Бакиев менен Атамбаевдин сүймөнчүгү Данияр Абдыкаров жоопко тартылабы?

Министрдин уруксаты жок түн катып Түркияга чыгып кеткен Данияр Абдыкаров кыска мөөнөткө эмгек өргүү алып эс алууга кеткенин, уруксат алганга үлгүрбөй калганын, ишке кайтып келгенден кийин ички тартипти бузгандыгы үчүн кызматтык иликтөөгө жооп бере турганын билдиргенин ИИМдин маалымат кызматы таратты. Анда белгилүү болгондой, министрдин орун басары 12-июнь күнү ишке чыгып, жооп берет. Чындап жооп береби же эс алган жеринен келбей коёбу деген суроо дагы да болсо ачык бойдон турат. ИИМ тармагынын чалмакейин чалган Абдыкаров кайтып келсе иштен эле бошотпостон ишмердүүлүгүн тыкыр текшерип, жоопко тартыш керек дегендер арбын.

Булак: “Фабула”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *