Адил Турдукулов: “Эгер чекист Токон Мамытов Акыйкатчы болуп шайланса анда …Камчы Көлбаевди Бизнес-омбудсмен кылып шайлап алышыбыз керек”

Бүгүн, 26-сентябрда КР Жогорку Кеңешинин VI чакырылышы КР Акыйкатчы кызматына чекист-генерал Токон Мамытовду 79 көпчүлүк добуш менен Акыйкатчы кылып шайлады. Бул биздин парламенттин сапаттык составы. Бул составдын дээрлик 80 пайызын Алмаз Атамбаев жеке өзү тизмеге “добро” берип киргизген. “Ата-Мекенден” башка бардык фракциялардын депутаттыкка талапкерлеринин тизмеси шайлоонун алдында Атамбаевдин макулдугун алган. Тизмелердеги айрым Атамбаевге кошомат кылбаган, сын айткан талапкерлердин фамилиялары чийилип ташталган. Мындай составдагы парламент – бул 2010-жылдагы Убактылуу өкмөттүн жана анын туундусу Алмаз Атамбаевдин 8 жыл ичинде кыргыз элине кылган эң чоң кыянатчылыгы болду. Анткени алар элге эң биринчи президенттик системаны алсыратып, чыныгы парламенттик системаны курабыз деп убада кылышкан эле. Натыйжада “революционерлер” Кыргызстанда, элдин алдында V жана VI чакырлыштын кебетелери менен парламенттик системаны толук дискредитациялап салышты. Эл эми парламенттик системанын үзүрлүү иштеп кетерине ишенбей калды. Бул кыянатчылыгы жана буга жол беришкендиги үчүн 2010-жылдагы Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнүн баары люстрацияга кабылып, мындан кийин саясий мамлекеттик кызматка аралаша албай тургандай мыйзам алдында жооп бериши керек.

Чекист Токон Мамытовду адам укуктарын коргоочу кылып шайлоо – бул укук коргоочулук  институтунун үстүнөн түздөн-түз шылдыңдоо болуп эсептелет. Анткени чекисттер менен адам укугун коргоочулар  булар келишкис  антиподдор. Сталиндин НКВДсы, Брежневдин КГБсы канчалаган укук коргоочуларды камап, атып өлтүрүп, кырып, кыйнап, сүргүнгө айдап, СССРдин жарандыгынан чыгарып, куугунтуктап келди. Ошонун ичинде Кыргыз ССРинин НКВДсы менен КГБсынын кыргыз элинин патриотторуна кылган кыянатчылыгы “Ата-Бейиттен” тартып, бүгүнкү күндөгү “Юпигейт”, “Белизгейт”, телефондук тыңшоолор, монтаждоо жолу менен айыпка далил түзүү, жалаа менен камап салуу сыяктуу чагымдарына чейин унутула элек. Эми ошол чекисттердин курмандыгы болгон аталар бүгүн мүрзөдө жаткан жеринен бир оодарылып алышты окшойт.

Эгер депутаттар ошончолук эле Токон Мамытовго эзилишип, кызмат беришкиси келип калса ошол эле КГБ же Чек ара кызматы системасынан кызмат беришсе болбойт беле? Аталардын арбактарын нааразы кылып шылдыңдабай. Дегеле Токон Мамытов баардык бийликтердин учурунда кызматсыз калган эмес. Акаев, Бакиев, Атамбаевдин замандарында эң жогорку мамлекеттик кызматтарды ээлеп келди. Эми төртүнчү президенттин тушунда да “сүймөнчүк бала” болгону калды.

Ушундан улам 1998-жылы болгон бир окуя эске түшөт. Генерал Феликс Кулов КР Улуттук коопсуздук министрлигин башкарып турганда эсил кайран СССРден мураска калган УКМнын алдындагы “Альфа” атайын операциялар отрядын жоюп, ордуна Антитеррорсттик “Калкан” отрядын түзүүнү чечкенде Эл аралык донорлор бул долбоор үчүн миллиондогон долларды бөлүшөт. Анткени ага чейинки атайын операциялар отряды жалаң чагымдар, куугунтуктоолор, адам укуктарын бузуулар менен алектенгени дүйнөгө маалым эле. Аңгыча Акаев Улуттук коопсуздук министри Куловду кызматтан алып салат да анын ордуна калган жетекчилер, анын ичинде генерал Токон Мамытов Антитеррордук “Калкан” отряды долбоорунан баш тартышып, кайра эле “Альфа” атайын операциялар отрядын калыбына келтире башташат.  Муну көргөн Эл аралык донорлор берилип жаткан акчаларды токтотуп салышат да, кийин ал акчаны КР Улуттук гвардиясын реформалоого беришкен.

Муну айтып жатканыбыздын себеби, чекист Токон Мамытовдун  Акыйкатчы болуп шайланышы менен биринчиден, Эл аралык донорлор КР Акыйкатчы институтунун мындан ары өркүндүшүнө инвестиция берүүнү токтотушат.  Чекисттин Укук коргоо институтунун башына келиши бул институтту толук дискредитациялайт. Экинчиден, эми эл аралык донорлор ошол гранттарды бийлик коркуп жаткан укук коргоочулар армиясына – бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрүнө жаадырып бере баштайт. Эгер бейөкмөт уюмдар каржылык ресурстарга ээ болушса анда алардын укук коргоо жаатындагы дымагы он эселеп өсөт жана алар бийликчил Акыйкатчыны өздөрүнүн кесипкөйлүгү менен мындай эле тебелеп кетет. Ошондуктан укук коргоочулар Токон Мамытовдун Акыйкатчы болуп шайланышына кейибей турганы оң. Бул факт аларга грант түрүндөгү инвестициялык жамгырды алып келери анык. Үчүнчүдөн, бул чечим бийликтин кыргыз укук коргоочулары, коомчулук алдындагы беделине сокку урду. Эми коомчулук, айрыкча укук коргоочулар бийликке каршы активдеше башташат. Төртүнчүдөн, эл аралык демократиялык институттар жаңы бийликке болгон мамилесин өзгөртөт. Анткени эл аралык интитуттар 100 жылдай СССРдин жана КМШ мамлекеттериндеги КГБ системасынын адам укугуна каршы кыянатчылыктары менен күрөшүп келишкен.

Эгер бийлик ошончолук эле тил алчаак Акыйкатчыны алып келгилери келишсе, ошол эле Турсунбек Акунду алып келишпейби. Андан өткөн пластилинди таппайт элеңер. Же жакында эле президент кабыл алган 40 укук коргоочунун бир тил алчаагын таппайт беле. Ал жерде “кызмат сурабайбыз, бирок кызмат кылууга даярбыз” деген бир нече ыктыярчылар олтурган эле го. Кыргыз “чымынды сойсо да касапчы сойсун” дейт. Укук коргоочу кызматына укук коргоочуларды куугунтуктап жүргөн генерал-чекист барбай, накта укук коргоочу барыш керек эле.

Акыйкатчыны тандоо жана шайлоо албетте КР Жогорку Кеңешинин ыйгарым укугу, бирок  президенттин душмандары Токон Мамытов президенттин талапкери деп имиш таркатып жатышат. Эгер ушул маалымат  чын болсо Токон Мамытовдун Акыйкатчылыкка талапкердигин президентке  сунуш кылып, сүрөмөлөгөн адам өзү билип-билбей президентке чоң кыянатчылык кылды. Президенттин эл алдындагы жакшы имиджине дагы бир жолу сокку урду. Муну президенттин душмандары пайдаланып жатышат жана да пайдалана беришет.

Журналист Адилет Айтикеев Минскиге барып, генерал Жаныш Бакиевден интервью алганда ал киши “Биз көп кошоматчыларды көрдүк, бирок алардын ичинен эң кыйыны Токон Мамытов болду. 2004-жылдан тартып эле КГБнын төрагасынын биринчи орун басары болгон Токон президент Акаев тараптын сырларын бизге ташып келип аны жамандап, бизге жакындап жүрдү.  Биз бул чын дилинен экен дегенбиз. 2005-жылдагы революциядан кийин, биз менен иштешип жүргөндө генералдар жылына 3-4 жолу чогулуп, майрамдачубуз, ошондо Токон дайыма “Курманбек Салиевич кыргыз элинин эч кимге алмашкыс жол башчысы болду!” деп сөз баштар эле. Анан 2010-жылы Курманбек Салиевич бийликтен куулганда эң биринчи болуп жамандап чыккан ушул генерал Токон Мамытов болгондо биз жакабызды кармандык…” деп айтканын жазган эле.

Бүгүн Токон Мамытов президентке жана анын инисине, туугандарына эмне деген кулакка жагымдуу сөздөрдү айтып жүрдү экен? Ал эми 5 жылдан кийин эмне деп айтаар экен?

Жаш укук коргоочу Адил Турдукулов 17-сентябрь күнү өзүнүн Твиттердеги баракчасына: “Эгер чекист Токон Мамытов Акыйкатчы болуп шайланса анда …Камчы Көлбаевди Бизнес-омбудсмен кылып эле шайлап алышыбыз керек. Анткени бул бири-бирине тете көрүнүш…” деп пост жазды эле.

Бүгүн, 26-сентябрда Адил Турдукулов Твиттердеги баракчасында, Токон Мамытов Акыйкатчы болуп шайланганын угуп “Омбудсмен институтун эми “контора” (КГБ – редакция КТ) деп атап эле албайлыбы” деп жазды.

Эмне демекчибиз, жаш укук коргоочу так жана таамай айтты. Бул окуяга мындан артык баа берүүгө болбойт.  Ал эми президент өзүнүн айланасындагы кеңешчилерине ылгап мамиле кылбаса болбой калды. Кантсе да эл төртүнчү президенттен чоң үмүт артып турат.

Ал эми прогрессивдүү көз караштагы коомчулук, анын ичинде укук коргоочулар парламенттин бул элге жасаган кыянатчылыгына каршылык көрсөтүп, жыйын чакырып, Акыйкатчынын бийик ысымына татыктуу, укук коргоо жаатында кадыр-барк күткөн Рита Карасартова сыяктуу укук коргоочулардын бирин Элдик Акыйкатчы кылып шайлап алышы керек. Коомчулук Элдик Акыйкатчыны колдоп, ал эми Элдик Акыйкатчы адам укугун коргоо жаатында жарыша иштеп, бул иштин чыныгы үлгүсүн көрсөтүп, бийлик шайлаган Акыйкатчынын болгон дараметин элге ачып берип, коомчулуктун үнүн бийликке, дүйнөлүк коомчулукка жеткирип туруусу абзел.

Таалайбек Асанов

Булак: Кyrgyztoday.кg

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *