Адилет Баяманов, экс-депутат Баяман Эркинбаевдин уулу : “13 жашымда тилеги жаман адамдар бизди атасыз калтырды”

Кыргыздын чыгаан уулдарынын бири Баяман Эркинбаевдин көзү тирүү эмес болсо да, анын ордун басчу уулу бой жетип, ата жолун улап, иштерин аткарып келет. Атасынын атын татыктуу алып жүрүүгө аракет кылган Адилет бүгүнкү күндө  “Алыш” федерациясын жетектеп жаткан мезгили. Атасынан эрте ажыраган уул кандай болуп эр жетти, жашоого болгон көз карашы жана атасы тууралуу эскерүүсүнө назар салыңыз.
-Айтсаңыз, жаш туруп атаңыздын ишин улантып жатасыз, тажрыйба аз болуп, кыйынчылыктар жаралган жокпу?
-“Алыш” федерациясы 2012-жылы негизделген. Жакында эле атам Баяман Эркинбаевдин жаркын элесине арналган “Эл аралык гран-при” турнири болуп өттү. Ага 13 өлкөдөн спортчулар келип катышышты. Бул турнир 2017-жылы өтө турган Азия оюндарына катышуу үчүн даярдоо тести сыяктуу болду. Азыркы күндөэн чоң жетишкендигибиз деп 2017-жылы Түркменстанда өтүүчү Азия оюндарына жалпы 12 спортчуга алган жолдомону эсептейм. Албетте, жүрөксүнүү, атамдын ишин татыктуу алып кете аламбы деген коркуу сезимдер болгон, азыркы күндө деле болуп жатат. Бул өтө чоң жоопкерчилик, атам негиздеген ой-максаттар кандай эле, ошого жете аламбы, аларды аткара аламбы деген ойдун үстундө күндө ойлоном. Негизи, кайсы бир жумушту аткарууда коркуп отурбайм, болгону ишти туура жүргүзүүгө аракет кылам.
-Атаңыздан канча жашыңызда ажырадыңыз, ал тууралуу кандай элес калды?
-Эх,ал күндөрдү эстегим келбейт (маанайы чөгө түштү). 13 жашымда тилеги жаман адамдар бизди атасыз калтырды, бул жылдар биздин үй-бүлө үчүн абдан оор мезгил болду. Бизге ар тараптан коркутуулар бо­луп жатты. Атамды жоготкон соң кыйынчы­лыктар көп болду. Биз ал кезде кичинекей болуп көп нерсени билбей калдык. Ошол кыйынчылыктардын баарын апам жалгыз көтөрдү. Азыр эми акырындан баары өз ордуна келүүдө. Жаш бала менен чоң адамдын ой жүгүртүүсү эки башка болот эмеспи, атамдын көзү тирүүсүндө мен кичинекей болгондуктан, атама эркелеп жүргөнүм гана эсимде. Азыр атамдын көзү тирүү болсо, менин досум, машыктыруучум жана кеңешчим болмок деп ойлойм. Азыр мага атам жетишпей турат (бул убакта көздөрүнөн жаш кылгырып турганы байкалып жатты). Анын ордуна ата ордуна ата, эне ордуна эне бол­гон апам бар, ал кеп-кеңешин айтып турат. Бирок бардык эле нерсени апаңа айта албайсың да, атаң менен сүйлөшчү, кеңеш ал­чу учур болуп калат, мына ошондой убакта өксүп калам. “Аю” компаниясынын президенти Ш.Абдыкеримов менен мамилем аб­дан жакшы, үйлөнгөндө аны өкүл ата койгонбуз, азыр апама айта албаган сырымды ал киши менен бөлүшүп, кеп-кеңешин алып турам, андан сырткары, агаларым бар. Би­рок мен ушундай адам экенмин, бардык нерсени бирөөгө айтып чечиле бербейм, көп нерсени ичиме сактайм. Атамдын элесин көз алдыма келтиргенде эле, спорт ме­нен машыкканы, элдерге жардам бергиси келип турганы көз алдыма тартылат.
Атаңыз киши колдуу болбодубу, сурайын дегеним, көкүрөгүңүздө кек сакталып калган жокпу?
 -Кек сактоо, өч алуу деген нерсе оюмда жок, андай ойдон такыр алысмын. Бардык нерсе Алла Тааланын колунда.
Эл арасында атаңыз тууралуу «ал курч мүнөздүү, тайманбаган жигит эле» деген кептер кеп айтылат. Атаңыздын ошол мүнөздөрү сизде барбы?
 -Менин мүнөзүм кандай экени мени жакындан билген адамдарга көбүрөөк белгилүү болуш керек. Антсе да кыргызда “Алма сабагынан алыс түшпөйт” деген ма­кал бар эмеспи, анын сыңары, апам мага “атаңа окшошуп эле баратасың” деп айтып калат. Сырткы келбетимден улам атама окшоштургандар абдан көп.
Сиз үйдүн улуу баласы катары кичүү бир туугандарыңызга ата ордуна ата болуп жатсаңыз керек?
 -Биз үй-бүлөдө 3 бир тууганбыз: иним Байырбек жана карындашым Диана. Мен үйдүн улуусумун, 23 жашка чыктым. Ал эми иним азыр бой жетип, окуу жайды аяктап, федерациянын иштерине жардам берип, мага кол кабыш кылууга жарап кал­ды. Ал эми карындашым азыр студент, ал апама жардам берип жүрөт. Бир туугандарыма ага да, ата да, дос да болууга болгон күчүмдү жумшап келем. Атамдын жоктугун билдирбейин, томсоруп калышпасын деп аракет кылып келем. Апамдын кайраттуулугуна баа берем, балдарынын алдында бир жолу мүңкүрөп жер карап, маанайы жок экенин көргөзбөй келди. Аял да, кез-кезде гана көз жашын бизге көрсөтпөй сүртүп жатканын байкап калчубуз. Мына эми, мен бой жеттим, апамдын оорун колдон алып, бир туугандарыма насаат айтып, туура жол көрсөтүү мезгилге жеттим деп ойлойм. Ата-энебиздин эл алдындагы кадыр-баркына туура эмес жоругуңар менен доо келтирбегиле деп айтып келем.
Чоң ата, чон апаңыздын көзү  тирүүбү, атаңыздын бир туугандары менен мамилеңиз кандай?
-Тилекке каршы, чоң атам менен чоң энемдин көзү өтүп кеткен. Чоң энем 100 жыл жашап, бул дүйнө менен кош айтышты. Атамдын туугандары менен мамилем аб­дан жакшы, эжелерим бар, алардын балдары менен катташып, кыскасы, мамилебиз үзүлгөн жок, мурда кандай болсо, азыр деле ошол сый мамиле сакталып калды. Айына 2-3 жолу Ошко барып турам. Кичинекейибизде атам бизди айылга көп жиберчү, барсак эле чиркей чагып куурата берчү. Анда мен атам бизди неге эле чиркейге талатып, айылга жибере берет деп таң калчумун. Көрсө, атам туура кыл­ган экен, бизди жашоого бышырган ту­ра. Кечээ өткөн турнирде атамдын агасы, эжелери келип күбө болушту, ыраазычылыктарын айтып кетишти.
– Сиздин мындан эки жыл мурун үйлөнгөнүбүздөн кабарыбыз бар. Эр­те үйлөнгөнүңүзгө эмне себеп болду?
– Мен 2014-жылы Москвадан окууну бүтүп келип эле үйлөндүм. Азыркы күндө бир уулдун атасымын, атын Умар деп апам койгон, 10 айлык болуп кал­ды. Кээ бирөөлөр эрте үйлөндүң десе, кээ бирөөлөр өз убактыңда эле үйлөндүң дешет. Пайгамбарыбыздын эркек киши эрте үйлөнүшү керек, тез токтолот, эрте балалуу болот деп айтканы бар. Келинчегим Таластан, 6-7 жыл сүйлөштүк. Москвада чогуу окудук. Азыркы күндө кайненесинин колунда кызмат кылып, тарбиясын алып жатат. Жеке менин оюмда, өтө эрте деле үйлөнгөн жокмун.
 Кыргызда атасы каза болуп калса, апасына “ылайыгы келсе турмушка чыгып алыңыз” деп айтып коюу милдет эмеспи. Сиз бул милдетиңизди аткардыңызбы?
-Мусулманчылыкта деле жолдошунан ажыраган аялдын боюнда болбосо 4 ай 10 күндөн  кийин турмушка чыгууга укугу бар. Биз жаш кезде ал нерсени түшүнбөптүрбүз, бара-бара гана билип отурам. Мен апама жүрөгүңүз каалаган адам болсо, турмушка чыгып алыңыз деп эчак эле айткам. Апам тим гана күлүп кутулат. Апам менен атамдын сүйүүсү абдан күчтүү болгон экен, угуп отурсац өзүнчө эле жомок. Кантип тааныштыңар эле деп сурай берем, апам баарын төкпөй- чачпай айтып берет. Экөөнүн сүйүүсүн кино кылып тартса болчудай. Эсим­де, бир жолу апамдын туулган күнүндө атам чет өлкөдөн учуп келди да, иним экөөбүздү машинага салып жөнөп кетти. Анда Ошто жашачубуз, кечке шаардагы гүл саткан дүкөндордү кыдырып роза гүлдөрдү чогулттук. Кечинде ресторанга дубал кылып орнотуп, укмуш бир гүл- бакча жасап туруп белек кылган. Иним экөөбүз кечке ошол гүлдөрдүн түбүндө отура берип ууланып калганбыз, көрсө, роза гүлдөр көп болгон жерде көп­ке отурганга болбойт тура. Ошол күндү апам азыркыга чейин унутпай бизге ай­тып берет.
Атаңыз да саясатка аралашып жүргөн, азыркы күндө апаңыз эл өкүлү, келечекте саясатка аралашуу туу­ралуу оюңуз барбы?
 -Убагы келгенде сөзсүз түрдө саясат­ка барам.
Диана АЙДАРОВА
Булак: “Обон”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *