Адиса Ташкараева, Гүлбү Ороскул кызынын апасы: «Гүлбүнү жоктосом, кыздары “ыйлабаңыз, биз барбыз” деп сооротушат»

Өткөн жылдын 6-октябрь күнү шум ажал таланты ташкындап, чыгармачылыгы гүлдөп жаткан учурунда кыргыздын ажарлуу кызы Гүлбү Ороскул кызын арабыздан алып кеткен эле. «Бүгүн көргөн эртең жок» деген жашоо турбайбы. 5-октябрда эже менен бир топко сүйлөшкөн болчумун. «Жакшы жаңылыгым бар, жакында элим менен бөлүшөм» деп сүйүнгөнү эсимде. Тагдырдын жазмышы менен ырчы айым жакшы жаңылыгын өзү менен кошо алып кетти. Бүгүнкү эскерүүбүздө ырчынын апасы Адиса Ташкараева бирде ыйлап, бирде күлүп кызынын өткөнүн баяндап отурду.

«Кызым кичинесинен эле тың болду»
– Гүлбүнүн төрөлүшү бизге чоң кубаныч алып келген. Кайын журтум тараптан да, өзүмдүн ата-энем тараптан да кызым 1-небере болду. Жолдошумдун бир карындашы бар эле. Кайнатам«бир кызымды эки кылдың» деп угары менен төрөт үйүнө келип, балбалактап сүйүнүп мени бети-башымдан өпкүлөгөн. Ошентип жашап жүргөнүбүздө атасы өтүп кетти. Ал ревматизм менен жабыркачу, оору жүрөгүнө өтүп кетиптир. «Кичинекей балдар менен кыйналат» дешкен ата-энем мени төркүнүмө алып кетишти.

Гүлбү мектепте жакшы окуду. Азыр ойлосом, кичинесинен эле тың экен. Үй тапшырмаларын өзү даярдап, чачын өзү байлап алчу. 5-класстан таенесине «комуз ийримине барат элем» деп комуз саттырып алды. Өзүм жесир аял болсом, жогорку окуу жайларынан окута албайм го деп 8-классты аяктагандан кийин борбордогу музыкалык училищеге берейин деп ойлодум. Ал убакта Кербенден Фрунзеге учак каттачу. Кызым экөөбүз 1-жолу учакка отурдук. Учак катуу кыймылдаса коркуп, орундукту тырыша кармап калабыз. Ошентип Фрунзеге келдик.
Мураталы Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайына барсак, Роза Аманова ошол жылы бүтүп кетиптир. Мугалимдер «Розага окшогон тыкан кыз келди. Комуз чертет экен. Эми ушул кызды алып калалы» дешип Гүлбүнү көргөндө эле жактырышты.

«Айзуураны сагынып, артынан борборго көчүп келдим»
– Гүлбү 4-курста окуп жатканда биздин айылдагылар «кызыңыздын жигити бар экен, биз көрдүк» деп калышты. Өзү келгенде сурасам «турмушка чыксамбы деп жатам, жигитим телевизордон чыгып жүрөт» деди. Ичимден макул болуп «убагы деле келип калды» дедим. Аты баланча деп “Э” тамгасынан башталган бир атты айтты. Мен эмнегедир Элүүбек деп угуп алыптырмын, сыналгыдан ошондой ырчыны көрүп каламбы деп карай берчүмүн. Кийин Бишкекке келип Элмирбек экөөнө батамды берип кеттим. Анан Айзуура төрөлдү. Айзуурага жети ай болгондо бир күнү телефон чалыптыр. «Апа, Айзуураны берип жиберели, карап бериңиз, биз араң чыдадык» деп коёт. Баккандан кыйналышкан го. Учак менен биздин айылдык бир кемпирден берип жиберишиптир. Ал убакта азыркыдай телефон жок. Алып барган эже мени тапкыча арадан бир топ убакыт өтүптүр. Айзуура ыйлай берип үнү бүтүп, курсагы да ачыптыр.
Балдарымды кантип бакканымды деле билбейм. Ал кезде жаш экем, анын үстүнө таята-таенеси да каралашты. Айзуураны өзүм төрөгөндөй бактым. Кээде Гүлбүнү мен төрөгөнүмдү унутуп, Айзуураны кызым деп ойлоп алчумун. Экиге чыкканда «кызыбызды алып кетебиз» деп ата-энеси айылга барышты. Бербеске айлам барбы, бердим. Сагынганымдан айылга тургум келбей койду. Балама «тамекини тапшыралы да, биз деле шаарга кетели, 2-3 жылда кайра келебиз» дедим. Анда уулум 9-классты аяктап жаткан. Ошентип Айзууранын артынан уулум экөөбүз дагы 1997-жылы Бишкекке көчүп келдик. Туугандарыбыздын үйү бош эле, атам «ошол жакка жайгашкыла» деди. Балдарым үйүбүздүн алдына дүкөн ачып беришти. Бул жактын жашоосуна көнүп, айылга кеткибиз келбей калса болобу. Айзууранын артынан Сезим төрөлдү. Эки кызды бир аз эле көрбөсөм сагынып кетип жетип барчумун.
Элмирбек менен Гүлбүнүн ыркы кете баштаганда тынчып калышар деп күтүп, киришкен жокмун. Анын үстүнө бала-чакалуу чоң кишилер өздөрү чечишсин дедим. Бир жолкусунда кудагыйым «экөө чогуу жашай албай калышыптыр» деди. «Ошондой болуп калды окшойт» дедим. Кызым көңүлүнө жаккан буюмдарын жыйнаштырып коюптур. Кудагыйым «Айзуураны алып калалы» деди, мен «кыздарды бөлбөйлү, бир туугандар чогуу өссүн» деп болбой койдум.

«7 жыл катары менен сүмөлөк бышырды»
– Гүлбүнүн «Балама» деген ыры клиби менен чыкканда эл кызымды ырчы катары тааныды окшойт. Алгач сыналгыдан көргөндө «ии, Гүлбү деле чыкса болот турбайбы» дедим. 2005-жылдар бекен, жеке концертин берди. Бирок чыгармачылыктын артынан сая түшкөн жок. «Кыздарыма жакшы тарбия берейин. «Ырдап жүрүп кыздарына тарбия бербептир» дешпесин. Апа, колуңуз бошто келип жардамдашып туруңуз. Ушуларды окутуп алсам, жеңилдеп калат элем» деп жүрдү. Кыздары чоңоюп калганда «сүмөлөк жасагым келип жатат» деп, 7 жыл катары менен үйүндө сүмөлөк бышырып, жакшы санаалаштарын чакырып коноктоп, калганын балдар үйүнө таратты.
Акыркы күндөрү «апа, таятамдардын үйүнүн ары жагында булак бар эле го, түшүмдө ошол жерде көп жууна берчү болдум» деп калды. Мен этибар албай «кызым, сен бала кезде ошол жерде көп ойночусуң» деп койчумун.
Гүлбүнүн аяш аталары «айылданбы, шаарданбы бир жер караштырып, Гүлбүнүн ысымын ыйгарганга аракет кыл» дешти. Ошондон кийин айылдын бардык жерин көз алдымдан өткөрүп, чоң көчөнүн аты жок экенин эстедим. Түштө аян берет деген бекеринен эмес окшойт. Гүлбү түшүндө көп жүргөн булак да ошол көчөдө. Анын үстүнө ошол көчөдөн атасынын күмбөзү көрүнүп турат. Көчөгө Гүлбүнүн ысымын ыйгаралы деп туугандарга, Коргон айылынын тургундарына сунуштасак, макул болуп токтом чыкты. Бизди колдогондордун баарына ыраазымын. Балдарым менен эми ошол көчөгө асфальт бастырып бермей болдук.

«Гүлбү комага түшүп калыптыр дешти»
– 1-2 жылдан бери ашказаны ооруп жүргөн. Каза болордон 10 күн мурун «апа, өлүп-тирилдим. Профессорлордун кароосунан өттүм, бирок оорум табылган жок» деген эле. «Ооруп жатам» деп жатып калганда «бас эле, бас» деп сыртка чыгарып тургузуп кетчүмүн. Көрсө, көз тийүү деген нерсе чогулуп отуруп бир органга топтолот деген чын белем. Гүлбүнүкү ашказанга топтолгон окшойт. 6-октябрда эртең менен кыздары молдо чакыртып дем салдырышыптыр. «Мага булардын алы жетпейт. Таене-таятам келип «кыз бул жактан кыйналып кетти, алып кетели» деп кетпей жатышат. Мен кетет окшойм. Силер жакшы оокат кылгыла» дептир. Мен мурунку күнү инимдин жылдыгына айылга кеткем. Балким, жанында болсом тирүү алып калар белем?.. Кызым каза болгон күнү жанында болбой калганым мага чоң арман.

Эртең мененки 8де кызы Сезим телефон чалып «таене, апам дагы баягыдай ооруп калды. Каяктасыз, сизди чакырып жатат» деди. «Айылга кетпедим беле, билесиңер го» дедим. Кийин телефон чалсам «жакшы болуп калды» дешти. Анан эле Айзуура чалып «келип калыңыз, сизден мурун апам кетип калды» десе мен нес болуп түшүнбөй калдым. Кайра телефон чалсам эч кимиси албай койду. Аңгыча туугандарым «Гүлбү комага түшүп калыптыр» деп мени Бишкекке алып жөнөштү. Сиңдим «мен дагы кошулайынчы» деп машинага түшүп алды. Келсем эле боз үйлөр тигилип, ак куум учуп кетиптир…

Ыйласам Айзуура менен Сезим «таене, ыйлаба, биз барбыз» дешет. Кызым Жаңы жыл сайын белегин көтөрүп келчү. Апасынын ордун жоктотпой кыздары келип куттуктап кетишти. Мирзат менен Айзууранын уулун Гүлбүнүн ордуна бешик алып барып, бешикке салдым. Кыскасы, тирүүлүктүн тиричилиги өтүп жатат, бир гана кызым жок.

Амалы куруп оорубай,
Аргасыз кырсык тооруду.
Ажалга айла жок экен,
Ак гүлүм менин соолуду.

“Гүлбү кичинекейинде чачы коюу, толук кыз болчу”.

“Элмирбек экөөнүн ыркы кете баштаганда бала-чакалуу адамдар өздөрү чечишсин деп кийлигишкен жокмун”.
Сүйүн Кулматова
Булак: Супер Инфо 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *