттүү сөзүн айткан урматтуу Сооронбай Шариповичке өзүмдүн, үй-бүлөмдүн, жакын туугандарымдын, мени колдоп кат жазган жердештеримдин атынан рахматымды айтам. Билим алып, элге ак кызмат кылсак деген максат менен келатып эле куру дооматка кабылып, темир тор артында олтуруп калып, тагдырыбыз сынды, эми кантип эл алдында басып жүрөм деген ойлор менен жашадым. Менин жүзүмдүн жарык болушуна, туугандарымдын дагы эл алдында башы шылкыйбай түз жүрүшүнө, балдарымдын көз жашынын токтошуна дагы түздөн-түз президент себепчи болду. Сооронбай Шариповичтин ишине ийгилик гана каалайм. Ал киши менен дагы жолугушчу мезгил
болот деп ишенем. Президент Жээнбековдун колун кысып колун кысып, өзүмдүн ыраазычылыгымды билдирем деген ниет бар.

Маектешкен: Темирлан Токтоболотов

Булак: “Жаңы ордо”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *