Адил Турдукулов: Атамбаев менен жолугуп, сүйлөшкөнгө моралдык укугубуз бар

Айрым жоон топ саясатчылар менен балтыр эти ката элек жаңы муундагы «балапандарга» караганда, каарманым саясаттын ой-кыры менен миң түрлүү сырларын жакшы билет. Ошондуктанбы, биздин кандай соболдорубуз болбосун, Адил мырза чечмелеп, «чайнап» берген жагынан айырмаланат. Эмесе, жаштык жигерин чыркыраган чындык үчүн арнап келе жаткан Турдукулов менен болгон кезектеги маегибизди сунуш кылабыз.

– Адил мырза, бүгүн Атамбаевдин бир кездеги жайнаган аткошчу, жандоочторунан дайын жок, «Форумда» азганактай тобу менен калганы, а бирок, ал киши мындай көрүнүшкө муюп калбай, кайрадан күрөшкө чыгары маалым болду. Оор учурларда айланасында жүргөн биздин шеф Асланбек Сартбаев, Эдил Байсалов жана жеке өзүңүздү Атамбаев чакырып, өткөн-кеткен кемчиликтерди унутуу менен кайрадан бирге болуп, парламенттик шайлоого өзү менен барууга көндүрсө барат белеңиздер?

– Калыгул, өзүң жакшы билесиң да, мен буга чейин айтып келгем, Атамбаев Измирге барып кызынын тарткан сүрөттөрүн сатуу менен алектенбейт, ал саясатта өзүнүн атын реабилитациялоого бүткүл үчүн жумшайт. Ошон үчүн ал башта ар кайсы саясатчылар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, консультация жасап жүрөт. Бул кадыресе көрүнүш. Бирок, Атамбаевге жолугушкан андай саясатчылар муну ачык айтпайт. Анткени, көбү коркок, кокуй, эртең эл эмне дейт?» деп ойлойт. Саясатчылардан бир гана Равшан Жээнбеков Атамбаев менен жолугушуусунун максатын түшүндүрдү. Равшан мырза Атамбаев менен акыркы 7 жыл иштешпегендиги, мамлекеттеги туура эмес деген иштерге эч кандай «салымы» болбогонун айтып берди. Тескерисинче, ал президент Атамбаевге сын айтып, оппозицияда жүргөндүгүн баса белгиледи. Бул жагынан алганда Аслан, Эдил жана мен делe ошондой. Ошондуктан, буга чейин башын кумга катып же кезинде Атамбаевге кошоматтанып, азыр түштөн кийин жамандап калган саясатчыларга караганда, Атамбаев менен жолугуп, сүйлөшкөнгө бүтүндөй моралдык укугубуз бар.

– Ким кандай дебесин, Атамбаев көздөгөн максатына баары бир жетет. Буга анын басып өткөн жеке тарых жолу далил. Анан калса акча жагынан бул киши бүгүн эч кимди алдына чыгарбайт. Ушундай жагдайларды эске алганда, ызасы башынан ашкан Атамбаев Соке досунан өч алып тынбайбы? Кандай болгон күндө да аны Атамбаев «музоо кезинен сүзүп койгон» эмеспи?

– Атамбаевдин абалы оор. Анткени, ал же анын «Апрель» телеканалы азыркы бийликтин кадр саясатын, коррупция менен күрөштү, тышкы саясатты, саясатчыларды куугунтуктоо же сөз эркиндигиндеги абал боюнча сын пикир айтып баштаганда, ага карата 7 жылдагы болуп кеткен бийликтеги каталарын Атамбаевдин өз көзүнө сайып жооп кайтарышат. Бирок, мындай көрүнүш кечке созулбайт. Эгерде экономикада өнүгүү көрсөткүчү, орто дүйнөлүк өнүгүү темпи 5%дан ашпаса, элдин нааразычылыгы азыркы бийликке карай күчөй баштайт. Ал нааразычылыкты Атамбаев же башка оппозициялык күчтөр көтөрүп чыгабы, бул жагы башка маселе.

– Ачык айтканда, бүгүнкү оппозиция Атамбаев менен биригүүгө ынтызар болуп, анын каржысына көз кызартышууда. Алмазбек Шаршенович максатына жетиш үчүн учурдагы оппозиция менен биригип кетеби, же саясатчылардан көңүлү калган неме жергиликтүү лидер, артынан эл ээрчитчү балдар менен команда курап, ошолор аркылуу максатына жетеби?

– Атамбаев 30 жылдан бери активдүү түрдө саясатта. Бийликте жүргөндө тилалчаак, акчаны жакшы көргөн жаш балдар же дөөпөрөс шопур, жансакчыларына бийликтин чоң бөлүгүн берип коёт да, оппозициядагы оор убактарда өзүнө каяша айта алган, «оор калибрдеги» салмагы бар саясатчылар менен эсептешип, саясый блок түзүүгө умтулат. Азыркы кыйын абалда ал биринчи сценарий менен мажбур болот. Антпесе, алдыга койгон максатына жетпейт!

– Сооронбай Жээнбеков алдыдагы парламенттик шайлоодо Атамбаев баштаган КСДПны өткөрбөй койгонго күчү келеби, же Алмазбек Шаршенович Соке досунун бут тосуусуна моюбай, каржылык жагынан күчкө салса да алдыга уруп чыгабы?

– Албетте, бул маселе азыркы бийликти кооптондурбай койбойт. Бирок, мурунку учурлардай административдик жол менен шайлоону одоно түрдө бузууга эч ким жол бербейт. Ошондуктан, менин алдын ала божомолум боюнча, Сооронбай Жээнбеков жана анын саясый командасы бийликчил партия түзүүгө барышы керек деп ойлойм. Анткени, ал айткан убадаларын ишке ашырыш үчүн өзү ишене турган саясый күчкө таяныш керек. Бул болсо Кыргызстанда 3-4 күчтүү партия түзүүгө жол ачат жана саясый өнүгүүнүн алдыга карай дагы бир баскычы болот.

– Мен билгенден КСДПнын катарынан расмий түрдө арыз жазып чыга элек болсоңуз керек. Бир курдай «Алмазбек Шаршенович КСДПны менден кийин сен башкарасың» деп айтканын мен аркылуу коомчулукка жар салганыңыз эсиңиздеби? Эгерде Атамбаев ошол убадасына турса, партлидерликти аркалаганга даяр белециз?

– Мен өзүм саясый көз карашым боюнча солчул багытта экенимди билесиң да. Бул мамлекеттин саясатта жана экономикадагы ролу күчтүү болуп, бийликтин социалдык багыты басымдуу болуш керек экенин түшүндүрөт. Азыркы Кыргызстанда орун алган жапайы капитализмден башка жолго өтүш керек. Мындай саясатты жарыялаган Кыргызстанда эки партия бар. Ал КСДП жана «Ата Мекен» партиялары. Парламенттик шайлоодо «Ата Мекен» партиясын колдогонумдун себеби да ошондон. Бир учурда бул эки партияны бириктирүү боюнча пландар да, сүйлөшүүлөр да активдүү жүргөн. Бирок, Өмүрбек Текебаев менен Алмазбек Атамбаевдин тирешүүсүнөн улам бул план иш жүзүнө ашкан эмес. Бул пенсияга жаш курагы жетип калган инсандар саясый аренадан кеткенден кийин айтылган партия коалиция түзүлсө, балким мен дагы партиянын лидерлигине таймашып көрүшүм мүмкүн.

– Жашыңыз барган сайын өйдөлөп баратат. Коомдук активисттиктен мамлекеттик кызматка барууга мезгил келди го? Сооронбай Жээнбеков кызмат сунуштаса барат белеңиз, же «эски жайытыңызды» эңсеп, Атамбаев көз ымдап, чакырса ошол тарапка ыктап кетесизби?

– Мен буга чейин да айтып келгем, азыр да кайталап коёюн, жеке өзүм мүнөзүм боюнча мамлекетчил адаммын. Эгерде мен салым кошо ала турган тармак болсо, таза, чын дилим менен иштеп берүүгө даярмын. Бирок, мунун арты кандайдыр бир саясый соодалашуу болбош керек. Ар бир кызматка профессионалдуулук негизде гана адамдарды дайындоо багытталышы кажет. Жансакчы, катчы, айдоочу өлкөнү башкарган доор ушуну менен аякташы зарыл.

Калыгул Бейшекеев

Булак: «Азия ньюс»

 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *