Адил Турдукулов: “Борбор Азия президенттеринин ичинен Атамбаевдин тарыхтагы орду өзгөчө бааланат”

Каарманымдан эң алгачкы маекти мындан туура төрт жыл мурун алганымда андагы баарлашуу «чийкирээктей» (азыркыга салыштырмалуу) сезилди. Андан бери саясаттын күнгөй-тескейин башынан көп өткөрүп келаткан бул саясатчы учурда кадимкидей такшалды. Сөздүн түз маанисинде, өстү.

-Адил мырза, президенттик шайлоодо тышкы күчтөрдүн кийлигишүүсүнө карабай Атамбаев өлкөдө ким кожоюн экенин көрсөтсө, президенттик шайлоодон кийин да эң жакын кадрларын жаңы бийликтин чечүүчү постторуна түртүп, кайрадан өлкө өзүнүн башкаруусунда экенин далилдегендей туюм калтырууда. Бүгүн мамлекетти башкарууда негизги «пульт» анын колунда экени талашсыз чындыкка айланды. Бул процесс качанкыга чейин созулат деп ойлойсуз? 

– Ооба, ар бир өлкө башчы ким болбосун бийликтен кетерде өз саясатынын уланышын каалайт. Керек болсо эң демократиялуу делген АКШда деле Обама кетерде ачык эле Хиллари Клинтонду сүйрөдү эле, бирок максатына жеткен жок. Анүстүнө Атамбаевде тарыхый да жоопкерчилик бар болчу. Тагыраагы, 7-апрелдеги революциянын идеяларын тебелетпөө жана аны улантуу. Ошон үчүн ал буга бүт аракетин жумшады. Бул процесс кечээ гана шайлоо өнөкөтү менен башталган эмес болчу. Ал «реваншист» деп баалаган Келдибековду Текебаевдин колу менен спикерлик кызматтан кетирип, кылмыш ишин козготту. Өзүн бир кезде «Чынгызхан» элестеткен Ташиевди кашаадан секиргенден кийин тентек баладай ойнотуп, таз кейпин кийдирди. Мадумаровду болсо «момпосуй» менен алаксытып, Түркияга айдап жиберди. Түлеевди күрөшө турган саясатчы эмес экенин туюп туруп, казынага акча кустурду. Ооба, иним, тышкы күчтөр боюнча туура аныктаманы айтып кеттиң. Анткени, буга чейин кыргыз расмий бийлиги тышкы күчтөргө көз каранды болуш үчүн оппозициялык саясатчыларга кандайдыр бир кепилдик берип, анын үстүнө акчасын да кошуп, Кыргызстандагы абалды туруксуздукка түртүп турчу. Муну да Атамбаев УКМКнын куралы менен токтотту. Тышкы күчтөрдүн да алдында кыргыз жеринде ким кожоюн экенин баса көрсөттү. Андан кийин ал кыргыз саясатчыларынын куйту аң-сезимин көрүп, өзгөрүп турганын билип туруп Конституцияны алмаштырды. Мунун башкы максаты – эмки президенттин укугун чектеп, өзү дайындаган өкмөт башчысы бирдей бийлике ээ, тең салмактуу болуп, бирөө дагы ойнобогондой кылдырды. Ошол себептен улам, ал бир кездеги саясаттагы өнөктөштөрү болушкан Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө дагы согуш жарыялады. Бирок, бул жерде тарыхта 7-апрелдеги революцияда кимдин жеңиши ээ болот( ?) деген бийигирээк идея болду да. Эми Атамбаев Сооронбай Жээнбековду да бекеринен тандаган эмес. Ал киши кандай катаал кырдаал болсо да аны 20 жылдан ашык КСДПсынан кетпей, Атамбаевдин жанында турду. Өзүнүн туруктуулугун далилдеди. Кийинки дагы бир себеби, Жээнбековдун түштүк жергесинен болуп, бул жерде да Атамбаев кадрдык ротация болуш керек экенине карап, тандоо жасады. Мында дагы бир себеп бар. Бакиев президент убагында эмне үчүн Атамбаев, Сариев, Байболов менен эсептешкенге мажбур болчу? Анткени, алар баары Чүйдүн баш көтөргөн тыңчыкмылары. Чүй кланынын дал ушул өкүлдөрү ошол убактагы бийликти Бишкектин ортосуна 10-20 миңдеген тарапташтарын ээрчитип келишип, митингдер менен жүдөтүшчү. Азыр да Жээнбековду сестентчү ошол күч бар. Ошондуктан, абдан маанилүү кызматтарга Кулматов менен Ниязовдун дайындалышы мамлекетти башкаруунун «пульту» чын эле Атамбаевдин колунда экенин айгинелейт. Бул кырдаал өзгөрөбү же жокпу, жаздагы парламенттик шайлоо менен байланышы мүмкүн. Эгер шайлоо өтүп, КСДП жана анын тегерегиндеги партиялар көпчүлүктү алып, Атамбаев премьер-министр болуп келсе, өлкөнү башкаруу «пульту» Атамбаевдин колунда кала берет. Андай болбосо, Жээнбеков күчөй берет, бул табигый көрүнүш болот.

– Кыйынды кыйын деш керек. Жеке мен Алмазбек Шаршеновичти саясаттын сырттанына салыштырат элем. Баш көтөргөн баардык саясый күчтөрдү алдын кынга киргизди, артын образдуу салыштырганда «маңкасын агызды». Атамбаевдин саясатта кыйын экендигин сиз моюнга аласызбы?

– Албетте, Атамбаев кыйын. Кыйынды кыйын деш керек. Анткени, ага окшогондорду «саясый жаныбар» деп коюшат. Булар алдыда кандай кадам кылышты логика менен гана чектелбестен, бар болгон сезимдери менен туюп, билип турат. Жаман көрүнгөндөн чочубайт. Негизи Атамбаев бүт өмүрүн бийликке жетүүгө арнаган болчу. Ошого жанын садага чапчу учурлар да болду. 20 жыл оппозицияда жүрдү. Ал тээ илгерки 1991-жылы айтылуу Абдыганы Эркебаев, Бакыт Бешимов менен КСДПны түзгөн болчу. Айрымдар билбейт чыгаар, ал партиянын катарында кезегинде кадимки Курманбек Бакиев да бар болчу. Атамбаев 1995-жылы парламентке депутат болуп, ошол убакта эле өзүн көз карандысыз саясатчы катары көрсөткөндүктөн, Акаев аны кийинки парламенттик шайлоодо административдик одоно мыйзам бузуу жолу менен депутаттык мандатын алып салган. Ага моюн сунбай, Атамбаев эч майтарылбай, 2000-жылдагы шайлоодо президенттике ат салышып, Акаев менен Текебаевден кийинки 3-орунду ээледи. Акаев анын бизнесин рейдерлик жол менен тартып алды. Муну менен да токтобой 2002-жылы Атамбаевдин кызына бычак менен лифтте кол салуу болду. Мындай кырдаалдардан соң ал үй-бүлөсүнүн амандыгын ойлоп, Түркияга кеткенге аргасыз болду. Бирок, көп өтпөй раматылык, бейиши болгур Мелис Эшимкановду 2005-жылдагы парламенттик шайлоодо колдоо менен ал кыргыз саясатына кайтып келди. 2005-жылдагы митингдерди өткөрүп, революцияны да жасап жиберди. Өнөр жай министри болуп, «реформа жасайын» деди эле, бийлик бутактарында бүтүндөй реформа болмоюнча эч кандай өзгөрүү болбой турганын билип, оппозицияга кетип, «Реформа үчүн» кыймылын түзүп, бирок, ошол жерде дагы Текебаев менен кошо лидерликти талашып келди. Ошондуктан, ал экөө кийин 2010-жылдагы 7-апрель окуясынан соң Роза Отунбаевага бийликти берүүгө мажбур болушту. 2007-жылы «бийлик менен оппозициянын ортосунда көпүрө боло коём» деп, Бакиевдин премьер-министри да болду. Аны ал жерде да жөн койбой, Бакиевдин бийлиги ууландырууга аракет кылышты. Акыры Максим Бакиевдин таасири күчөгөндүктөн, Атамбаевди кетиришти. Ал 2009-жылы эң ыплас, балит технологиялар менен коштолгон президенттик шайлоодо оппозициянын күчтүү талапкери болуп катышып, бийликтин маанайын бир топ эле түшүрүп, легитимсиз шайлоо экенин бүт дүйнөгө жар салган. Ошол убакта «менмин» деп төш каккылаган саясатчылар куйругун түйүп, кээ бирлери чет өлкөлөргө кире качышкан. 2010-жылдагы 7-апрель революциясына бир күн калганда Аслан Сартбаев тартып алган Атамбаевдин үйүндөгү видеосун баарыбыз көрбөдүкпү. «Мени керек болсо талаага алып барып көмүп койгула, бир эле сураныч, үй-бүлөмдү чыгарайын» деп суранат өзүн бакиевдер тарабынан байлап келүүгө келген андагы спецназдын башчысы Алмаз Жолдошалиевден. Бул дагы болсо анын майтарылбас, көкжалдык мүнөзүнүн белгиси. Дал ушундай сапаттарынын аркасында Атамбаевди эч ким сындыра албаган ажо болду тарыхта…

– Алты жыл бою кечээки устатыңыз Атамбаевди байма-бай сындап келдиңиз. Ушинтип жүрүп не муратка жеттиңиз? Күрсүлдөп турган чагыңызда Алмазбек Шаршенович менен эрегишүүнүн кажети бар беле?

– Мага бийлик менен күрөшкөндү Атамбаев өзү үйрөткөн. Ошон үчүн өзүнөн көрсүн (күлүп). Менин ишенимимде элдин кызыкчылыгын демократиялык мамлекет гана сактай алат. Демократиялык мамлекет болсо, сөз эркиндиги, күчтүү оппозиция бар жерде гана болушу мүмкүн. Мен алты жыл бою айткан сынды азыр деле кайталай алам. Чынында Атамбаевдин башкаруу доорунда эл күткөн көп мүчүлүштүктөргө жол берилип, кээ бир үмүттөр да өчкөн. Ошол эле маалда Атамбаевдин өлкө башчысы катары жетишкендиктерин да айтпай койбосо болбойт. Ал атаандыштык негизде шайлоону өткөрдү, добуштарды туура санай турган автоматтык системаны киргизди. Конституцияда жазылгандай бир мөөнөт президент болуп отурду. Бул Борбор Азия аймагында буга чейин болбогон укмуш көрүнүш. Атамбаев өзү дагы бир мөөнөткө калууну Путин менен Назарбаев ынандырганга аракет кылганын жашырган эмес. Андан кийин ал башка үлкөн президенттер менен ачык эле кайым айтышып, кыргыз мамлекеттин позициясын сыйлоого мажбур кылды. Буга чейин мындай болгон эмес. Атамбаев Борбор Азияда советтик бийликтен мурас катарынан чыкпаган, ачык күрөш аркылуу бийликке келген муундун өкүлү. Ошондуктан, тарыхый утуш Назарбаев менен Рахмон эмес, Атамбаев тарабында болот.

– Жаңы президент Сооронбай Шарипович менен позицияңар кандай болот? Кожоюндун «кара тизмесине» түшкөн соң азыркы бийлик деле сиз сыяктуу айланаңызда 4-5 өнөгүңүз менен иштешишпейт го ээ?

– Атамбаев жаңы президентке жакшы эле шарт түзүп берди. Керек болсо эң башкы атаандашын Атамбаев өз колу менен жайлады. Азыр оппозиция деле, Казакстан баштаган тышкы күчтөрдүн дагы Сооронбай Шариповичке көз карашы түз эле. Өзбекстан жана Тажикстан менен чек ара жана суу боюнча маселени чечкенге жакшы мүмкүнчүлүктөр бар. Бул маселелер чечилиши менен Сооронбай Жээнбековдун урматы өсөт, баркы жогорулайт. Ошону менен Борбор Азия мамлекетгери аркылуу бирдиктүү геосаясый регионалдык бирикмени түзүүгө жол ачылат. Ички саясатта болсо коррупцияны өзү убада кылгандай аягына чейин жеткирип, өзгөчө УКМК жана башкы прокуратуранын башчыларын кызматтан алып, ал маанилүү органдарды саясый каршылаштарына колдонбош керек. Эгер ал андай кадамдарга барса, мен кызматташууга даярмын.

– Убакыт өтүп жатат. Ушинтип эле колоктоп, бийликти курулай сындоо жолуна түшпөй, өлкөгө пайда келтирчү башка бир «жылчыкты» издеп көргөнгө аракет кылууну ойлонбодуңузбу?

– Эгер 1930-жылдары атылып кеткен Ж.Абдрахманов, А.Сыдыков, Т.Айтматовдорду алсак, алар сен айткан логикага таянып, бийликтин «жылчыгына» эптеп кирип, кыбырап жүрө беришсе, биз азыр балким Казакстан же Өзбекстандын курамында автономдук республика болмокбуз. Мен өзүмдүн жеке тагдырыма ыраазымын. Көп тармактарда, ошол эле учурда мам-лекеттик кызматга да иштедим. Кайсы жерде болбосун ишти тартып кетериме ишенем. Жанталашып, кайсы бийлик болбосун «майлуу» кызматка жутунуу мага жат нерсе. Ал жакка барып, коррупциялык схемаларга аралашууга мажбур болуп, элге жек көрүнүп, акты «кара», караны «ак» деп айтуудан көрө, эркин «жарандык активист» болуу мага кымбатыраак. Эгер бул жерде элге, мамлекетке муктаждыгым болбосо, мен башка тармак, чет жакта, окууга күчүмдү жумшайм.

– Бүгүн Алмазбек Шаршенович КСДПны келерки парламенттик шайлоого даярдаары белгилүү болду. Кезегинде дал ушул кемеде кожоюн менен чогуу үзөңгүлөш жүрүп, кийин «борттон тыш калган» сиз жана биздин шеф Асланбек Сартбаев экөөңүздөр Атамбаев менен жүз көрүшүп, алдынан өтүүгө аракет кылууну ойлонуштурдуңуздарбы? Силер эми кичүүсүңөр да, алгачкы кадамды таштасаңар болот беле? Анүстүнө Алмазбек Шаршеновичтин айкөл, кечиримдүү сапаттары бар экенин мен дал ушул экөөңөрдөн укканым бар эле…

– Калыгул, азыркы доор башкача. Өмүр бою мамлекеттик кызматта иштөөнүн кажети жок. Кызматташууга кол сунса, албетте, карап, ойлонуп көрөм. Андай болбосо деле өкүнбөйм, эч кимге таарынбайм. Мен өзүмдүн жолумду өзүм куруп келгем, талаада калбайм. Аслан досум болсо менден өткөн өжөр. Баары менен теңата сүйлөшө алат, өзүнүн шарттарын да коё алат. Ошол эле учурда Аслан экөөбүз дале болсо КСДПнын мүчөлөрүбүз. Бир нече жолу Атамбаев «менден кийин КСДПны сен жетектейсиң» деп мага убада да берген. Буюрса ал партиядан «келемиштер» кеткенден кийин Атамбаевдин баштагы айткан сөзү ишке ашат го?..

Калыгул БЕЙШЕКЕЕВ

Булак: “Азия Ньюс”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *