Абдыгул Чотбаев, генерал: “Өлкөдө, элде, саясатчыларда кандай тартип болсо, ошондой эле тартип куралдуу күчтөрдүн катарында да болот”

 

  • Алгач айтсаңыз, аскер адамы болуу балалык кыялыңыз беле?
  • Кичине кезимде эле аскер адамы болгум келип чоңойдум.  Чоң атам анын агасы жана иниси Улуу Ата Мекендик согушка катышкан адамдар эле. Атам Советтер аскеринде кызмат өтөгөн. Мектепте окуп жүргөндө мугалимдердин арасында бизге сабак берген көп согуштун ардагерлери  бар болчу.  Алардын айтып берген окуяларын угуп жүрүп мен да Ата Мекендин коргоочусу болом деп өскөм. Эркелеп калган учурда атам мага карап: “Азыр эркелеп ал, ал эми армияга баргандан баштап тартип  эмне экенин түшүнөсүң” – деп көп айтчу. Менин аскер адамы болуп калышыма бирден-бир себеп болгон адам мени окуткан класс жетекчи агайым болду. Ал тарых сабагынан берчү. Согуштун катышуучусу болгондуктан, согуштагы учурларды тарых сабагы менен айкалыштырып укмуштуудай кызыктуу сабак өтөт эле. Бул адамдардын түрткүсү менен жана өзүмдүн кызыгуум менен мен бул жолду, бул кесипти тандап алгам.
  • Азыркы кезде аскерден качкан жигиттердин саны өстү. Буга эмне себеп деп ойлойсуз?
  • Ар бир жигит тандаган кесибинен тышкары аскер кызматын сөзсүз өтөшү керек.  Бул анын милдети болуп саналат. Бирок тилекке каршы, азыр милдет деген нерсе жоголуп калгандай. Жоокер болчу жигиттердин көбү армияга барбай,  сүйлөшүү жолу менен аны чечип коюп жатканы өкүнүчтүү.  Армия деген бул – өзүңдү чыныгы жигиттик жашоого даярдоо.  Советтер Союзу учурунда талап катуу болчу.  Ал кезде аскерде кызмат өтөө – чыныгы эркектин иши экенин эскертип турушчу. Мен бул пикирге толугу менен кошулам. Эркек кишинин жоокер болбой калышы мен үчүн  жашоо маңызынын  бир жери кемип калгандай сезим калтырат. Аскерге баруу менен сен өзүңдү татаал жашоого, кыйын кезеңде буттан чалынбай жашап кеткенге даярдайсың.
  • Акыркы жылдары жоокерлердин өлүмү кескин көбөйүп жатпайбы. Ата-энелерге балдарынын өлүмүнүн себебин тыңыраак айта албай калып жаткан учурлар жок эмес. Сиз жетектеп турган учурда мындай көрүнүштөр бар беле?
  • Улуттук Гвардияны 13 жыл, 9 ай жетектегем. Бүгүнкү күндө жана ошол убакта кандай тартип болгонун айырмалап айтуу мен тараптан туура болбой калат. Менин оюм боюнча өлкөбүздө, элде, саясатчыларда кандай тартип болсо, ошондой эле тартип куралдуу күчтөрдүн катарында да болот. Өлкөдө, элде тартип бузулду. Мындай учурда армияда да тартип бузулат. Мурда элде да, өлкөдө да жана армияда да тартип катуу болчу.
  • Сиз согуш талаасын көргөн адамсыз. Тынчтыктын баркын билесиз. Дүйнө тынч болбой турган маалда  мамлекетибиздин коопсуздугун сактоо үчүн эмне кылуу керек?
  • Мекенибиздин коопсуздугун сактоо ар бирибиздин милдетибиз. Милиция карайт же атайын органдар көзөмөлдөйт деп мындай жагдайда көңүл бурбай коюуга болбойт. Мамлекет жана анын коопсуздугу ар бир жаран үчүн бирдей.
  • Кымбат баалуу, таза кандуу ит багарыңызды билебиз. Канча итиңиз бар?
  • Азыр төрт итим бар. Биринчиси немец овчаркасы. Ал байкуш карып калды. Экинчиси Бельгия овчаркасы, породасы – малинуа. Үчүнчү итим  пекинес породадагы ит.  Бул да картайып калды. Төртүнчүсү Сибирь хаскиси.  Хаскини 8 айында 30миң сомго сатып алганбыз.  Калгандарын тааныш жолдошторумдан алгам. Буга чейин азиат, кавказ овчаркалары бар болчу. Европа овчаркалары да бар эле. Жөнөкөй иттерди да багып келгем. Ит негизи үйгө кароолчу эле эмес, адамдын досу деген сөз да туура. Иттин тилеги жакшы деп айтылат.  Балдарга жакын болот. Мурда тайган да бакчумун. Ал тайганды иниме белек катары берип койгом.
  • Өзүңүздүн кичи мамлекетиңиз тууралуу да айта кетсеңиз?
  • Эки уулум эки кызым бар. Улуу кызым турмушта, кызы жана эки уулу бар. Улуу уулум менин жолумду жолдоп, аскер кызматында майор. Кичүү уулум да аскер институтунда окуйт. Кичүү кызым орто мектепте 9-класста жана Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайында окуйт.

Маектешкен Гүлмира ШАРШЕЕВА

Булак: Фабула 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *