Адамкул Жунусов дүнүйө мүлкүн түгөлү менен сатуудабы?

Президент Сооронбай Жээнбеков адеп коррупцияга каршы күрөшүүдө укурукту мамлекеттик бажы кызматында иштеген «майбаштарга» катуу ыргыткан. «Чу» эле дегенде тырмагынын учуна чейин майланыша байыган Нурбек Айбашов миллиондорду жымырып алуу боюнча камакка алынса, анын артынан кулкунунун айынан бажы кызматынын төрага орун басары Замирбек Ниязалиев да шектелип, караңгы жайга камалып кеткен. Ага удаа тармактын дагы бир «майбашы» Болот Бирназаров да торго чалынса, аталган кызматтын мурдагы төрагасы Азамат Сулайманов шектүү катары кармалып, кийин «бармак басты, көз кысты» саясаты аркылуу уй камагына чыкканы жалган беле? Кызыгы, аттары аталган бул эргулдарга удаа мамлекеттик бажы кызматынын мурдагы төрагасы Адамкул Жунусов да айыпталып, хансарайдай үйү тинтүүгө алынган. Дал ушундай ишараттардан кийин бажычы Жунусов «шымын булгап» катар-катар дүнүйө мүлктөрүн тез арада сатыкка койгону кандай? Бир эле үзүм, Ысык-Көлдүн «Ак-Марал» деген вип-аймагындагы миллиондорго бааланган уйун жакында 400 миң долларга (салыштырмалуу итбекер бааланган) шашылыш сатканы каңкууланды. Бул эргул бир кездери кол жоорутпай бажыдагы элдин ырыскысын калпып алып тапкан миллиондорго бааланчу мүлктөрүн тез арада сатып, чет өлкөгө качууну пландап жатабы? УКМК алдындагы коррупцияга каршы күрөшүү кызматы мындай шектүү фигуранын баскан изин иликтеп, кылтакка илбесе, Жунусов да Аскарбек Шадиев, Калыкбек Султанов, Икрамжан Илмиянов сындуу шумпайлар сымал чет өлкөгө кире качып, сырттан түнөк табабы? Эртең кеч болуп,бийликтин бетине көө жабылып калгыча, укук коргоо органдары ушуну ойлонушпайбы?

Канжар Борпошов

Булак: “Ачык сөз”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *