Данияр Абдыкаров криматалык Камчы Көлбаевге жолукпагам деп арыз жазыптыр, фотофакттар чыгып калса аны каякка катабыз?

Өткөн саныбызда “Данияр Абдыкаров Камчынын алдына тизе бүктүбү” деген темада куш тилиндей кабар кетти эли. Бул макала жарык көрөрү менен чын чычалайт болуп, генерал Абдыкаров чычалаганын билдирип, “2018-жылдын 11-сентябрында жарык көргөн “Фабула пресс” газетасында жарыяланган мени К.Көлбаев менен жолуккан деген материал чындыкка жатпайт. Аталган макала жана коллаж менин кадыр-баркыма жана мен иштеген системага атайылап көө жапкандык деп эсептеймин. Мен эч кандай шартта макалада айтылган жаран менен жолуккан эмесмин жана ошондой эле аталган маалымат жана коллаж боюнча өз укугумду мыйзамдуу талаада коргой тургандыгымды ачык билдиремин” – дептир. Ал тургай эки барак жалаяктай кылып ИИМге да арыз жазганга жетишиптир. Арыздын негизинде ИИМдин ички иликтөө кызматы ишти иликтеп, 2018-жылы туулган күндү дүңгүрөтүп өткөргөндүн эртеси, 4-августта каякта болдуңуз эле, жаныңыздагы тергөөчү ким эле, криматалыктын резиденциясында болгонуңуз калппы деп сураса эмне деп жооп берээр экенсиз? Же жолукканыңыз, криматалыкка деп атайын тартуу алып барганыңыз калппы? Эртең атайын кызматтын өкүлдөрүндөгү фото факттар чыгып калса аны каякка катабыз?

Булак: “Фабула”

 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *