Абдыкадыр Орозбековдун өмүр таржымалындагы урунтуктуу учурлар

Аксакалдын сабаттуулугунан шектенгендер, андан кынтык издегендер

Айрым макалаларда, эмгектерде Абдыкадыр Орозбеков кат тааныбаган сабатсыз болгон, анткени борбордон келген “десант жетекчилер” ошондой адамдарды тандашкан деген калпыс көз караштар, пикирлерге туш болобуз. Ооба, туура, ал учурдагы жетекчилердин биринде да жогорку окуу жайын бүттү деген диплому болгон эмес. Бирок эгемендүүлүк доордо 2–3төн жогорку билимин ырастаган көп дипломдуу жетекчилер, ал турсун академик атыккан мамлекет башчысы баш болуп Кыргыз мамлекетин түптөгөн алгачкы жетекчилердей өздөрүн көргөзө алышпаганын эмне менен түшүндүрөбүз? Тескерисинче “билимсиз” жетекчилер өз кызыкчылыгынан өлкө кызыкчылыгын биринчи орунга коюп, эл үчүн өмүрүн сайып коюп иштешкен. Элге жакын болушкан. Ал эми эгемен доорундагы саясый элитанын негизги бөлүгү “өзгөчө билимдүү” болгону менен өлкө кызыкчылыгынан өз кызыкчылыгын өйдө коюп, байлык дегенде бардыгын сатып, айырбаштап ийүүгө даяр турушкан саткын элитага айланышканын танууга болбойт. Ар намыс, мамлекетчилдик, мекенчилдик дегенден алыс болуп жатканы да жалган эмес.

Ал эми Абдыкадыр Орозбеков өз колу менен жазган өмүр баянында сабаттуулугу тууралуу: “Менин билимим төмөнкү, мектепте окуган эмесмин. Ыңкылаптан кийин өз күчүм менен кыргызча жана орусча сабаттуу болуп алгам. Ташкент шаарында ВКП(б) БКнын Орто Азиялык бюросунун алдындагы үч айлык партиялык-советтик курулуштун курсунан өткөм” — ​деп “билимсиздигин” мойнуна алган. Демек, айрым макалаларда айтылгандай ал таптакыр сабатсыз болгон эмес. Жогоруда өзү жазган баянга дагы бир далил, 1926-жылдын 8-ноябрында Москвада өткөн Бүткүл Россиялык Борбордук Комитетинин XII чакырылышынын III сессиясында Кыргыз Автономиялуу Советтик Социалисттик Республикасын түзүү жөнүндө маселе каралып, ал жалпы кыргыз элинин максат-мүдөөсүн айтып, орус тилинде саясый доклад жасаганы. Өмүр баянында жазылгандай Аксакал өз билимин өркүндөтүү үчүн тынымсыз аракет кылган. Келечек билимдүү жаштардыкы болот деп, жаш муундун билим алуусуна, ошондой эле өлкөдө илим-билимдин өнүгүүсүнө иш жүзүндө ар убак камкордук көргөн.

Ким биринчи: Айдарбековбу же Орозбековбу?

Соңку учурларда Совет бийлигинин алгачкы жылдарындагы бийлик сересинде отурган инсандардын тарыхына арналган макалаларда биринчиликти талашкан жагдайларды кездештирип жүрөбүз. Өзгөчө Иманалы Айдарбеков менен Абдыкадыр Орозбековго байланыштуу. Экөөнү тең Кыргыздын тунгуч Президенти деген пикирлер да жазылып жүрөт. Ачыгын айтсак аларды тунгуч Президент деп аша чаап кетүүдөбүз. Ал учурда Кара Кыргыз облусуна Президенттик башкарууну киргизүү үч уктаса да түшкө кирбеген окуя болчу. Президенттик башкаруу Кыргызстанга өткөн кылымдын 90-жылы, октябрь айында киргизилген. Биз ала кушту атынан чакыргандай эле, совет бийлигинин алгачкы жылдарындагы кыргыз жетекчилеринин ээлеген кызматын ошол мезгилдин шарты менен эле атаганыбыз орундуу. Кара Кыргыз автономиялуу облусу 1924-жылдын 14-октябрында түзүлгөндө революциялык комитеттин төрагасы болуп Иманалы Айдарбеков шайланган. Иманалы Айдарбеков да өз мезгилинин мыкты уулдарынын бири болгон. Октябрь революциясына чейин эле сабаты ачылган, орус тилинде да мыкты жаза билген саналуу кыргыздардын катарында болчу. Анын өз колу менен жазган айрым документтерин Алматыдагы архивден кездештирип жүрөм. Ал эми революциялык комитет туруктуу мамлекеттик башкаруу институттары аныкталганга чейин, башкача айтканда алгачкы уюштуруу съездине чейин бардык маселелерди чечкен убактылуу бийлик болгон. 1925-жылы 27–31-мартта өткөн облусттук Советтердин I съездинде бардык чөлкөмдөн шайланып келген делегаттар расмий бийлик структурасын аныктап, анын жетекчилерин шайлашкан. Ошол алгачкы съездде Кара Кыргыз автономиялуу облусунун Борбордук Аткаруу Комитетинин төрагасы болуп Абдыкадыр Орозбеков шайланган. Ал учурдагы Аткаруу комитетинин төрагасынын ыйгарым укуктары өтө кеңири болгон. Жаңыдан шайланган төраганын Жарлыгы менен Эл Комиссарлар кеңешинин төрагасы, комиссарлар дайындалган. Бирок бул жерде да Абдыкадыр Орозбековду тунгуч Президент деп атоо туура эмес болуп калат. Ал эми Кыргыздын чыгаан эки инсанын бири-бирине карама-каршы коюп, “ким биринчи Президент болгон?” деген маселенин көтөрүлүшүнүн өзү туура эмес. Кыргыздын мыкты эки инсаны тең совет бийлигинин алгачкы жылдарында түптөлгөн Кыргыз мамлекетинин өнүгүүсүнө өзгөчө салым кошкон чыгаан инсандар.

А.Орозбековдун жетекчилик жана лидерлик сапаттары

Абдыкадыр Орозбековдун жетекчилик жана адамгерчилик мыкты сапаттары үчүн кыргыздын алгачкы саясый элитасы ага сый урмат менен мамиле жасашып, “Аксакал” деген аталышты ыйгарышкан. Өз замандаштарынын арасынан Аксакалга акаарат келтирип сүйлөгөн эч ким болгон эмес. Совет доорундагы Кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөөдө көч башында болуп, улуттук лидерге айланган Жусуп Абдрахманов өз күндөлүгүндө чогуу иштешкен чабал жетекчилерди өтө катуу сындаган учурлары болгон. Бирок анын күндөлүгүндө бир жолу да Абдыкадыр Орозбеков тууралуу терс пикирди кездештирүүгө болбойт. Мына ушундан эле Аксакалдын өз ишин мыкты билип, Кыргыз мамлекети үчүн жан үрөгөн аракетин көрүүгө болот. Ошондой эле Москвадан келип, кыргыз элинин менталитетин түшүнбөгөн, каада-салт, тарыхын билбеген, мамлекетттин келечеги үчүн чын дилинен күйүп иштебеген жетекчилерге каршы чечкиндүү пикир айткан топтун башында Абдыкадыр Орозбеков да болгон. Анын ачык далилдеринин бири, 1925-жылы 12-июнда А. Сыдыков, А. Орозбеков, И. Айдарбеков, Ж. Абдрахманов башында турган көрүнүктүү 30 адам акимдик-буйрукчул саясатка, Д. Каменскийдин иш ыкмаларына нааразычылыгын ачык түрдө билдирген кайрылуу катын Москвага жолдошкон. Бирок, И. Сталин бул катка оң жооп бермек түгүл, бул катты даярдаган кыргыз элитасынын мыкты өкүлдөрү жазаланып, көпчүлүгүн бийликтен четтетилип, айрымдарына сөгүш берилген. Бул жылдары Аксакалдын үстүн кара булут каптап, аны да кызматтан четтетүү үчүн аракеттер күчөйт. 1926-жылы гана куугунтуктоо бир аз пасаңдап, Кудайкулов, Бабаханов, Айтбаевдер жаатчылдыгы үчүн жазаланып, облусту тополоңдоткон Д. Каменский кызматынан бошоп, Кыргыз обкомунун 1-секретарлыгына борбордон Н. А. Узюков жиберилет. Өлкөдө кырдаал өзгөрөт.

1927-жылы Кыргыз АССРинин Советтеринин биринчи уюштуруучулук съездинде А. Орозбеков Кыргыз АССРинин Борбордук Аткаруу Комитетинин төрагасы болуп кайрадан шайланган.

Отузунчу жылдары Большевиктердин туура эмес саясатынан улам СССРдин көпчүлүк аймактарын ачарчылык каптап, Украина менен Казакстанда миллиондогон адамдар кырылып, өз өлкөсүнөн башка жака жан сактоо үчүн массалык түрдө чыгып кетишкен. Кыргыз элинин жетекчилеринин өз алдынча чечкиндүү аракеттеринен улам, өлкөнү ачарчылык каптабай, эл аман калган. Бул жерде А. Орозбековдун салымын, чечкиндүүлүгүн баса белгилеп кетпесек болбойт. Бул тууралуу Кыргыз элинин чыгаан акындарынын бири Эгемберди Эрматов жазган эскерүүсүндө төмөнкү маалыматты келтирген:

Ошол учурда ал Ысык-Көл тарапка бараткан. Жолдон эки-үч вагон сүйрөгөн поезд жолугуп калат.

— Бул эмне? — ​деп сурайт.

— Жалпы союздук фронтко жөнөтүлүп жаткан буудай, — ​деп жооп беришет.

Абдыкадыр Орозбеков ошол жерден вагондогу буудайларды артка кайтарып, ачкачылыктан кыргынга кабылганы турган адамдарга бөлүп берүү жөнүндө буйрук кылат. Анын ачкачылыктан элди аман алып калуу тууралуу мындай чечкиндүү кадамы кийин өз башына муш болуп, камакка алынып, каза болушуна башкы күнөө катары каралган. Мына ушул окуядан Аксакал өз кызыкчылыгынан элдин кызыкчылыгын өйдө койгонун, керек болсо өмүрүн да аянбаганын көрөбүз. Анын өмүр таржымалында мындай урунтуктуу учурлар арбын болгон.

Ал өтө жупуну жана жөнөкөй жашоону башынан кечирген. Москвага чоң бир жыйынга бараарда, жакшы кийими жоктугунан улам жакын адамдарынан карыз алып анан кийингени тууралуу маалыматтар эскерүүлөрдө кезигет. Ал эми Кыргызстанды кыдырган учурда жанына жалгыз эле жансакчысын алып, кыдырып жүрө берген. Жаңы бийликке нааразы болуп, колуна курал алып чыгышкан адамдардан коркпостон, кайрадан аларды өзүнө чакырып, курал-жарактарын таштатып, тынч жашоого өткөрүү үчүн сүйлөшүп ынандырган учурлары көп болгон.

Бирок ошого карабастан Абдыкадыр Орозбековго негизсиз дооматтар улам айтыла калып жүрөт. Алардын бири айтылуу Шахимардан тууралуу. Бул кооз аймактын Өзбекстанга өтүп кетишин Өлкөдө Компартияны көп жыл башкарып турган Турдакун Усубалиев 1995-жылы басылган китебинде, эч кандай документке таянбай туруп эле: Жайдын бир аптаптуу күндөрүнүн биринде Өзбекстандын Жогорку Кеңешинин төрагасы Ахунбабаев менен эң жакын досу Орозбеков жолугуп калып, сөздөн-сөз чыгып, өзбекстандык досу эс алууга жерибиз жок, ушул кооз жерди бизден аянба деп кайрылса, кыргызстандык досу дароо белекке тартуулап жиберген экен. Ошентип Шахимардан Өзбекстанга өтүп кетиптир, Орозбековдун айынан деп, алар сүйлөшүп отурганда жанында чай куюп угуп отургандай, жылаандын башын кылтыйтып жазат. Бул Орозбековду элге жек көргөзүүнүн амалында, же кийин өзүнүн тушунда Кыргызстандын көптөгөн аймактарынын кошуна өлкөгө берилип кетишинен актануу иретинде жазылган катары кабыл алышат, маселенин төркүнүн жакшы түшүнгөн окурмандар. Эгерде бул жер Усубалиев жазгандай белек иретинде берилип кеткенде, башкаларды мындай койолу, чындык үчүн чыркыраган, чачылган кыргыздын жерин жыйнаган Жусуп Абдрахманов өз күндөлүгүнө Аксакалга наалат айтып жазмак. Жогорудагы маалымат элдин башын айландырып негизсиз жазылганын Баткен тарыхын архивдик документтердин негизинде изилдөөгө алган окумуштуу Абдинави Кадыров өз эмгегинде далилдеп, Усубалиевдин жосунсуз жоромолдорун жокко чыгарат. Кылдан-кыйкым издеген айрым кесиптештериме, бул маалыматка кызыккан окурмандарга ынанымдуу болуш үчүн баткендик кесиптешибиздин китебинде эмне жазылса, ошол беттин сүрөтүн төмөндө сунуштап отурам. (Макаланын төмөн жагындагы сүрөттү караңыздар).

Абдыкадыр Орозбековдун ишмердүүлүгү тууралуу сөз учугун улай берсек созула берчүдөй, ал өзүнчө китеп болчудай. Мен бул макаламда тек гана башкы каарманыбыздын айрым урунтуктуу учурларына гана токтолуп, ал тууралуу сиздерди кабардар кылууну туура көрдүм. Бул макаланы эчак эле жазуу менин парзым эле. Чоң энемдин, айылдаш аксакалдардын айткандарын көп жыл ичиме катып келдим. Бир топ кызыктуу маалыматтарды 2009-жылы жарык көргөн “Абдыкадыр Орозбеков — ​Кыргызстандын биринчи жана чыгаан мамлекет башчысы” аттуу эскерүүлөр китебинен алдым. Балким учур келип, бул маселеге кайрадан кайрылаармын. Анткени кыргыз мамлекетин түптөөгө жана өнүктүрүүгө өзгөчө салым кошкон Аксакал тууралуу, ал менен кошо эмгектенишкен саясый элита тууралуу айтылчу жана жазылчу күндөр али алдыда. Алардын тазалыгы, мамлекет үчүн өмүрүн сайып эмгектенгени, мекенчилдиги бүгүнкү жана келечектеги саясый элита үчүн өрнөк жана улуу сабак!

Кыяс Молдокасымов, тарыхчы жана публицист,

КР Маданиятына эмгек сиңирген ишмер

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *