Ахмат Келдибеков президент Жээнбековду кантип “подставить” этип жатат?

12-октябрь күнү Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун эки судьясы Азизов менен Абакировдор экс-спикер Ахмат Келдибековдун “Азия ньюс” гезитине берген доо-арызын канааттандырып, 2 млн сомго доого жыгып беришти.

Бул окуянын таңгалычтуу жагдайлары коомчулукта соттун калыстыгына шек жаратты.

Биринчиден, гезиттин макалаларында Ахмат Келдибековду түздөн-түз кемсинткен ачуу сөздөрдүн жоктугу.

Экинчиден, сот процесстеринин өтө ылдамдык менен өтүшү. Ахмат Келдибеков “Азия ньюс” гезитине каршы арыз бергенден тартып, 5 айдын ичинде 2 млн сомго айыппулга утуп алды. Ал эми президент Алмаз Атамбаев өз учурунда журналист Дайырбек Орунбековду 2 млн сомго айыпка жыгыш үчүн ошончолук күчтүү бийлиги менен 2 жыл күрөшпөдү беле. Эмне коррупцияга айыпталып, имиджине доо кетип, “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалангандыгы үчүн” соттолуп, камалып чыккан Келдибеков бийлиги бар Атамбаевден да күчтүү таасири бар болуп чыктыбы?

Үчүнчүдөн, айыппулдун эбегейсиз чоң суммада канааттандырылышы. Эгер сот калыс болсо, сотко басым жасалбаса Келдибеков арткан 2 млн сом доомат кыскартылып, 10 миң сомго эле түшүп калмак. Демек бул чечимдин артында бийликтин кайсы бир өкүлү тургандыгы талашсыз экендигин коомчулук талкууга алууда. Келдибеков ким эле, сот анын дооматын тез арада, айткан суммада чечип бергидей?  Эмне, Келдибеков журналисттердин баарын чөгөлөтөм деп ойлоп жатабы?

Биздин оюубузча мындай иштерге президент Жээнбеков аралашпайт. Демек Келдибековдун артында турган кайсы бир бийлик өкүлү өзү билип-билбей туруп, Келдибековдун тилине кирип, президент Жээнбековду “подставить” этип жатышат.

Журналисттерге соттор тарабынан мындай чоң суммадагы айыппул салуу президент Жээнбековдун доорундагы эң биринчи жаман прецедент болуп калды. Эми мындай чечимдердин чыгышы адатка айланабы? Бул Кыргызстандагы сөз эркиндигине чоң сокку болду. Cөз эркиндигин жана демократиянын туу тутарын жарыялаган Президенттин коомчулук алдындагы жана эл аралык абройуна доо кетти.

Ахмат Келдибековдун тамтыгы чыккан аброюн сактап калуу үчүн президенттин аброюн курмандыкка чалуу кимдин оюна келди?

Сооронбай Жээнбековдун мындай пас иштерге барбашына ишенебиз. Ошондуктан кызматтык иликтөө өткөрүп, Ахмат Келдибековго ким тымызын жардам берип жатканын, Октябрь райондук сотуна кимдер басым жасап, мындай терс прецедент түзгөнүн, аны менен кошо президенттин имиджине кимдер сокку уруп жатышканын тактап, жазалоо керек деп ойлойбуз жана мындай окуялар мындан кийин кайталанбаш керек.

Булак: Кyrgyztoday.кg

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *