Ахматбек Келдибеков илимий ишин жактоого бел байлады

Экс-спикер Ахматбек Келдибековдун харизмасы бар, жетекчи боло алчу сапаттары жетиштүү. Соңку жылдары саясый беделине урулган соккулардан сабырдуулук менен өтүп келе жаткан Алайдын кулуну ушул күндөрү илимий иш жазууга белсенип, болгон убактысын ушул жаатка арноодо. Мындан 7 жыл мурун кандидаттык ишин жактаган каарманыбыз жакынкы күндөрү илимдин доктору болууга үмүт байлап, аракет кылууда. Кабарчыбыздын бул жааттагы соболдоруна да «баарын жакында билесиңер» деген таризде жооп берди. Болгону орусча макалалар менен илимий табылгаларды кыргызчага которуп бүтүү алдында турганын айтты. Ийне менен кудук казган ишине албетте, ийгиликтерди каалайбыз!

Булак: “Азия Ньюс”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *