Абдыжапар Бекматов, БШК төрайымынын орун басары: “Талапкерлер соодалашуу үчүн саясатка ык койгондой…”

– Абдыжапар мырза, бир жолку брифинг учурунда БШК төрайымы Нуржан Шайлдабекова президенттикке талапкерлердин арасында алдамчылык, коррупция, бейбаштык сыяктуу беренелер боюнча айыпталгандар бар экенин айтты эле. Эми ошондой кишилердин шайланып, өлкөнү башкарып калбасына канчалык кепилдик бар?

– Биздин конституциялык мыйзамдын негизинде жарандар президенттикке талапкер катары өзүн-өзү көрсөтүү жолу менен жана саясый партиянын чечими менен каттала алышат. Бирок, алар көрсөтүлөр замат эле катталып калат дегенди билдирбейт. Катталыш үчүн 30 миң кол топтоп, мамлекеттик тилди билүүсүн аныктаган сынактан өтүп, шайлоо күрөөсүн коюуга тийиш. Андан тышкары, БШК тиешелүү мамлекеттик органдар аркылуу анын Кыргызстандын жараны экени, биздин өлкөнүн аймагында он беш жылдан кем эмес жашаган-жашабагандыгы, ИИМдин алдындагы маалымыт борбору жана сот органдары аркылуу соттолгон-соттолбогондугу ананыкталат. Эгер соттолуп, соттуулугу мыйзамда көрсөтүлгөн жолдор менен алынып салынбаган же жоюлбаган болсо, андай жарандар талапкер катары катталбайт. Мына, бүгүнкү күндө БШКга 59 талапкер арыз берген болсо, алардын арасынан эки талапкер-Темир Сариев менен Өмүрбек Бабанов гана расмий түрдө катталды.

– Үстүнөн кылмыш иши козголуп, бирок кыскартылып калган талапкерлерчи?

– Жаран соттун айыптоочу өкүмү күчүнө киргенден кийин гана соттолгон катары эсептелет. Иш козголгону же башка жагдайлар жарандардын президенттикке талапкер катары катталуусуна жолтоо боло албайт.

– Конкреттүү мисалга токтоло турган болсок, Ахматбек Келдибеков талапкер катары каттала алабы?

– Мен тиешелүү органдардан тиешелүү маалым каттар, же тиешелүү документтер келгенге чейин эч нерсе деп айта албайм. Келдибеков болобу, же башка жаран болобу, биз мамлекеттик органдардан алынган документтердин негизинде гана иш кылабыз.. Мыйзамда ушундай жол бар, белгилүү бир мөөнөт өткөндөн кийин соттолгон кишинин соттуулугу өзүнчө эле жоюлуп калат. Же жарандардын кайрылуусу боюнча соттуулугу мөөнөтүнөн мурда алынып салынышы да мүмкүн.

– Өзүңүз айткандай, башында 59 талапкер арыз берген болсо, азыр алардын кырк тогузу калыптыр. Алардын көбү мамлекеттик тилди билүү боюнча сынактан өтпөй калып жатышат. Мунун себеби эмнеде?

– Мен билгенден төрт-беш эле талапкер мамлекеттик тилди тиешелүү деңгээлде билгендиги боюнча сертификат алалышкан жок. Бирок, алардын үч күндүн ичинде апелляциялык арыз менен кайрылып, кайрадан сынакка катышууга укугу бар.Талапкерлердин санынын азайганы жалгыз эле тил сынагына байланыштуу эмес. Өзүн өзү көрсөтүү жолу менен койгон үч талапкер өздөрү мындан ары шайлоого катышпайбыз деп арыз беришти. Эки талапкердин жашы жетпегени үчүн документин кабыл алуудан баш тарттык. Төрт талапкер боюнча мыйзамда көрсөтүлгөн документтерди өз убагында тапшырбагандыгы, шайлоо фондусун түзбөгөндүгү жана башка себептер менен каттоодон баш тартуу тууралуу чечим кабыл аддык.

– Миллион сомдук күрөө да көп талапкерлердин катталуусуна жолтоо болот чыгаар?

– Мен аны жолтоо деп айтпас элем. Мындай мыйзам нормасы көп өлкөлөрдө бар. КМШ өлкөлөрү менен салыштырып караганда, бизде шайлоо күрөөсү эң аз. Кошуна Казакстанды эле алсак, аларда бизге салыштырмалуу бир нече эсе көбүрөөк. Анткени, шайлоо өнөктүгүнө жөнөкөй салык төлөөчүлөрдүн акчасынан түзүлгөн бюджеттик каражат жумшалат. Айталы, тиешелүү плакаттар жасалат, катталган талапкерлерге акысыз эфирдик убакыт, басма сөздөн аянтча берилет. 59 талапкердин баары эле өтөөрүнө жүз пайыз көзү жеткенинен койгон жери жок да. Бирөөлөрү өзүнүн саясый беделин билиш үчүн, же бирөөлөр менен соодалашуу үчүн койгон болушу мүмкүн. Эмне үчүн алар бул ишти бюджеттин, салык төлөөчүлөрдүн эсебинен жасашы керек? Өзүнүн каражатында жумшасын да. Бул норма ушул максатта киргизилген.

– БШКнын Баткендеги атайын өкүлүнүн иштен алынышы тууралуу эмне айта аласыз? Тойдо кайсы бир партияны жактап тост сүйлөгөнү үчүн эле кызматынан кетирген туурабы?

– Мен Замира Жороеванын өз каалоосу менен арыз жазганын, ошол арызынын негизинде иштен кеткенин гана билем. Себеби, ал буйрукка мен виза койгом. Ал эми тост сүйлөгөнү боюнча эч кандай маалыматым жок.

– Кандай дейсиз, БШКнын мүчөсү жаран, шайлоочу катары кимдир бирөөнү жактаганга акысы барбы?

– БШКнын мүчөсү катары биз Борбордук шайлоо комиссиясынын иш-чараларында, кеңешмелеринде, жумушчу топтордун отурумдарында бейтарап болушубуз керек. Парламенттик фракциялар аркылуу көрсөтүлүп, шайланып келгенден кийин дагы биз мыйзамдын негизинде саясый партиядагы ишмердүүлүгүбүздү токтотуп коюушубуз зарыл.

Булак: “Азия Ньюс”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *