Абиш Халмурзаев, өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү: Чек ара боюнча өтө татаал маселе Тажикстан менен болууда

Эти баткендик болгону менен сөөгү ноокаттык бу жергиликтүү чиновник менен да ар квартал сайын баарлашып, өрүкзарлуу аймактын абалынан кабар алып турмайыбыз бар. Маектешим быйыл 63 жашка чыкса да, жаштардан кем калышпай, пайгамбар жаш курагында күжүлдөп иштеп жаткан чаты. Биздин бул жолку баарлашуу күзгү жыйым-теримден башталды.

– Абиш аке, Баткенде күзгү оруп-жыйноо өнөктүгү аяктадыбы? Жалпы облус аймагында быйыл түшүмдүүлүк кандай болду?

– Баткен облусунун аймагы боюнча быйыл жалпы 24 миң гектар аянтка эгин эгилген. Мунун ичинен кайрак жерлерге эгилген эгиндин ар гектарынан түшүмдүүлүк 18 центнерден айланса, япондук жаңы ыкма менен себилген эгин аянттарыбыздан 55 центнерге чейин алдык. Жалпысынан суулуу жерлерибизден 28ден 35 центнерге чейин түшүм алдык. Кудай буюрса, түшүмдүүлүк жаман эмес, эгин-тегиндерибизди жыйноо өнөктүгү аяктады. Кадамжай районунан күздүк себүүнү баштасак, Лейлек районунан 200 гектар аянтка күздүк эгиндерибиз себилди. Азыр биз жакта жамгыр жаабай, жерде нымдуулук болбой жаткандыктан күздүк себүү да кечеңдеп жатат. Ошентсе да күздүк себүү өнөктүгүбүзгө трактор баштаган баардык техникалык шаймандарыбыз, сапаттуу үрөндөрүбүз, күйүүчү-майлоочу майларыбыз даяр. Быйыл көбүрөөк басымды сапаттуу урукка жасап жатабыз.

– Облустагы чек ара чырына байланышкан абалыңар кантип жатат? Негедир тынчсыңар го бул жагынан. Конфликттер маал-маалы менен кайталанып турганынан улам айтам да…

– Чек ара боюнча өтө татаал маселе азыр Тажикстан тарап менен болууда. Анткени, коңшу Тажикстан менен биздин чек араларыбыз аныкталган эмес. Лейлек районунун Кулунду айыл өкмөтүндө эки жер бар. Бул тилкенин эки тарабында, тагыраагы, Кыргызстан менен Тажикстандын эки тарабында тең кыргыздар жашашат. Ушул сыяктуу жерлерден ары-бери өткөндө анча-мынча кыйынчылыктар жаралып калууда. Мындай көйгөйлөрдөн улам коңшу өлкөнүн чектеш жайгашкан облус башчылары менен бул жагдайларды сүйлөшүүлөр аркылуу чечип жатабыз. 2008-жылы Адахан Мадумаров коопсуздук кеңешинин катчысы болуп турганда Тажикстандын расмий бийлик өкүлдөрү менен чек ара көйгөйлөрү жана массалык, маданий, спорттук иш-чараларды өткөрүү, улуттар аралык биримдикги альш келүү боюнча келишимге кол коюшкан экен. А негизи эки өлкөнүн такталбаган чек ара тилкелерин тактоону өкмөттөр аралык жумушчу тобу чечкендиктен, биз аларга өз сунуштарыбызды берип жатабыз. Тажикстандык кесиптештерим менен жакшы мамилем бар, алар менен да эки тараптуу байланышты күчөтүп жатам.

Калыгул Бейшекеев

Булак: «Азия ньюс»

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *