Ахматбек Келдибеков, “Ата Журт” партиясынын тең төрагасы: «Мендеги дух БШКнын бир чечими менен эле өчүп калбайт, Кудай буйруса жеңишке жетебиз»

— Ахматбек Келдибекович, БШК сизди президенттик шайлоого катышуу үчүн талапкер катары каттоодон баш тартты. Койгон жүйөөсү соттуулугу жоюла элек деген болду. Андай болсо БШК эмне үчүн сизге кыргыз тилден сынак тапшырганга, 30 миң адамдын колун топтоого, атайын фонд түзүүгө уруксат берди?

— Бизде эң негизги мыйзам болуп Конституция эсептелет. Мен да буга чейин Конституцияда кандай белгиленсе, ошол негиз менен иш алып бардым. Конституциянын нормаларынан чыкканым жок. БШК “Ата Журт” партиясынын съездинде кабыл алынган чечимди кабыл алды, менин ишенимдүү адамдарымды каттады, атайын эсеп ачканга, кыргыз тилинен сынак тапшырганга, менин талапкерлигимди колдогон адамдардын колун топтоого уруксат беришти. Ал тургай миллион сом күрөөнү да койдум. Бирок, БШК акыркы күндөрү менин талапкерлигимди колдоо үчүн чогулган колдорду кароонун ордуна, мыйзамга туура келбеген иш аракеттерге өтүп, ар нерселерди жаза башташты. Менин талапкерлигимди каттоодон баш тартуу маселесин жыйынына алып чыгышканда 8 адам гана олтурду. Алардын экөөсү Ахматбек Келдибековду талапкер катары каттоодон алып салуу деген маселеге каршы добуш берип, мени колдошсо, алтоо “макул” деген добуш берип, талапкерлигимди каттабоого макул болушту. Иш сапарга кеткендигине байланыштуу БШКнын төрт мүчөсү жыйынга катышкан жок. Ошол төртөөсүнүн экөөсү БШКнын чечимине “каршы” деген добушун калтырып кетишиптир. Экөөсү тескерисинче “макул” болушуптур. Бул канчалык деңгээлде мыйзамдуу экенин юристтер текшерип жатышат. Эң кызыгы, мага каршы болгон добушун калтыргандардын бирөөсү үй-бүлөлүк шартка байланыштуу жыйынга такыр катыша элек. Тактаганыбызда БШКнын ошол мүчөсү “каршы” же “макул” деген добушун жазуу түрүндө калтырбаганы аныкталды. Мен расмий түрдө БШКнын төрайымына ошол ишеним каттарын берүүнү, көрсөтүүнү талап кылып кат жаздым. БШКнын төрайымы Шайлдабекова ошол ишеним каттарын мага бербей, ал тургай көрсөтпөй бекитип олтурат. Эгер чын эле анда ишеним каттар болсо мен расмий кат жолдоп жаткандан кийин ошол замат көрсөтмөк. Эптеп эки кагазды көрсөткүчө шашышты. Чын эле ошол адамдардын колубу же жокпу аны Кудай билет. БШКнын бул чечими саясий шоу болгонун ушундан эле билсеңиздер болот.

— Сиз Жогорку Кеңештин төрагасы болгон адамсыз. Ошол жыйында өзүңүздүн президенттикке талапкер болуп катталууга толук укуктуу экениңизди далилдей алган жоксузбу?

— Саясий оюн аралашкан жерде мыйзамдын үстөмдүгү кийинки орунга түшүп кала турганын баарыбыз көрүп жатпайбызбы. Конституцияда президенттикке талапкер болуу үчүн төрт гана талап каралган. БШК ал талаптарды карап да койбостон, кайдагы бир беренелерди жүйөө кылып алышыптыр. Юристтер ошол жыйында эле ал беренеге таянган мыйзамсыз болуп каларын айтып чыгышты. Ал тургай БШКнын бир мүчөсү “Бул беренеге таянууга болбойт” деп айтты. Эгер алар менин соттуулугум жоюла элек деген шартты койгон болсо, анда эмне үчүн мен президенттикке талапкер болуу үчүн арызымды жазып жатканымда эле айтышкан жок? БШКнын бул чечими “Биз Конституцияны да, мыйзамды да өзүбүз каалагандай колдонобуз” деген сөзү. Биз бул мыйзамсыз чечимди сотко беребиз.

— Кайсыл гана президенттин тушунда болбосун БШК жогор жактын көрсөтмөсүн аткарып келет. Азыркы БШКнын курамы деле ошол мүнөзүнөн кутула албай, жогор жактын буйругун аткарып жатат деген маанидеги сөздү айтып жатасызбы? Сиздин талапкерлигиңизди каттоого албоо боюнча жогор жактын көрсөтмөсү болгонбу?

— Андай буйрук болгону мен президенттикке талапкер болуп арыз жаза элегимде эле билинип калган. Шашылыш түрдө Жогорку Соттун маалымат-катчысы “Акматбек Келдибековдун соттуулугу ушул жылдын 8-ноябрында жоюлат экен” деп билдирип, ошондой маалымат таратып жиберишкен. Мен Жогорку Сотко кайрылганымда “Биздин маалымат-катчыбыз андай маалымат айткан эмес” деп жооп беришкен. Мага Жогорку Сотто иштегендер “Бул баардык сотторго буйрук берилди деген сөз. Келдибеков кайсыл сотко кайрылбасын, маселеси оң жагына чечилбесин деген команда кетти” деп айтышкан. БШКнын курамын парламент, жарандык коом түзгөнү менен табиятын өзгөртө албай жатабыз. Ак үйдү карап олтурган БШК турганда чындык эч качан алдыга чыкпайт.

— Сот сизди эркиңизден ажыраткан эмес, айып пулду төлөп берүү чечимин гана чыгарган эмес беле. Мүмкүн БШК ошол чечимди эркинен ажыратылган деп түшүнүп алгандыр? Буйрукту аткаргандарга кандай команда келсе, аны аткарыш үчүн баарына барат эмеспи..

— Мыйзамды түшүнбөгөндүктөн ушундай чечим кабыл алынып жатат да. Менин соттук процессимде жүздөн ашык күбөлөр суралды. Соттук териштирүү эки жылга жакын созулду. Мага күнөө койгон бир дагы күбө болгон жок. Кайсыл сотко ким кандай буйрук бергенине чейин баарын билем. Ал маалыматтардын айтыла турган өз учуру келет. Мен өзүмө карата чыккан соттун чечимин мыйзамсыз экенине карабай соттук чечимди жаран катары аткардым. Айып пул төлөгөн күнөөнү мойнуна алды дегенди билдирбейт. Мыйзамды сыйлап, чечимди аткардым. Эгер мен соттун чечимин аткарбай, айып пулду төлөбөй койгон болсом мыйзам боюнча жоопкерчиликке тартышса туура болмок. Келечекте мунун баары өз ордуна коюлат. Кимдин-ким экенин тарых тастыктайт. Ким буйрук берген, кимдер буйрукту аткарышканы ачыкка чыгат.

— БШК талапкерлигиңизди каттоодон баш тарткандан бир аз күн мурун президент “Газпром” компаниясы куруп жаткан мектептин пайдубалына капсула салуу иш чарасына барып, ошол жерде сиздин атыңызды атабаганы менен “КыргызГазды” “Газпромго” сатып жатканда коррупционер аткаминер болуп жүргөн бир адам мага саткыла” деп кыйкырып чыккан” деген сөздү айткан. Президенттин ушул сөзү эле БШКга буйрук болгон эмеспи?

— Мен жөнүндө ким эмне деп айткан болсо, ал адамды Кудайга, өзүнүн адамдык абийирине койдум деп коём. “Газпром” бир долларга Кыргызстандын бүтүндөй газ тармагын сатып алганы, кыргыз бийлиги аларга мамлекеттеги газ байлыгыбызды, Баткендеги эки газ сактоочу жайды, Кочкор-Атадагы газ чыккан жерди, имараттардын баарын бир долларга сатканы үчүн жүздөгөн мектеп курганга милдеттүү. Ошол келишим боюнча Кыргызстанга газ канча баада келген болсо, сөзсүз түрдө 12 пайыздан кем эмес үстөк баада сатылышы керек деп каралган. “Газпром” кыргыз эли төлөгөн акчага эле мектеп, спортзалдарды куруп жатат. Муну чоң жетишкендик деп кайра-кайра айта бергендин кажети жок. Биз өз алдыбызча мамлекет болгонубуздан кийин стратегиялык багыттагы, мамлекеттүлүгүбүздүн өзөгү болгон аэропорт, газ, суу тармагын кимдир бирөөгө жүз пайыз бербешибиз керек деп айтып чыккам. Мамлекет катары алтын акцияны же болбосо 51 пайыз акцияны кармашыбыз керек деп айткам. 49 пайызды “Газпром” же “ӨзбекГаз”, “КазакГаз” мекемеси менен болобу жаратылыш газын Кыргызстанга үзгүлтүксүз алып келүү үчүн сатуу туура эле шарт. Газ тармагын бүтүндөй бир долларга сатып, андан сырткары мыйзамды одоно бузуу жолу менен пенсиондук фонддун 8 пайыз менчигин да кошо беришкен. Мыйзам боюнча пенсиондук фонддун үлүшү эч качан сатылбашы керек. Аны сатууга эч кимдин укугу жок. Бул пенсияга чыккандардын үлүшү болуп бекитилген.

— Пенсиондук фонд деп жатпайсызбы, президент баш болуп сизди жетим-жесирлердин акысын жеген деп күнөөлөп жатышпайбы?

— Ошондой сөздөрдү айтып жаткандар мен кайсыл жерде, кандай иштегенимден али күнчө толук маалыматы жок экенин көрсөтүп коюшту. Мени жетим-жесирлердин акысын жеген деп карандай калпты кошуп жүрүшөт. Мен убагында башкарган Социалдык фонд аркылуу жетим-жесирлердин акчасы өтпөйт. Бул деген мага коюп жаткан дооматын өзү билбегендик. Жок дегенде калпты айтып жатканда чындыкка жакыныраак болуш үчүн айта турган сөзүн тактап алышпайбы. Жетим-жесирдин жөлөк пулу башка министрлик аркылуу кетет. Социалдык фонд аркылуу пенсионерлердин акчасы гана өтөт. Ар бир пенсионер пенсиясы канча сом экенин жакшы билет. Кайсыл пенсионер ала турган пенсиясынын жарымын бирөө алып койсо унчукпай жүрө берет? Эч ким андайга жол бербейт.

— Төрт саясатчы бир партияга биригип, шайлоодо бир талапкерди алып чыгарыңарды жарыя кылганыңардан бери ар түрдүү сөздөр айтылды. Сизди талапкер катары каттабай, ар түрдүү сөздөрдү таратуу төрт саясатчыны алсыратуу боюнча түзүлгөн программа эмеспи?

— Туура, бизди кантип алсыратабыз дегендер көп. Менин талапкерлигимди каттабай коюу дагы ошол программанын бир этабы десек да болот. Адахан Мадумаров, Камчыбек Ташиев, мен үчөөбүз бириккенде эле айтпаган сөздөрдү айтышкан, жазбаган сөздөрү калбаган. Адамдын жеке намысына тийген сөздөргө чейин түшүшкөн. Муну менен өздөрүнүн деңгээли канчалык пас экенин көрсөтүшкөн. Төртөөбүз бириккенден кийин да ошол нерселерин кайталап жатышат. Биздин бириккенибизди бийлик тарап канчалык сындаса, чоочуласа, демек биз туура жолду тандаганбыз, чоң күчкө айланганбыз. Эгер биз чоң саясий күчкө айлана албаганыбызда көңүл бурмак эмес.

— Оппозициялык маанайдагы талапкерлер Канатбек Исаевди, Өмүрбек Текебаевди, сизди каттоодон баш тартса, Азимбек Бекназаровго сотто жалган көрсөтмө берген деп кылмыш ишин ачышты. Бул бийлик оппозициядан неге чоочулап жатат?

— Азимбек Бекназаров президенттик шайлоого талапкер болуп катталып, мандат алды. Ал кишиге кылмыш ишин козгой алышпайт. Сотто жалган көрсөтмө берген деп кылмыш ишин ачып, аны камайт дегендин өзү куру кыял. Бул бийлик деле кандай гана жол болбосун колундагы бийлигин эптеп сактап калуунун үстүндө иштеп жатат. Эптеп бийликти сактап калабыз дегендерди көрбөдүкпү. Мунун арты татаал болуп калышы мүмкүн. Бийликти күч менен кармап туруу мүмкүн эмес экени эки жолу далилденди. Ошол да сабак болбой жатат. Маселен, бүгүн бийликте олтургандар кезинде өздөрү бийликтен куугунтук көргөн. Эми башынан өткөн нерселерди кайра кайталап жатканына таң калам.

— БШКнын чечиминен кийин сиздеги дух кандай?

— Буга чейин кандай духта болсом, азыр дагы ошол дух менен жүрөм. Мендеги дух бир чечим менен эле өчүп калбайт. Саясатта жүргөн адам ушундай мыйзамсыз, адилетсиз нерселерди күтүшү керек. Ушунун баарына чыдаган адам саясатчы боло алат. Бул сыноолордон духту түшүрбөй өтө алсаң, арты жакшылык менен коштолот. Кудай буйруса бүгүн болбосо, эртең жеңишке жетебиз. БШКнын төрайымы “Сотко кайрылыңыз…” деп айтып жатпайбы, сиз айтпасаңыз деле сотко кайрылам, ал тургай сотто кандай чечилерин да билип турам дедим. Бирок, келечекте ушундай мыйзамсыз чечимдерди кабыл алгандар мамлекеттик структураларга иштебеши үчүн факт болуп калышы керек.

Булак: “Жаңы Ордо”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *