Ахматбек Келдибеков, Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы: “Биз Сооронбай Жээнбековдун бутуна бут, колуна кол бололу”

Негизи Ахмат мырзада лидерлик сапат, ага удаа харизма да бар экенин танууга болбойт. Түштүктөн чыккан саясатчылардын ичинде экинин бири, ага удаа калың колдоочулары бар экенин буга чейинки шайлоолордо тастыктаган. Жакшы менен жаманды башынан өткөргөн маектешим саясаттагы ыңгайлуу убакты күтүп, ага удаа жөнжай тирлигин улантып жаткан кербези. Биздин сөз соңку убакта өзүнө карата айтылган күбүр-шыбырлардан башталды. 

— Ахмат аке, соңку күндөрү маалымат каражаттарында бир беткей сиздин илимий ишиңиз тууралуу материалдар жарык көрүүдө. Докторлук ишиңизди 15 миң долларга жаздырып, аягында “чийки жазылган” ал “эмгегиңиз” сынактан өтпөй, жыдып калганы ыраспы? КЭУнун ректору Төлөн Камчыбековдун жөлөп-таёосу менен докторлук ишиңизди шашылыш жактап алайын дедиңиз беле? Мындай кептердин аныгын ачып берип койсоңуз?

— Чоң саясатта жүргөндө кээ бир саясатчыларга карата “кара пиар” башталганда, демек, алдыда кандайдыр бир саясый окуя турганын боолголосок болот. Соңку күндөрү “парламенттик шайлоо болот-болбойт” деген кептер желдей тарап жатпайбы. Муну менен айтайын дегеним, айрым саясый күчтөр парламенттик шайлоого камына беришсе болот. Кыргызда “бээ теппей, кулун кишенелебей” деген сөз бар го. Анын сыңарынд, туруп-туруп эле айрым көөдөнү сокур, ою пас адамдардын мага карата кара пиар чыгарышканын Кудайга койдум. Алла Таалам баардыгын көрүп турат, бирөөгө негизсиз жалаа жапкандардын баарын таразалайт, жазасын берет. Муну турмуш өзү барган сайын көрсөтүүдө. Бул боюнча мисалдарды айтпай эле коёюн, өзүңөр деле көрүп жатасыңар да. Биз табалагандан бийик бололу.

Эми илимий ишим боюнча айтсам, мен экономика боюнча кандидаттык ишимди алты жылга чукул убакыт жазгам. Ошол эле кыргыз экономикалык университетинин илимий кеңешинде кеңештин мүчөсү жана менин илимий жетекчим академик Турар Койчуев агабыздын астында кандидаттык ишимди коргогом. Андан соң докторлук ишимди жазууга өткөм. Кандидаттык ишимди коргоого алгандан бери сегиз жылдай убакыт өтүптүр. Албетте, докторлук иштин өзүнүн талаптары бар. Аны коргоо бир-эки жылдык иш эмес, кандайдыр бир убакытты талап кылат. Бул аралыкта илимий макалаларды, монографияларды жазуу боюнча карандай эмгек сарпталат. Айрымдар азыр “чуу көтөрүп” жатышкан докторлук ишимди коргоо 2014-жылдын февраль айына белгиленген эле. Бирок, мени ошол кездеги бийликтеги таасирдүү саясый күчтөр бул убакытка жеткиришпей, 2013-жылдын ноябрь айында камашкан. Ошентип, докторлук ишимди коргоо тилегиме анда жетпей калгам. Мына эми ошол илимий ишимди коргоонун мезгили келип турат. Докторлук ишти коргогонго чейинки баардык илимий эреже-шарттарды татыктуу деңгээлде басып өтүп, азыр коргоонун алдында турам. Ректор Төлөбек Камчыбеков жөнүндө сурадыңыз. Илим жактоо кеңеши дал ушул экономика институтунда ачылгандан кийин, ал жерге (советке) бир гана Кыргызстандын “илим жактайм” деген адистери эмес, башка мамлекеттен келип жакташса болот. Төлөбек Камчыбеков агай милдеттүү түрдө кеңешке киргизиш керек жана илимий кеңештин кароосуна коюуга милдеттүү. Мен агайдын КЭУну Орто Азиядагы алдыңкы экономика университетине жеткизгени менен сыймыктанам жана жалпы коллективдин иштерине ийгиликтерди каалайм.

Бирок, сиздин эмгегиңиз “чалагайым” экенин КЭУнун проректору Көбөгөн Атышов да тастыктагансыды го?

— Ал киши менин эмгегим менен терең таанышпаса керек, бирок талкуу болгондо катышып, өзүнүн ойлорун айткан. Көбөгөн Атышов өзү интервью берип, “жалган айтканды сотко бериш керек” деп жооп берди. Ар бир илимий ишти жактоодо ошол кеңеште илимдин квалификациясы боюнча атайын шифрлары болот. Докторлук ишим боюнча ошол илимдеги атайын каралган шифрлардын кайсынысына кире турганы тууралуу кеңештин мүчөлөрү тарабынан каалоолор гана айтылды. Ал жерде айрымдар чуулдаткандай докторлук ишиме каршы чыгышып, “бул болбойт, жарабайт” деп эч ким каршы чыккан эмес. Бул боюнча атайын протоколдор да бар. Жогоруда айттым го, докторлук ишим боюнча чыккан маалыматтар кызылдай жалаа. Бул эмгегимди жактоодогу илимий жетекчим менин мурдагы кесиптешим, профессор Элмира Жумалиева. Биз Элмира Жумалиева менен парламентте каржы комитетинде чогуу эмгектенип жүргөндө андагы иштерибизди, бюджет боюнча демилгелеген мыйзам долбоорлорубузду эми минтип факт жүзүндө илимге киргизип жатабыз. “Келдибеков илимий ишин Элмира Жумалиевага акча төлөп жаздырыптыр” деген сандырактаган кептерди чыгаргандарда кайдагы намыс? Ушундай былжыраган кептерди ушул адам чыгарыптыр деп таап, сотко берсең болот. Мындай маалыматтарды кимиси айтса да сотко берүүгө даярданып, изилдетсем, бир жөндүү дареги жок. Алгач бул маалыматтарды социалдык түйүндөр менен интернет сайттарга чыгартышкан да, андан гезиттерге алып бастырышкан. Гезитти сотко берейин десең маалыматты көчүрүп алган сайттарга шылташат, сайттын дарегин изилдеп табыш кыйын. Мындай шартта ушундай ушактарды чыгарышкан деңгээли пас, көөдөнү сокур пенделерди сотко берүүнүн деле кажети жоктой. Жалган жалаа чындык менен мыйзамдуулукка жабышып калбайт. Мындай жол менен каралай да алышпайт. Мен колумдагы кыргыз тилиндеги монографиямды сиздерге берейин, өзүңөр окуп чыгып, кааласаңар гезит окурмандарына да тартуу кылып койсоңуздар болот. Эгер 2013-жылы мени камашпаса, илимий ишимди ошондо эле жактамакмын. Башта айттым го, соңку күндөрү мага, ошол эле Камчыбек Ташиевге карата кара пиарларды чыгарып, таратып жатышпайбы. Демек, муну менен алдыда парламенттик шайлоо болоорун боолголосок болот.

Илимий ишиңизге ык коюп, докторлугуңузга жактоо алдында турганыңызга караганда, саясат сизди тажаткан го? Саясаттан активдүүлүгүңүз байкалбай тыныгуу алганыңызга караганда, биротоло илимге ык коёюн дедиңизби? Экс-президент Атамбаев “20 жылдан берки жыдытма саясатчыларды ала кетем” дегениндей же сиз дагы ал кишинин өзү менен кошо кетчү саясатчыларынын катарына “илинип” калдыңызбы?

— Экс-президент кимди “ала жатат” – аны өзүнөн сурагыла. Саясатты болсо көрүп жатасыңар, президент жаңы шайланды. Саясатта бирөөгө акыл үйрөтүү же сын айтуу эң оңой. Ал эми ошол ишке жонтериң менен аралашып, көйгөйлөрдү чече билүү оңой иш эмес. Президентибиздин ишке киришкенине 100 күн дагы боло элек. Жалпы эл шайлаган соң Сооронбай Жээнбековго колубуздан келген жардамыбызды берүү менен колуна кол, бутуна бут болушубуз зарыл. Ошондо гана өлкөбүздө алдыга жылуу болот. Жаңы шайланган өлкө башчыбызга ишке толук кирише электе сын айтып чыгуу акылсыздык деп ойлойм. Ал эми илимий иштер менен мен Россияда институтта окуп жүргөндө эле алектенип, кийин алгачкы эмгек жолумду жогорку окуу жайынан алган түз багытым менен өзүбүздүн илимдер академиясынан баштагам. Мен алган теманын негизинде буга чейин илимдер академиясынан 5 илимдин кандидаты, 4 илимдин доктору чыкты. Союз тарап, илимге көп көңүл бурулбай, анан калса менин экономика, каржы тармактарына кызматка өткөндүгүмө байланыштуу баштагы багыт алган илимий ишим токтоп калган. Кийин кайрадан тандап алган бул жолумду улантып, кандидаттык ишимди 8 жылдан кийин, докторлук илимий ишимди мына эми жактоо алдында турам.

Депутат, спикер, социалдык фонддун, салык кызматынын төрагасы болуп жүрсөңүз, илимий иш жазганга убакыт болот бекен? Ушунча жыл кызматтарда жүрүп илимий иш жазганга кантип жетиштиңиз? Бул жагы кичине окшошпой жаткан жокпу?..

— Мен кайсы гана кызматты аркалабайын, илимий ишимден алыстап, таптакыр таштап салган жерим жок. Маселен, эки ирет Жогорку Кеңештин депутаты болгон кезимде парламенттин бюджет комитетинин мүчөсү жана башчысы катары андагы ишибизди илимий ишим менен айкалыштырып, кошо ала жүрдүм. Алдыда кайрадан саясатка барып калган күндө дагы мен илимдеги эмгегимди токтотпойм. Бул менин эзелтен келаткан каалоом. Келечек муундарга менин илимдеги изим кичине болсо да пайдасын алып келсе деген тилегим бар.

Парламенттик шайлоо боюнча ар түркүн божомолдор айтылууда. Сиздин божомол кандай?

— Туура, эң оболу парламенттик шайлоо боюнча ар түрдүү божомолдор айтыла баштады. Кээлери болот дешсе, айрымдары парламент мөөнөтүнүн акырына чейин иштеши керектигин баса белгилешүүдө. Баардыгын бара көрөбүз. Биз эми алдын ала көзү ачыктана бир нерсе айткандай олуя эмеспиз да. Мунун баары турмушка, өзгөчө саясый жагдайга байланыштуу нерселер. Маселен, биз ушул күндөрү партиялык иштерибизди жүргүзүп жатабыз. Учурда “Ата Журт” партиясы жергиликтүү кеңештердин шайлоосуна катышып жатат. Бүгүнкү күндө 4-5 шаардык кеңештин курамында биздин партиянын депутат мүчөлөрү бар. Келечектеги парламенттик шайлоого да сөзсүз катышабыз. Эми жашоодо сөзсүз эле мамлекеттик кызматка баруу шарт эмес да. Күндөлүк турмуш, бала-чаканы багуу деген да иштер болот эмеспи. Учурда күнүмдүк иштер менен да алек болуудабыз.

“Ата Журт” партиясына жан киргизип, “тирилтет” экенсиздер да анда…

— “Ата Журт” партиясы эч качан токтоп калган эмес. Биздин саясый күч күндөн-күнгө күчүнө кирүүдө. Ушул жерден айта кетүүчү жагдай, өзгөчө журналисттер биз тууралуу же партиябыз боюнча ар кандай имиш-имиштерди, чындыкка дал келбеген маалыматтарды угушса, ошондон сенсация издеп жазып салбастан өзүбүзгө да келип, тактап коюшса дээр элем. Мен ар дайым журналисттерге эшигим ачык, жолугушканга даярмын. Биздин партия тууралуу же Ташиев баштаган өнөктөштөрүбүз боюнча кандайдыр бир маалыматтарды жазаарда менден келип сурап, уккан маалыматтарыңарга тактык киргизип койсоңор. Биз ар убак чындыкты айтып беребиз.

Бүгүн өлкөбүздүн тышкы карызы 4 миллиард долларга чамалап, алакандай мамлекетибиз үчүн коркунуч жаралганын айтышууда. Экономист катары мындай көрсөткүчкө сиздин оюңуз кандай?

— Бул көрүнүшкө мен экономиканын тили менен жооп узаткым келет. Биздин өлкөнүн ИДПсы 4-5 миллиард доллардын негизин түзөт. Ал эми республикалык казынанын көлөмү 2 миллиард долларга чамалайт. Буга салыштырмалуу 4 миллиард доллар деген чоң көлөмдө. Мен ар дайым айтып жүрөм, тыштан биз карыз алганда аны биринчи маселе кылып, ошону эффективдүү колдонушубуз керек. Аны жол курганга эмес, пайдасы бар, бирок, экономикалык эффект алып келбей турган тармактарга колдонбошубуз зарыл. Тыштан келген карызды завод, айыл чарбасына, мал өндүрүшүнө ж.б. колдонсок, ал жерден элге чоң экономикалык эффект болот. Макул, жол курганга карыз алалы, аны кайра куруп алып, кайра ошол жолдон пайда кеч түшөт да. Жолдорго кетчү каражатка өзүбүздүн ички булактарыбыздан каражат таап, сырттан насыяга келген каражаттарды тез аранын ичинде биздин мамлекетке көбүрөөк пайда алып келе турган тармактарга колдонсок ошондо өзүн-өзү актайт эле.

2010-жылы парламенттик шайлоодо “Ата Журт” партиясы алдыга даңкан салып, анын ичинен партияга эң көп добушту Ош облусунан сиз алып бергениңиз тар чөйрөдө айтылып жүрөт. Ошол кезде абройлуу делген КСДП менен “Ата Мекен” партияларын, алардын кожоюндары Атамбаев менен Текебаевди “тебелеп кеткендей” алдыга оздуңуздар эле ээ?

— Сөзүңө аралжы үкам, тебелеп эмес, утуп чыкканбыз.

Эми образдуу салыштырганым го. Эгерде быйыл парламенттик шайлоо өтүп калса, сизде 2010-жылдагыдай жеңишке жетем деген мүмкүнчүлүк, ишеним барбы?

— Бизде ишеним ар дайым бар. Бул үчүн карапайым эл менен ар убак байланышты үзбөй, чындык мамиледе иштешип туруш керек. Өзүңдү элге куру сөзүң менен эмес, ишиң менен көрсөтүп жүрсөң, эл ар убак сени канчалык каралап, ылай чачышпасын баалай билет. Элге бергениң эч убакта текке кетпейт. Мен мактануу менен айта алам, бизди колдогон элибиз азыр да бар. Биз колдоочуларыбызга ишенебиз. Мен ойлойм, эгерде парламенттик шайлоо өтө турган болсо Алла Таалам жолубузду ачып, элибиз колдоп берсе, биз бул сапар да алдыга озуп, утуп чыгабыз.

Калыгул БЕЙШЕКЕЕВ

Булак: Азия Ньюс

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *