Адинай Исаева, обончу-аткаруучу: Азыр профессионал эстрада ырчылары аз, бирок саз…

-Адинай айым, Шайлообек Дүйшеев агабыздын “Тозок болду Дуйшеев болуш” деген ыры бар эмеспи. Анын сыңарындай атты жасоо, элге таанылуу өтө оор. Сизге кыйын болдубу Исаева болуш?

– Музыка дүйнөсүнө 6 жашымдан аралашкам. Апам музыкалык мектепте теоретик, пианист, хор жетекчиси болуп көп жыл иштеген. Ошол эле балдар музыкалык мектепте пианино бөлүмүндө окугам. Ошол эле жылдары балдарга арналган обондорду чыгаргам. “Тай күлүк” сыяктуу бир нече кароо-сынактарга катыштым. Атам кесиби юрист болгону менен комузда, мандалинде аябай жакшы ойнойт. Атактуу болом деп кыялданчу эмесмин. Элим үчүн эмне кызмат кыла алам деген жоопкерчилик тынчымды кетирип, азыркы күнгө чейин ойлоном. Ата-энемдин мага талабы абдан чоң эле. Апам ырдаганда постановка, дем алуунун эрежелерине көп көңүл буруп үйрөтту. Атам дагы “Чыгарманы жөн эле аткарбастан эргип-эргип жүрөк менен ырда” – деп кулагыма азыркы күнгө чейин куюп келе жатат.

– Азыр ырчыдан көп неме жок. Бирок чыныгы профессионалдар аз. Сиздин биздин кыргыз эстрадасы, кыргыз фольклоруна бере турган бааңыз?

– Эстрада жанрындагы ырчылар профессионалдар жана халтура болуп бөлүнөт. Азыр профессионал эстрада ырчылары аз, анан саз, халтура аябай көбөйүп кетти. Профессионалдар, изденип, чет өлкөлөрдө сынактарда катышып жатышпайбы. Тилекке каршы, азыр көбү халтура музыканы бизнеске акча табуу үчүн пайдаланып келишет. Ал эми фольклор эң татаал жанр болгондуктан дүркүрөп өсүүдө. Халтура илгертен эле бар болчу деп айтып кетпедимби, атактуулар арасында да халтурщиктер жок эмес. “Сармерден” сыяктуу жандуу үн менен тартылган көрсөтүүлөрдөн качып, көп келишпейт. Илгери эле эстрада жанрына көп көңүл бөлүнбөй калгандыктан, талаптын жоктугуна байланыштуу бул жанрда халтура тамырлап кеткен.

– Жогоруда ырчы көп деп калдык, мындай жерде атаандаштык күч. Кантип туруштук берүүдөсүз?

– Менде жылдыз болом, атактуу болом деген аракет жок. Өзүмдүн ырахатым үчүн жана менин чыгармачылыгымды сыйлап, урматтап, чакырган жерлерге барып ырдайм.

– Жеке концерт бергенсизби же берүү планыңыздар барбы?

-2014-жылы Кыргыз улуттук филармониясында жеке отчёттук концертимди бергем. Өзүмдүн обондорумду элге тартуулагам. Алтын фонддо 6 чыгармам бар. 1997-жылы Чолпонбек Базарбаев агай маданият министри болуп турганда Жумамүдүн Шералиев атабыздын ырларына кароо-сынак өткөн. Анда Асанкалый Керимбаев, Мукан Рыскулбеков агайларым менен сынашып, кароо-сынактан 2-орунга ээ болгом. Анда кароо-сынактар эч кандай коррупциясы жок таза өтчү. Калыстардын арасында Таштан Эрматов агай баштаган белгилүү деген композитор агайлар отурушкан. 2004-жылы Ысык-Көлдө өткөн эл аралык “Айкөл жазы” деген сынакта баш байгени жеңип алгам. Кыскасы бир топ сынактарга катышып, куру кол кайтчу эмесмин.

– Аял заты чыгармачылыкка толук белсенип кирүүсү үчүн же жолдошу өтө түшүнүктү колдоочу болушу керек же жеке турмушу экинчи планда калат дешет. Сиздин шартта бул маселе кандай чечилүүдө?

– Жалгыз болгондуктан чыгармачылыгыма чынын айтсам аябай аз көңүл бөлүүдөмүн. Көп продюсерлер жолуккан сайын качан-качан деген суроолорду берип, кээ бирөөсү урушуп да коет. Жеке эле материалдык жактан эмес. моралдык жактан дагы колдогон адам болсо жакшы да. Бирок бул маселелер убактылуу. Кудай буюрса көп пландарым бар. Жакында Шайлообек Дүйшеев агабыздын сөзүнө жаралган кошок ырына обон жазып элге тартуулайын деп турам. Чыгармаларымдын көбү оор, салмактуу, мундуу болгондуктан, учурда эки шаңдуу ырдын үстүндө иштеп келем.

– Демек жеңил-желпи ырларды ырдабайт экенсиз да?

– Ооба, салмактуу ырларды аткарууну жакшы көрөм. Каныкей Эралиева, Рыспай Абдыкадыров сыяктуу кыргыз классиктеринин чыгармалары жагат.

– Учурда кайда эмгектенесиз?

– Көп музыкантардай эле эки-үч жерде иштейм. Бирөөсү реаблитациялоо борборунда музыкант болуп эмгектенип келем. Азыр музыка терапияны окуп, изилдеп, иш жүзүндө окуп жатам. Синдром Дауна, аутизм, жеңил жана оор ДЦП, инсульт алган адамдарга музыкадан сабак өтүп, музыкага аралаштырып келем. Бул жашоого келген соң кыргыз элиме кызмат кылуу мен үчүн чоң бакыт. Жакында мастер-класстарды көрсөтөйүн деген планым эң биринчи орунда турат. Сиздер дагы келип көрсөңүздөр болот, абдан кызыктуу.

– Аялдык бакыт сиздин түшүнүгүңүздө эмне?

– Билимдүү, акылдуу эркектин аялы аябай бактылуу болот экен. “Кара кыздын агынан эмес багынан” деп бекеринен айтылбаса керек. Албетте, балалуу-чакалуу болуп ынтымакта жашаса.

– Балдарыңыздын сиздин жолду улантуусун каалайт белеңиз?

– Жалгыз эки кызымды тарбиялап келем. Кыздарым аябай таланттуу, ырдашат, бийлешет, сүрөттү да жакшы тартышат. Улуусу теле алып баруучу, журналист болом дейт кичүүсү акушер дарыгер болом дейт. Кайсы кесиптин ээси болбосун мен каршы болбойм эч убакта. Жолдору ачык болуп эле, аялдык бактысы тоодой болуп, ден соолуктары бекем, өмүрлөрү узун болсо экен деп Кудайдан тилеп келем.

Нуркыз Рыскул кызы

Булак: “Фабула”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *