Аферисттер коомчулукту, элди кантип алдашкан?

Афералык долбоордун максатын, параметрлерин А.Атамбаев, С.Исаков, А.Калиев, С.Авазов, Ж.Сатыбалдиев, О.Артыкбаев, Э.Абдылдаев баштаган бир ууч адистерден, ТВЕАнын жетекчилеринен башка эч ким билген да, түшүнгөн да эместиги ачыкка чыкты. Адегенде жогоруда аталгандар республикалык ЖМКларда Кытай өкмөтү жеңилдетилген шарттарда берген каражаттын эсебинен Бишкек ТЭЦи модернизацияланса, ал толугу менен жаңыланып, электр энергиясын иштеп чыгаруу эки эседей көбөйүп, жылуулук энергиясын берүү 30-40 пайызга жакшырары жөнүндөгү жагымдуу маалыматтарды жарамазандай жаадырышкан. Ал тууралуу А.Атамбаев да, С.Исаков да, А.Калиев да, Ж.Сатыбалдиев да ыгы келген да, келбеген да жерлерде сайрашкан. Парламентте ратификациялоону ошондой аргументтердин негизинде тездетишкен. Көрсө, алар элди алдап, коомчулукту адаштыруу үчүн эле айтылган кыпкызыл жалгандардан экен.

Биринчиден, ал кредит Кытай өкмөтүнөн келбептир, ТВЕАнын талабы боюнча коммерциялык “Эскимбанк” бөлүптүр. КытайӨкмөтүнүн коммерциялык каражатка кандай тиешеси бар экендиги түшүнүксүз. Коммерциялык банктардын ишине мамлекет, өкмөт кийлигишпей тургандыгын бешиктеги бала деле билет. Бирок жогоруда айтылган адамдар өздөрүнүн афераларына саясый түс, салмак берип, аны тездетүүүчүн “каражат Си Цзиньпин менен А.Атамбаевдин макулдашуусунун негизинде бөлүнүп жатат” деп айтышкан. Дагы деле ошондой өңүттө көрсөтүүгө аракеттенишүүдө.

Экинчиден, ТВЕА менен контракт Кыргызстан үчүн эң оор кабалдык шартта түзүлгөн. Биринчи качкын президенттин тушундагы кредиттердин бардыгы 0,75, 1, айрымдары гана 1,5 пайыздык үстөк менен алынса, “Эскимбанктан” 2 пайыздык үстөк менен алынган. Эл аралык финансылык уюмдар, мамлекеттик банктар кээде төлөөчүлөрдүн шарттарына, талаптарына жараша карыздарды кайра карап, реструктуризациялап (мөөнөтүн узартып) , айрым бөлүктөрүн кечип да турушса, коммерциялык банктар эч качан андайга барышпайт. Деги эле биз Кытайдын бир өлкөнүн карызын кечиптир дегенди уга элекпиз. Карызына жерин алып коюптур, тоо кен байлыктарын концессияга берүүгө мажбурлаптыр (Мисалы, карызы үчүн Тажикстандын тоо кендерин алышты) деген маалыматтарды гана угуп келатабыз. Бул өңүттөн алганда, экс-президент баштагандар Кыргызстандын келечектеги коопсуздугуна аябагандай чоң залакасын тийгизе турган кыянаттык кылышкан. Кытайдан алган карыздарыбыздан убагында кутула албасак, сөзсүз Темир-Тоону, Кара-Кечени же ГЭСтердин бирин концессияга берүүгө аргасыз болобуз. Алар Ош-Эркечтам автожолун да сурашы мүмкүн.

 Үчүнчүдөн, жогоруда айтылган ыймандары жоктордун “ТЭЦ толугу менен жаңыланып, модернизацияланат” дегендери да карандай калп экен. 386 млн. долларга ТЭЦтин 30 пайызы гана модернизацияланыптыр. Калганын жаңылоо үчүн Кыргызстандын мойнуна дагы 900 млн. долларга жакын каражатты илүү ниеттеринде бар экен. Армениядагы биздикиндей кубаттуулуктагы жаңы ТЭЦтин 285 миллион долларга, 3 миллион калкы бар Минскидеги жаңы ТЭЦтин 275 млн., Алматыдагы ТЭЦтин 175 млн. долларга бүткөндүгү айтылууда. Ал эми биздин ТЭЦти толук жаңылоо үчүн 1 млрд. 300 млн.  доллардан ашык акча талап кылынат экен.

Булак: Учур

1 ой-пикир

  • кыргыз says:

    Катышы бар 5-чакырылыштын 120 депутаттарын, А.Атамбаев, С.Исаков, А.Калиев, С.Авазов, Ж.Сатыбалдиев, О.Артыкбаев, Э.Абдылдаев, Т.Сариевди, бир тууган Жээнбековдорду ж.б.у.с. аткаминерлерди сыгып уй-оокатын конфискациялап, аффилированный тууган жээк-жааттарын кошуп мулкун ачык аукциондо сатып карызды толотуш керек…

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *