Абылгазиев башбакан болот

Технократтар менен кош айтышкан соң аткаруу бийлигине тажрыйбалуу, арабаны аттын алдына коюп алып чапкылабаган адамдар келсе деген илгери үмүт коомчулукта турат. Саясат менен алектенбеген, аткаруу ишин мыкты өздөштүргөн деп сыпатталып жаткан, президенттин ишенген кадры саналган Мухаммедкалый Абылгазиев башбакан болмой болду. Анын талапкерлигин көпчүлүк коалицияга КСДП сунуш кылып, көпчүлүккө кирген “Бир Бол”, “Кыргызстан”, “РАЖ” толугу менен колдоп берди. Абылгазиев президенттин жаңы кадамдарын колдой турган киши. Эки жакты карап кылчактабайт. Бул кош бийликтин урап түшүшүнө жол ачат.

Булак: “Жаңы ордо”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *