Адил Турдукулов коррупцияга шектүүлөрдүн фамилияларын атады. Тизме дагы уланабы?..

Элибиздин энчисин чөмүчтөп сугунган мамлекеттик кызматкерлердин айыбын ачуу оор түйшүктүү иш. Жалгыз президенттин колунан келбейт, анүчүн коомчулук да жардам берип, өз ой-пикирлерин, негиздүү фактыларын алып чыгуулары керек. Биз ушул жаатта “Сөз эркиндигин коргоо” комитетинин төрагасы Адил Турдукуловдун ынанымдуу кебине токтолдук.

  Адил мырза, президент Жээнбеков коррупцияга каршы күрөшүүгө бел байлады. Эми коррупционерлерди карапайым адамдардын арасынан таппайт да, бийлик чиновниктеринин ичинен чыгат. Сиз ушул жаатта президентке жардам берип, жогорку кызматтардагы коррупцияга шектүүлөрдү атай аласызбы? Мисалы…

— Туура, коррупция бул кандайдыр бир теория эмес, ар бир былык иш коррупциялык факты боюнча күнөөлүү адамдын аты-жөнү бар. “Коррупция менен катуу күрөшөбүз” деп билек түргөн бийлик негедир айрым кылмыштуу иштерге “бармак басты, көз кысты” мамиле жасап келген, тандамал саясат жүргүзүп жатканын курулай эле айта бербей, фактылар менен келтире кеткенибиз туура болор.

Искендер ИСАМИДИНОВ. Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы өткөн 2013-жылы эле “Кыргыз улуттук университетинин ректору Искендер Исамидиновго кылмыш ишин козгоптур” деген маалымат тараган. Себеби, билим берүү министрлигинин уруксатысыз эле төрт проректордун ордуна сегиз проректорду дайындап, мамлекетке 2 млн. 238 миң сомдук зыян келтиргени маалым болгон. Анысы аз келгенсип, 3,5 млн. сомду азык-түлүк алууга жумшаган. Жыйынтыгында, эч ким жоопкерчилике тартылган эмес.

Канатбек ИРСАЛИЕВ. “Кыргызагроазыктүлүк корпорацияга” өкмөттөн бөлүнгөн акча менен товарлардын ири өлчөмүн, 33 млн. сомдон ашыгын жеп-ичкен фактылар боюнча башкы прокуратура 6 кылмышты тергеп, 9 адамга кылмыш ишин козгогон. Бирок ошол ишкананы жетектеп келген Ирсалиевге эч кандай күнөө коюлган эмес.

Турсун Турдумамбетов. “Дело №…” гезитине УКМКнын коррупцияга каршы кызматы мамлекеттик мүлк фондусу “Жыргалаң” шахтасынын мамлекеттик акцияларын жеке менчикке берип жибергени тууралуу жазган. Анын айынан мамлекетке 22,4 млн. сом зыян келтирилген. Бирок, негедир Маммүлк фондунун мурунку жетекчиси Турсун Турдумамбетовго козголгон иш жабылып калганы маалым.

Шаршенбек АБДЫКЕРИМОВ. Башкы прокуратура 2012-жылдын 10-февралында Абдыкеримовдун “Аю” фирмасына 100 миң сомдук жасалма акциздик марка боюнча кылмыш ишин козгогон, бирок күнөөлүү адамды аныктаган жок.

Мирбек АСАНАКУНОВ. 2014-жылдын 18-мартында облустук прокуратуранын текшерүүсү боюнча “Ысык-Көл фондун өнүктүрүү” дирекциясынын тендердик комиссия төрагасы Ж.Э. жана директордун милдетин аткаруучу А.Т.га кызматынан кыянат пайдалануу, кызматынан пайдаланып, жалган айтуу беренелери боюнча кылмыш иштери козголгон. 2011-жылы дирекция өз иштерине 50 млн. сом жумшаган. Ушундай мыйзамсыз иштер болуп атканына карабай, М.Асанакунов жоопкерчилике тартылбай, башка майлуу кызматка которулуп, азыр профсоюз федерациясын жетектеп турат.

Дайыр КЕНЕКЕЕВ. 2010-жылдын 7-апрелинен кийин БНК компаниясынын активдерине тыюу салынып, тышкы көзөмөл киргизүү декрети кабыл алынган. Ошол кезде “бул Максим Бакиевдин башка бирөөгө катталган фирмасы экен” деп айтылып келгени менен, ал компания улутташтырылган эмес. Неге айрым фирмалар улутташтырылып, башкалары улутташтырылбай калганы түшүнүксүз. 2011-жылдын 17-октябрындагы аукциондо “Максимдики” делген БНКны “Петролгрупп” компаниясы 34,5 млн. долларга сатып алган. Кийин компания аны сатып алуудан баш тарткан. Ошол эле жылдын 7-декабрында кайра аукцион өтүп, “Петролгрупп” жеке тарапка арзан эле, 2 млн. 785 миң долларга сатылып кетет. Мындан бюджетке 32 млн. сом зыян келген. Ал эми жеке тарап – Кайрат Курбанов БНКнын баш директорунун орун басары, Максим Бакиевге жакын тараптын кишилери экенин Маммүлк фондусундагылар билбей калганы кызык. Мунун баарын Маммүлк фондунун ал кездеги башчысы Дайыр Кенекеев уюштурган.

— Ооба, буга чейин бийлик короосундагы айрым уурулар калкаланып келди, кээ бири соодалашты, ошого катар кылмыш иштери козголгондор да болуп, бирок эч натыйжа берген жок. Эгерде Жээнбеков да саясый тоскоолдуктардын астында эрксиздигин көрсөтсө, анда келечеги кандай болот?

— Коррупция менен күрөш аягына чейин барса, Сооронбай Жээнбеков өзүнүн көз карандысыз лидер экенин тастыктайт жана тарыхта да өз атын ак тамга менен калтырат. Анткени коррупция элдин бийликке карата ишеничин жок кылууга эң башкы себепкер. Коррупция – бул биздин көз карандысыз мамлекет болбой калуубузга алып келе турган коркунуч. Азыркы абал бул тармак боюнча абдан кейиштүү. Коррупцияны иликтеген эң абройлуу “Трансперенси интернешнл” деген эл аралык уюм бар. Анын 2016-жылдагы иликтөөсү боюнча Кыргызстан 123-орунда турат. Бул көрсөткүч “кандуу” Бакиевдин жылдары жана Акаевдин үй-бүлөлүк башкаруусу күчөп турган мезгил менен тең. Коррупциянын айынан биздин орточо айлык 200 долларды түзүп, КМШ өлкөлөр ичинде коңшу Тажикстанды гана ашып турабыз. Ал эми айлыктын өсүү темпи боюнча алар бизден алда канча озуп кетти. Эки революцияны ошол үчүн жасадык беле? Коррупцияны жеңе албай жатканыбыздын себеби, күрөш тандалма жүрүп жатканында. Башкы прокуратура тарабынан “2003-жылы элге каршы “Кумтөр” келишими түзүлгөн” деп айтканы бар. Ошондо ошол келишимдин астында кол койгондор, ошол убактагы вице-премьер-министр Курманбек Осмонов, финансы министри Болот Абилдаев (бул азыр “ГазпромнефтьАзиянын” жетекчиси), ТИМ орун басары Талант Кошчубеков, айыл чарба министри Александр Костюк, социалдык коргоо министри Роза Акназарова, саламаттык сактоо министри Миталип Мамытов, транспорт жана коммуникация министри Кубанычбек Жумалиев, ички иштер министри Бакирдин Субанбеков, өзгөчө кырдаалдар министри Темирбек Акматалиев, тышкы соода министри С.Джиенбеков жана башкалар болушуптур. Бирок ошолордун ичинен башкы прокуратура үчөөнө гана күнөө коюуга жарады, алар: Акматалиев, Абилдаев жана Осмонов. Бирок алар да кутулуп кетти. Дагы башкы прокуратуранын билдирүүсү боюнча 7-апрелден кийин Максим Бакиевге таандык “Өнүгүү” фондунда 1 млдр. 135 млн. сом, жана 35 млн. доллар алынып, “өкмөттүн казынасына которулган” деп айтылган болчу. Бирок чындыгында фонддун эсебинде 188 млн. 593 миң доллар, жана 2 млрд. 216 млн. сом бар болчу. Ушул нерселер такталып, изилдениши керек. Коррупция менен чындап күрөшкөн адам ушундай олчойгон нерселерди көз жаздымда калтырбашы шарт.

Асланбек САРТБАЕВ

Булак: Азия Ньюс

 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *