Абдылда Иманкулов, куудул: “Бүгүнкү бийлик ар бир концерт залына видеокамера орнотуп, азыр куудулдардын да сөзүн аңдый баштады”

Белгилүү куудул Абдылда Иманкулов Бишкектеги спорт сарайында 8-март эл аралык аялдар майрамына арналган концерт берип, анын арасында өлкөбүздөгү саясый турмуштун деңгээлин да чымчылап өткөн. СДПКчы депутат менен куудулдардын ортосундагы ызы-чуудан кийин бийлик ар бир концерт залдарына видеокамераларды орнотуп, куудулдардын концертин аңдый баштаганы, эгер акын Байдылда Сарногоев азыркы парламент шайлангыча өлүп калбаса булар аны да каматышып коюшмагы, бийликтин элди түштүк-түндүккө бөлүүсү сыяктуу көптөгөн актуалдуу көйгөйлөрдү тамашага алган.

Булак: “Санат-ТВ”, Ютубга жүктөгөн Санжар Калматай

2 comments

  • Алик says:

    Пикир: Туурале кылган антпесе негизи куудулдар бираз аша чаап кеттинер демократия деп эле оозго келген нерсени айтаберген да туура эмесго

  • Залкар says:

    Анан Куудулдар менен Акындар айтпаса бийликтин кемчилигин сен айтасынбы Алик. Эзелтен акындар Женижок,Токтогул,Барпы куудулдар Куйручук,Шаршен аталарыбыз бийликти сындап келген.

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *