Аида Касмалиева, депутат: Коррупция мурдагыдан да күчөп кетти

Сеулдагы учакта чуу салган министрдин мурдагы орун басары Зууракан Каденованын окуясынан кийин эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин бир топ былык иштери артынан чубай баштады. Деги эле кайсы министрликти алба, мамлекеттик кызматынан пайдаланып, өз кызыкчылыгы үчүн жанталашкан аткаминерлер көп.

– Аида айым, ЖКда эмгек жана социалдык өнүгүү министри Таалайгүл Исакунова жана орун басарлары бир нече ирет министрликтин эсебинен үй-бүлөсү менен чет өлкөлөргө эс алып келгендигин далилдер менен катуу сынга алдыңар. Эми ал министр, министрдин орун басарлары үчүн кандай чаралар колдонулат? Жакынкы күндөрү сүттөн ак болуп чыга келишпейби?

– Иш сапары менен баарыбыз эле чет өлкөгө чыгабыз. Бирок дипломаттык паспортту эс алууга же өзүбүздүн максатыбызга колдонууга болбойт. Тыюу салынган. Социалдык коргоо министри боюнча менде көптөн бери суроо жаралып жүрчү. Эл аралык уюмдардан Кыргызстанга көп эле акча келет. Алар балдар үчүн, өтө жакыр үй-бүлөлөр үчүн келген акчалар. Министр же анын жакындары чет өлкөгө эс алып келүүгө жумшалбашы керек. Кечээ мен башкы прокуратурага кайрылдым. Парламентте дагы «ар бир иш сапар боюнча текшерип чыккыла» деп протоколдук тапшырма бердим. Азырынча дагы толук маалыматтарды ала элекмин. Чет өлкөгө чыгып жатканда дипломаттык мөөр коюлат. Ошону текшере келгенде эле же жалган же чын экени маалым болот. Мен чочулап жатам. Сиз белгилегендей, күн өткөн сайын ал маалыматтар, паспорттор жок болуп кетиши мүмкүн. Тез арада маалымат алганга үлгүрүшүбүз керек. Бүгүн эл аралык комитетте да кесиптештерим маселени көтөрүптүр. Маалымат алышыптыр. Тышкы иштер министрлиги да келип маалымат бериши керек.

– Мамлекеттин эсебинен эс алышканы текшерилиши керек да…

– Негизи бул аябай көйгөйлүү, ириңдеп кеткен маселе. Биз донорлордон абдан көп акча алабыз. Ал акчаны пайызы менен бизден кийинки муун (балдарыбыз) төлөшү керек. Ал карыздар биздин мойнубузда. Анан ошол каражатка барып алып, иш-чарага катышпай эле сайраңдап шопинг уюштуруп, үй-бүлө мүчөлөрү менен эс алышат. Үй-бүлө мүчөлөрү менен министр Америкага, Аргентинага ж.б. ондогон өлкөлөрдө саякаттап жүрүшөт. Америкага виза ачуу абдан оор. Аны ачтырышты. Адистерди жибербей, эмне үчүн министрлер же министрдин орун басарлары барышат? Эмне үчүн үч жумалап жок болушат? Бул жерде эң орчундуу маселе турат.

– Каденова ж.б. орун басар айымдар туурасында кеп козгосок?

– Баардык эл аралык уюмда иштеген долбоорлордун жетекчилери айтып келишет. Барсаң эле Кыргызстандын делегациясы үчүн уяласың. Шопингге чыгып кетишет. Суткалык чыгымдарын сурашат. Чет өлкөдөгү иш сапардан келгенден кийин мыйзам чегинде же токтом  чегинде справка жазылышы керек. Справка «Эмнеге бардың? Эмне жасадың? Анын жыйынтыгында эмне болду?» Так, даана жазылышы керек. Андан тышкары дагы бир маалымат келип түштү. Түштүк Корея нын «КOIСА» деген долбоору өз эсебинен окутуп, баарын төлөп берет. Ошол эле Каденова барган иш сапарда экономика министрлигинин коомдук кеңешчиси Айнура Жакыпова деген айым барган экен. «Ошону текшерип койгулачы?» деп аталган долбоордо иштеген балдар атын атабоону өтүнүп мага чыгышты. Ал айым командировкада уч жума болсо, эки жумасында бетине пластикалык операция жасатыптыр. Өзүңүздөр билгендей, Түштүк Кореяда сулуулук операциялары көп жасалат. Ал боюнча расмий каттар деле келген жок. Бирок, кандай маселе менен кеткени текшерүүгө алынышы керек. Кыргызстан кичинекей өлкө, баардыгы тастыкталып калат.

– 2017-жылы жолок пул боюнча мыйзам жаңырды эле. Бирок, карапайым элде жөлөк пул боюнча көйгөй арбын экен…

– Жолок пул жана сүйүнчү боюнча көйгөйлөр абдан чоң. Кайсы айылга барба, эл кый-налып, социалдык жарылуу болоюн деп калды. Себеби, абдан татаалдаштырып салышты. Коррупция мурдагыдан да күчөп кетти. 2017-жылы Сапар Исаковдун өкмөтү келип кыскартып, мыйзамды башка жагына алып келип, «биз даректүүлүктү күчөтөбүз» деген. Даректүүлүк таптакыр эле күчөгөн жок. Биз 2017-жылдагы мыйзамда 5 млрд. 330 Млн. сомду бөлдүргөнбүз. Алар азыр кайда кетип жатат? Эц жакыр үй-бүлөлөр албай калууда. Мурда сүйүнчүнү айыл өкмөттөн алса, азыр борборго келиши шарт. Сүйүнчү алыш үчүн банкка эсеп ачыш керек. Айылда ким эсеп ачат? Эң кыйналган, мигранттар балдарын таштап кеткен айылдар тоодо. Шарттары оор, алыс жайгашкан. Бул жерде маселе арбын. Айтыла турган сөздөр алдыда.

Жамиля Нурманбетова

Булак: «Азия ньюс»

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *