Абдувахаб Мониев, публицист, “Генерал Ысакбек – мекенчил демилге” коомдук фондунун директору: “Манастап” айгай салуудан пайда таппадык, андан көрө англис тилин үйрөнүп, латын арибине өтөлү”

– Абдувахаб, жакында президент Сооронбай Жээнбеков «Манас» жана Чыңгыз Айтматов академиясын түзүү жөнүндө жарлыкка кол койду. Коомчулукта ага байланыштуу түрдүү пикир айтылууда. Улут маселеси, «Манас» эпосу тууралуу сенин көпчүлүктөн башкачараак көз караштагы макалаларды жазып жүргөнүңдү билебиз. Ошонон улам «Манас» академиясынын ачылышы тууралуу оюңду уксак?..

– «Ушундай жарлык чыкты» дегенди окуганымда эле мындан 4-5 жыл мурдагы бир иш эсиме түштү. 2014-жылы өзүмдүн айылым Чөгөмдөгү орто мектепке директор болуп жүрбөдүмбү. Ошол жай алды Бишкекке келгенде, Ишеналы Арабаев атындагы университеттин оро-парасынан Топчубек Тургуналиев аксакалга жолугуп калдым. Жаңылбасам, кадырлуу Топчуке анда ошол университеттин «Манас таануу» деген кафедрасынынбы, же институтунунбу, айтор, ошонун башчысы болсо керек эле. Жөн-жайымды уккан соң, а киши «ой, бир-эки бүтүрүүчүңдү бизге апкел, Манас таануучу болуп чыгат, тигиндей-мындай» деп, чын дилден аябай үгүттөй баштады. А мен Топчукеге кыйла таңгалдым. Мирадил деген досума «Топчукебиздин ой чабыты кыскараактыгын билет элем, бирок, ошончолук деп ойлобоптурмун» деп айттым окшойт эле…

– Мен сага таңгалып атам, аксакал жакшы ниет менен эле сунушун айткан экен. Аны өөн көргүдөй эмне?

– Ырас, ак ниети менен айтты. Ошон үчүн аксакалды жакшы көрөбүз, баарыбыз Топчуке деп урматтайбыз.  Бирок, эшикте XXI кылым болуп атпайбы… Айталы, менин мектебимдин бир бүтүрүүчүсү ЖРТдан дурус балл алып, ЖОЖго кирмек болуп, анан кайдан-жайдан Арабаевде Манас таануучу деген кесипке окутарын билип алыптыр дейли. Анан «агай, ушу окууга тапшырып, Манас таануучу болсом кантет?» деп мага масилет салып, кеңеш сураса деле «э айланайын, Манас таануучу деген дагы кесип, өнөр болмок беле? «Манасты» идиреги, дээри бар кыргыз сенсиз, менсиз эле өзү таанып албайбы!» демекмин. Мен эмес, анча-мынча акыл токтоткон ким болсун, «бу заманды маалымат кылымы деп атышат, ошо маалыматтык технологиянын илимин үйрөтө турган окууга тапшыр, болбосо азыр англис тилин билиш керек, колдон келсе, ага кошуп кытай тилин да үйрөтө турган окууга тапшырган оң» деп айтмак да, туурабы?

– Муну менен сен «бүгүнкү күндө «Манасты» окутуу заман талабына коошпой калды, анан ага арнап академия ачуунун эч кандай зарылчылыгы жок» деген ойду айткың келип турат го?..

– Жо, эми эпосту окутуп-үйрөтүү десек, бул маселе эбак эле чечилген го. «Манасты» тээ совет мезгилинен бери мектепте окуп келатабыз. Ал эми сактоого келсек, эпостун мыкты деген варианттары буга чейин эле том-томдоп китеп болуп басылган. Азыр эми чоң-кичине варианттарынын, басылган-басылбаганынын баарын электрондук вариантка өткөрүп, интернетке киргизип коюу асан иш го. «Манас» кыямат кайымга чейин сакталат. Чукулап, казып изилдеп, иликтеп атып, ичинен кайра-кайра бирдеме таап чыга беребиз десек, Улуттук илимдер академиясы баш болгон академиялар, алардын атайын институттары, секциялары бар, университеттердин филология факультеттери, кафедралары турат… Мында да проблема жок. Ошондо жаңы академия эмне иш калат? «Манастын» жаңы вариантын жаратуу эле калат го. Бирок, андай иш эми он академиянын дагы колунан келбейт: туташ сабаттуу болуп алган элден эми оозеки миллион сапты башына батырган жөө жомокчу чыкмак беле?

Айтмакчы болгонум, «Манас» эпосун курулай идеализациялап, ашкере көкөлөтүп, анын тегерегинде саясый соодагерлик жасоо обу жок деңгээлге чыкты. Ошентип отуруп, «Манас» дегенде эмнени түшүнөбүз: эпостубу, же анын каарманынбы, болбосо кыргыздардын тарыхый атасыбы, алгачкы ханынбы, же пайгамбардыбы – башыбыз маң болуп калды. «Манастап» айгай салуудан кыргыз коому азырынча кымындай пайда таба элек. Мына мисалы, «Манастын» 1000 жылдыгын дүңгүрөтө өткөрүп, шардана кылганыбыздан бери деле дээрлик бир муундун өмүрүнө тете убакыт – 24 жыл өттү. Ошондон бери «Манас эле, Манас» деп атып, аны менен жан-дилибизди, ой-сезимибизди байытып, рухий азыктандыра алдыкпы? Коомдук аң-сезимде моралдык-идеологиялык жарандык жышааналуу жылыштар болуп, эпостогу Манас баатырдай эли үчүн башын сайган патриот, намыскөй, айкөл муун тарбиялай алдыкпы? Жок.

– Канткен күндө дагы «Манас» эпосу дүйнөлүк баасы бар улуу эпос. Анын кыргыз рухундагы маанисин, улуттук аң-сезимине, өзүн-өзү таануусуна тийгизген оң таасирин таптакыр жокко чыгарууга болбос…

– Албетте, «Манасты» баарыбыз бабалардан калган улуу руханий мурас, элдик чыгармачылыктын шедеври катары тааныйбыз. Анын кыргыз улуту, мамлекети үчүн идеологиялык баалуулуктардын булагы экендигин да билебиз. Эпосту бизге жеткирген Сагымбай, Саякбай сындуу манасчыларды гениалдуу шык-жөңдөм ээлери катары баалайбыз. А бирок, биз биерде «Манас» эпосунун өзү, анын өзөгү тууралуу эмес, ага карата коомдук мамиле, баа тууралуу кеп кылып жатпайбызбы. А биздин ага кылган мамилебиз жасалма, куру далбаса, жалган табынуунун чегинен чыкпай атат. Ошентип атып, өзүбүз чыгарган мифтерге өзүбүз ишенип алып, «Манас» эпосунун ролун акылга сыйгыс баалоого өттүк. Кызыгы, бул азгырыктуу кампанияга өмүрүндө эпосту барактап көрбөгөндөр деле кошулуп алган, ошолор катуурак кыйкырууда.

Мисалы, кыргыздын улут катары ушуга чейин жеткен эң башкы ийгилиги, бактысы, бул – мамлекеттүүлүк. А бирок, кыргыз мамлекеттүүлүгүн Манас баатыр жомоктон чыгып келип түптөй койгон жок да. Алды крымдык татар Гаспиринскийдин демилгеси менен ачылган жадиддик мектептерден татарча, өзбекче окуп, кийинкилери орус-тузем мектептеринен орусча окуп, заманына бап билим алган Ишеналы Арабаев, Абдыкерим Сыдыков, Иманалы Айдарбеков, Жусуп Абдырахманов, Касым Тыныстанов сыяктуу бир ууч билимдүү кыргыздар түптөдү да мамлекеттүүлүктү, туурабы? Демек, алдыңкы билим алдаганча маанилүү.

Кыргыз коому азыр да алдыңкы билимге өзгөчө муктаж. Билим берүүбүз начар абалда. Балдарыбыздын жакшы билим алышына кам көргөндөрүбүз түрк мектептеринен, дагы башка чет элдик мектептерге окутабыз. Бизде дүйнөдө мыкты деген миң университеттин катарына кирген бир университет жок. Түзүгүрөөктөрү болсо, алар дагы башкалардыкы.  Ушундай кырдаалда «Манас» академиясы дегендей керексиз ишке оролошпой, жок дегенде атайын мектептерди ачуу, же идиректүү балдарды четтен окута турган бир уюм, фонд түзүү тууралуу ойлонсок болбойт беле!? Азыркы заманда англис тилисиз алгалаш кыйын экен, аны кантип үйрөнөбүз? Бул жагынан казак туугандарыбыз ат чабым алдыга кетиптир. Алар латын арибине өткөнү турат, ага биз качан өтөбүз? Алдыга сереп салып, ушундай маселелердин тегерегинде баш катырышыбыз керек эле го? Кандай дейсиз?

– Туура, аны бир айтасыңбы, эки айтасыңбы… Анан эми коомдо кандайдыр бир көрүнүш, пикир басымдуулук кылса, анын да себеби бар, ага дагы бир нерсе түрткү болот го. Өткөнгө, «Манаска» ашкере көңүл буруп, маани берүү кандай себептерден улам чыгууда? Ага эмне түрткү болууда?

– Бир эсе, ушунун баары биздин улуттук өксүк сезимибизден да чыгып атат. Башынан тарыхый өнүгүштөн артта калган эл экенбиз. Саныбыз да аз. Экинчи эмес, жүзүнчү Швейцария дагы боло албадык. Эйфория тарады. Экономикалык өсүш жагынан дүйнө өлкөлөрүнүн эң артында калдык. Эми анын себептери деле белгилүү – билимсиздигибизден, интеллектуалдык дараметибиздин тайыздыгынан, феодалдык-патриархалдык ойломдун туткунунан чыга электигибизден. А бирок, биз өзүбүздүн деңгээлибизди өзүбүз реалдуу баалап, өзүбүз тууралуу ачуу чындыкты моюнга алгыбыз келбейт. Эгер моюнга алсак, ошол кемчил жагыбызды толтуруу, оңдоо үчүн тиштенип иштеп, тырышып кам көрөт элек. Өнүгүштү беттейт элек.

Анан эми көсөм абабыз Салижан Жигитов айткандай, артта  калган элден прогрессивдүү идеяларды жайылтып, туура коомдук пикир тарбиялай турган интеллигенциянын чыгышы да кыйын экен. Бирок, мындай бир парадокс: интеллигенция катмары жармач, кыска ойлуу болгону менен калың, таасирдүү болот турбайбы. Ошолор майданга чыгып, кыйчалыш абалда бизге башка, оңой жолду тандап берди. Ошолордун нускоосу менен жарма патриотизм оожалды. Ошонун шары менен биз кемдигибиздин, өксүгүбуздүн баарын «Манас» менен же болбосо «кыргыз байыркы эл, улуу тарыхка эгедер» деп көкүрөк каккылоо менен компенсациялай баштадык. Угушумча, Африканын айрым элдери да бизге окшоп өзүн мактап, же атасын мактап, көкүрөк кага берет экен.

– Салижан Жигитов кезинде «Кыргыз интеллигенциясынын көзү желкесинде» деп өтө таамай айткан эле…

– Ошол желкедеги көз капталдап жылбай, эми түз эле төбөсүнө чыгып кеткен окшойт. Дегеним, биздин интеллигенциянын калың тобу азыр көктөн сүйлөп эле асмандан түшпөй калды. «Көкө Теңир» дешет, «асмандан кут түшөт» дешет, «кыргыз аруу эл» дешет…

– Айтмакчы, биздин жаңы академия «Манаска» эле эмес, атактуу жазуучубуз Чыңгыз Айтматовго дагы байланыштуу ачылып жатпайбы. Дегеним, кыргыз улуттук интеллигенциясын канчалык паска чапканыбыз менен ошолордун эле катарынан дүйнөлүк атакка жеткен Айтматов сындуу улуу жазуучу чыгып атпайбы?

– Биз эми жалпы көрүнүшүн эске алып атабыз да. Эл болгон соң жалгыз Айтматов эле эмес, гениалдуу жөндөмгө ээ башка адамдар деле чыккан, чыгат. Бирок, кыргыз андайларды деле ылгап-иргеп, баалап-баркташы кыйын. А Айтматовдун жөнү өзгөчө. Ал кыргызга моюн бербей, оруска таанылды, андан ары дүйнөгө таанылды (баарыбыз билебиз го, орусча жазып, орустардын, европалыктардын көңүлүн бура албаган болсо, быякта айтылуу Аалыкебиз баштаган кыргыздар Айтматовду «Жамийла» менен эле жалпайта чаппайт беле?..). Ошондон кийин гана биз аны таанууга, баалоого аргасыз, алтургай милдеттүү болуп калдык. Менимче, бизди Айтматовдун чыгармаларынын философиясы эле эмес, анын ошондой деңгээлге чыгыш философиясы, башкача айтканда, «Айтматов кантип чыгып калды?» деген суроо көбүрөөк ойлонтуш керек. Анын сабак ала турган, өрнөк боло турган жактары бар.

Мисалы, эгер ал жашынан орус тилинде окуп, ошол тилде билим-тарбия, маалымат албаса, ошол тилде жаза билбесе, чыгармачылыктын бийиктигине чыгаар беле, кантээр эле? Бул – бир жагы. Экинчиден, анын энеси татар, тайлары XIX кылымда түрк элдеринин эң алдыңкы улуту болгон, Октябрь революциясына чейинки түрк агартуусунда революция жасаган татарлардан. Бул дагы маани бере турган жагдай. Мисалы, биз азыр Айтматов менен сыймыктанабыз, бирок, кимдир бирөөнүн энеси кыргыз эмес болуп калса, «каны таза эмес» деп жектеп, Камчыбек Ташиевге окшоп өлкө башкармак болгон саясатчыларыбыз баш болуп, «таза кыргыз керек» деп кыйкырып чыгабыз. Орустардан башка улуттардын баарынан өзүбүздү өйдө көрөбүз.

Маектешкен: Жуман Асеков

Булак: «Азия ньюс»

 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *