Адахан Мадумаров, “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын лидери: «Өкмөткө келген балдар балмуздак жеп олтурган жеринен эле көтөрүлө калышты»

— Адахан Кимсанбаевич, сиз менен пикирлеш болуп бириккен Ахматбек Келдибековдун талапкерлигин БШК каттоодон баш тартты. БШКнын иш аракети жөнүндө эмне деп айтасыз?

— Мыйзамсыз, баары аралашып кеткен түшүнүк менен жашап жаткан мамлекетке айланып калган соң, кандай гана чечим чыкпасын күмөн саноонун кажети жок. Садыр Жапаровдун, анын бир туугандарынын, балдарынын камалышы, Текебаевдин баш коргоо чарасын өзгөртүү, Бекболот Талгарбековдордун камалып олтурушу боюнча чечимдер мыйзамсыз экенин учурунда айткам. Муну да ошондой кабыл алдым. Эч кандай өзгөрүү жок. Баардык нерсенин башы бир. Ал – мыйзамсыздык. Кайсыл бир чечимдерди кабыл алганда элге жеткиликтүү кылып жеткизип берсе, эч кандай маселе болбойт. Баары бүдөмүк болуп атпайбы.

— Өзбек президенти Шавхат Мирзиёев Кыргызстанга атайын иш сапар менен келип кетти. Бул иш сапарында эки өлкөнүн чек араларын тактоо маселеси боюнча эки президент чек аранын 85 пайызы аныктала турган документке кол коюшту. Мындай жылуу мамилеге өзбек тарап түрткү болду деп айтсак туура болобу?

— Эки тарап бири-бирине бирдей мамиле жасабаса, эч качан эки тараптуу мамиле болбойт. Бул 26 жылдан бери талкууланып, эчен жолу кайрадан калтырылып келаткан эле маселе. Муну чечүүгө саясий эрк керек болчу. Маселе кандай болуп чечилди? Кептин баары ушунда турат. Кайсыл кызыкчылыктарды эске алуу менен чечилди? Аны күн өткөн сайын улам-улам иликтеп билебиз. Чек ара кайсыл жерден өткөнүн көрөбүз. Ошондо баракелде деп кол чабышыбыз, же аттиң деп сан чабышыбыз мүмкүн. Чек аранын кандай чечилгенин билбей туруп бир нерсе айтуу өтө оор.

— Маселе коңшуларга жылуу мамиле жасаганда болуп жатпайбы. Кыргыз бийлиги 7 жылдан бери өзбек тарап менен мамилени оңдой албай келген. Өзбекстандын президенти Шавхат Мирзиёев шайланганына бир жыл болбой жатып коңшулары менен болгон мамилени оңдоого көңүл бурду. Ал киши Орто Азия мамлекеттеринин ортосунда ачык мейкиндикти түзүүгө аракет көрүп жаткандай таасир калтырып жатпайбы?

— Туура, Шавхат Мирзиёев бир гана Кыргызстанга эле эмес, бардык коңшуларына жакшы мамиле кылып жатат. Башта Өзбекстандын башка кошуналары менен да мамилеси салкын болуп, аябагандай тирешүүлөр болчу. Бул киши президент болуп келгенден бири биздин ата-бабаларыбыздан калган “Алыскы туугандан жакынкы кошуна” деген принципти тутунуп жатат. “Биз кошуналар менен жылуу мамиледе болушубуз керек” деп жарыялап, иш аракеттерди да жасоодо. Ошондуктан, бул ийгиликти Кыргызстандын жетишкендиги деп бир тараптуу айтуу кыйын. Эл аралык мамиледе сөзсүз түрдө эки тараптан тең кызыкчылык болушу зарыл. Ушул мезгилге чейин кандайдыр бир себептер менен андай мамиле болбой келсе, ийгиликти гана эмес, кемчиликти дагы эки тараптуу караш керек. Буга чейин “Кыргызстанда бир киши менен сүйлөшүп, маселени аягына чейин талкуу кылып бүткүчө экинчиси келип калат. Экинчисине түшүндүргүчө үчүнчүсү келет. Ошондуктан маселе ордунан жылбай жатат” деген дооматтар айтылчу. Мунун да жүйөөсү бар. Жараткан чийеленишкен татаал мезгилдер чечилет деген мезгилдери болот. Ар бир нерсенин өзүнүн убагы келет. Ага инсандын канчалык даражада тийешеси бар же жогуна тарых жооп берет.

— Өзбек президенти биздеги боло турган президенттик шайлоо тууралуу “Мен кыргыз эли бүгүнкү саясатты улантып кетүүчү адамды президент кылып шайлап алат деген ойдомун” деген пикирин айтты. Бул сөзү менен өзбек улутундагы шайлоочуларга таасир этип, бийликтин мураскерине карата жан тартты деп бааласак туура болчудайбы?

— Муну жаап-жашырып олтуруунун кереги жок. Ошондой эле кабыл алыш керек. Андай пикир болбогондо дагы КТР менен ЭлТР ошондой кылып жеткирүүгө аракет кылат. Бул сөз кандай мааниде айтылды, ал башка маселе. Ар бир мамлекеттин жетекчиси башка мамлекетке барганда, сөзсүз ошол жердин шартына жараша сөз сүйлөйт. Бирок, ошол мамлекеттин ички аткаминерлери ал сөздү өз жарандарына кандай кылып жеткирет, бөлөк маселе. Бир түш көрсөң, түшүмдү жоруп бер деп төрт кишиге барсаң төрт башка жоруйт. Ошол сыяктуу эле ал мамлекеттин жетекчилеринин айтканын өздөрүнчө жоруй берет. Кээ бир жерлерде жылмайып туруп айтып койгон сөзүн, бизди колдоп, кубаттап сүйлөдү деп жоруса, башкалары басмырлаган сыяктуу жоруп коюшу мүмкүн. Ар ким өзүнүн акылына жараша түшүнөт. Мен андай, мындай деп ойлойм дегенден алысмын. Ар ким деңгээлине жараша жоруй берсин.

— Аткаруу бийлигин жаштарга бердик деп жатат. Жаштардан куралган Өкмөт “40 кадам” менен ийгилик жаратабыз деп жатат. Өздөрү айткан ийгиликке жетише алабы?

— Бул жомок, утопия. Кеп адамдын жашында эмес, кеп адамдын тажрыйбасында. Азыркы келген Өкмөт тажрыйбасыз. Кыргыз Өкмөтүндө бала бакча жасоонун кереги жок. Жаш жигиттер, кыздарыбыз келсин, бирок тажрыйбасы болуш керек. Бүгүн 70 жашка чыккан аксакал 30 жаштагы жигиттен көбүрөөк нерсени түшүнөт, көбүрөөк пайда алып келет. Тескерисинче, 30 жаштагы жигиттер 70 жаштагы аксакалдан арттка калып калгандары бар. Кеп жашында эмес, кеп башында. Башы кандай иштеп жатат, кандай тажрыйба жыйнаган, эмнеге жарамдуу? Баардыгы өзүнүн орду менен болгон жакшы. Азыркылардын программасы кызылдай жомок. Бир эле программасын карап көргөн болсоңуз, аны ишке ашырууга 2 млрд доллардын тегерегинде акча кетет. Ал акчаны кайдан табат? Кимден сурап келет? Бул жаштарда таптакыр жоопкерчилик, ойлонуу деген жок. Оозуна эмне келсе ошону лап этип айтып салат да, эртең жооп берем деген сөзүм жок. булар бир мүдүрүлүп, бир туруп, таштан-ташка урулган бышкан суудай болгон эмес. Өкмөткө келген балдар балмуздак жеп олтурган жеринен эле көтөрүлө калышты. Эртең эл аралык мамилелер болгондо алар менен кандай сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт деп корком. Сырттан конок келгенде алар менен кандай деңгээлде сүйлөшөт деп корком. Вундеркинд болуп кеткенде дагы тажрыйбасы жок жакшы ийгиликти жарата албайт.

— Жакында болуп өтчү президенттик шайлоонун жүрүшү кандай болоруна бөлөк өлкөлөрдүн аналитиктери да эмитеден байкоо салып жатышат. Орустардын аналитиктери “Кыргыз мигранттарынын көбү биометрикалык каттоодон өткөн эмес, алар шайлоого катыша албайт, шайлоочулардын саны талаш жаратышы мүмкүн” деген жыйынтыгын чыгарышты…

— Бул азыркы бийликтин жасап жаткан арам кадамдары. Өз элине, өз жарандарына жасаган кыянаттыгы. Мунун түбү жакшылык менен бүтпөйт. Булар инсан катары аябагандай катуу азапка тартылат. Жүз миңдеген жарандардын укугун тебелеп, аларга кыянаттык кылып, өзүм билем деген саясатты жасап жатышат. Райондорду бөлүп алышып, ал жакка өздөрүнүн жетекчилерин дайындап, күн-түн дебей кекиртектерин кырып, ошол жерде чуркап жүрүшүп жатканын көрүп атабызбы? Көрүп жатабыз. Ошол райондон чыккан, чөнтөгүндө төрт тыйыны барлардын баары кеткен, айдалган. Мына, Кара-Суу, Өзгөн, Кара-Кулжа, Ноокат райондорунда эмне болуп жатканын көрүп атабыз да. Булар акыры Жараткандын катуу жазасын алат. Аманатка кыянаттык кылышууда. Бул деген оор жаза. Пенденин ойлоп тапкан жазасы болбогону менен булардын башында Жараткандын оор жазасы бар. Азыр түшүнбөй жатат, сокур болуп калышты. Көздөрүн май басты, доллар басты, кутуруп кетти. Коркуу сезими жоголду. Биз түбөлүктүүбүз, баардык нерсе биз айткандай болот, биз жооп беребиз, биз чечебиз деп ойлоп калды. Алар шайтандын жетегиндеги адамдар. Булар ойлогондой болбойт. Аягы опурталдуу, абдан оор болот. Жараткан эч кимди жазасыз калтырбайт.

— Бириккен төрт саясий лидер бир партияга айлана турган болуп, партиянын атын “Кайра Жаралуу” деп атаганыңыздарды жарыяладыңыздар…

— Бир үйдө маалымат бир жерден чыгат. Төрт жерден чыкпайт. Шашма саясат каныбызда барбы дейм да. Партиянын аталышы, курамы боюнча шашпашыбыз керек. Биз төртөө эле эмеспиз, кошулабыз, колдойбуз деген азаматтар толтура. Мүмкүн бираз жылдырып туруш керек болот. Атты токуп алып чаап кете бергенден эмне пайда чыгат? Биз да араңарда болгубуз келет дегендер менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Кошулабыз дегендердин баарын чогултуп алып, бир жыйын өткөргөн жакшы эмеспи. Бүгүн эле 3–4 партия “Адахан Кимсанбаевич, туура айтып жатасыз. Кокту-колот болгон майда партиялар бир партияга биригиш керек экен” деп кетти. Мындай сүйлөшүүлөр күнү кур эмес. Балким, 3 партиянын курамындагы эмес, 30 партиянын негизинде бириккен бир партия түзүлөөр. Менин оюм боюнча ынтымактуу болуу үчүн Кыргызстанда бир эле партия болуусу керек. Партия түзүү деген ынтымакты ыдыратуу, бүтүн нерсени укалап жок кылуу, майдалоо. Бизде “Кыргызстандын касиеттүү эли” дегендей бир партия болсо керемет болмок. Андай болууга ортодо жүгүрүп жүргөн шайтандын желдеттери мүмкүнчүлүк бербейт. Мүмкүн, 3–4 партия болот. Бийликчил, эл тарапчыл, ортомчулдардын партиясы деген. АКШны карап атсаңар, 300 млн калкы бар өлкөдө 2 эле партиянын ортосунда күрөш жүрөт.

— Адахан Кимсанбаевич, суроомду толук берейин. Көп партиялардан куралган партия түзүлгөндө, лидерлердин ортосунда тең төрага болуш керек деген талаш нерсе жаралат. Сиз бир лидер болушу керек деп айтып келесиз. Көп партия куралганда дагы ошол пикириңизди өзгөртпөй бекем турасызбы?

— Позициямды өзгөртпөйм, ошол эле көз карашта калам. Жакшысы ал жерде болбой эле коём. Тең төрага ээси жок деген сөз. Бир сөздү айтыш үчүн “теңим эмне дээр экен” деп күтүп олтурушуң керекпи? Андай болбойт. Чоң партия түзөбүз деп атканда тең төрага болбойт деп маселе койгонмун. Кимиң болсоң ошонуң бол, бирок бир төрага болот дегем. Тең төрагалык кандай болоорун көрбөдүкпү. Эл талап кылып жатат деп бириккен партиялар кайра эле бөлүнүп кетишпедиби. Себеп, бир маселеге көз караш ар кандай. Мен мыйзам мыйзамсыз, адилетсиз өттү деп айтсам, экинчи тең төрага аябай сонун өттү деп чыкса туура болобу? Ушундай ыкма менен өнүгөбүз деген партия турмак, мамлекеттердин бирөөсү да өнүкпөйт.

— Эки революциядан кийин кимдин акчасы көп болсо, ошол адам президент болуп шайланып келди. Сиздер дагы бир талапкерге токтолуп, аны колдойбуз деп атасыңар. Кимде тыйын болсо ошол адамга токтолосуңарбы?

— Эки жолу акчасы бар кишиге токтоп, кесепетин коом көрдү. Акчалуу киши кайда алып барарын, акча менен чечилген маселе кайсыл жерге чейин барарын көрдүк. Эми токтолуп, акылдашып ойлонушубуз керек. Тилекке каршы, азыр адамдар башыңдагы акылыңа эмес, Ак үйдөгү жакыныңа карап калды, башыңдагы оюңа эмес, короодогу коюңа карап баалап калбадыбы. Ушуну эл талап кылып жатат. Эл кандай болсо бийлик ошондой болот. Коом да оорукчан болуп бүттү. Эл өз напсисине каршы тура алабы, кызыл кекиртегинин жетесинен чыга алабы, анча-мынча ичкен шорпо-шиленинен кайта алабы, кызарган тыйынды көргөндө ошого ээрчип кетип калбайбы? Ушунун баарына коом даяр болуш керек.

— Элди эле күнөөлөй бербей, ушундай абалды жараткан саясатчыларды күнөөлөө туура болот го дейм? Сизди Өзгөн эли тыйыны жок эле депутат кылып шайлабады беле…

— Наралы, Кыргызстанда жашап жаткан ар бир инсандын кесибине карабай болуп жаткан окуяга күнөөсү бар. Мен ар дайым болуп жаткан окуяларга баарыбыздын күнөөбүз бар, менин да күнөөм бар деп айтып келем. Күнөөм бар деген сөздү менден башка кимден уктуңар? Ката кетирбеген эч ким жок. Күнөөсүз жалгыз пайгамбарлар. Дин кызматкерлердин дарегине жакшы эмес сөздөр айтылып жатат. Алар да жооп бербей олтурушат. Дин кызматкерлери Алладан коркуп жашап жатышабы же бийликтен коркушабы? Арам деген нерсени адал деп койсо деле унчугушпайт. Мусулманчылыктын беш парзынын бири намазды окубай койсо болот деп атат, ага да унчукпай жатат. Туура болсо туура, туура эмес болсо туура эмес айтып жатасыз деп айтпайбы.

— Биздин идеяга макул болгон пикирлештерди биригүүгө чакырып жатабыз деп айтып жатасыз. Бийликтин талапкери катары бараткан Сооронбай Жээнбеков менен сиздердин позицияңыздар төп келишип калган болсо биригүүгө даярсыздарбы?

— Мен жылтырак кагазга ороп айта албайм. Анын позициясы төп келбейт. Кээ бир коллегаларым “Эгер төп келип калган болсо, ага деле макулбуз” деп айтып жатат. Төп келбейт. Себеп, ал киши өзү “Мен Атамбаевдин ишин улантышым керек” деп жарыялады. Анын эмнесин төп келтиресиң. Эгер анын ишин ары карай уланта турган болсоң, анын пикири сени менен төп келген болсо бүгүн эле кошулуп ал да. Эмне каадаланасың? Ошонун иши туура эмес, биз башка жол менен кетишибиз керек деген үчүн альтернативдүү партия, саясий күч пайда болот. Менин инсан катарында ал кишиге эч кандай дооматым жок. Киши катары Акаевге, Бакиевге, Отунбаевага дооматым болгон эмес. Бирок, президент катары дооматым болот. Кайсыл ишин улантасың? 6 жылдын ичинде эмне болдук? Эртең “Кечиресиңер, мен жаңылышып алыптырмын. Бул кишинин ишин токтотом да, элдин пикирине төп келген жол менен кетем, бул жол болбойт экен” деп айтсын. Мен жанына барганга макулмун.

— Бийликтин көрсөткөн кадрына сиз менен чогуу жүргөн адам деле макул болуп, добуш бербедиби?

— Бул боюнча пикиримди ачык билдирип, өз позициямды айткам. Адамда бир позиция болуусу керек. Ар жакка, бер жакка карап кылчактоонун кажети жок. Чыдаса бир багытты алып, бир тарапта болушу кажет. Эгер ыңгайына жараша кете турган болсо, пикирлеш кишилери менен жүрүү кыйын болсо ачык эле айтыш керек. Айткан позициямды абдан туура деп билем.

Булак: “Жаңы Ордо”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *