Аида Касымалиева, КСДП фракциясынан ЖК депутаты: “Парламенттеги эркек кесиптештерим аялдар көрк үчүн эмес, эл үчүн кызмат кыларын сезе башташты”

Өлкөдө аял-эркектин укугу тең» деген менен турмушта такыр башкача. «Парламентте 30% аял болсун» деп мыйзамда каралганы менен, учурда болгону 16% гана аял депутаттар бар. «Кыргызстан» менен «Бир Бол» партиялары шайланып келген аялдарын сүрүп таштап, ордун эркектер уялбай ээлеп отурушат. Ал эми «Өнүгүү-Прогресс» бир аялды эле уятынан калтырса, «Республика – Ата Журт» төрт, ал эми «Ата Мекенде» үч аял калып, алардын айрымдарынын саясый тагдыры дагы тайкы болууда. КСДП фракциясы гендердик балансты кармоого аракеттенгендей. Бул фракцияда 11 аял депутаттык мандатка ээ. Парламентке былтыр гана келген, бирок өзүнүн өзгөчөлөнгөн стили, адептүү жүрүм-туруму, карапайым жана эң башкысы, чын ыкласы менен элине кызмат кылууга дилгирленген кыздардын бири Аида КАСЫМАЛИЕ­ВА бүтүндөй парламенттин ичинде айырмаланып, буга чейин сынбай, өзгөрбөй келген стереотип, системаларды жокко чыгарууда.

– Эркек депутаттар менен теңтайлаш болуу парламентте кыйынбы?

– Ооба, парламенттеги алгачкы күндөрүмдө бир аз кыйынчылык же тоскоолдуктар бар эле. Адатта эркек депутаттар аял кесиптештерин теңата кабыл албай, «сиздер парламенттин көркү же гүлү» деп сырткы келбетибизге комплимент айтып калгандарын жактырчу эмесмин. Бара-бара кесиптештерим дагы парламентте­ги аялдар көрк үчүн эмес, эл үчүн кызмат кылып, акылы менен алардан кем калышпай эмгектенип жатканын сезе баш­ташты. Аялдар болгон үчүн парламентте «жашы жете элек кыздардын никеге турушуна тыюу» салган, «үй-бүлөлүк зомбулукка каршы» мыйзам жана жөлөк пулду киризүү тууралуу сунуштар колдоого алынды. Эркектер бул маселелерге кар­шы деле эмес, болгону алар табиятынан мындай маселелерге көңүл бурбайт эмеспи. Ошондуктан, парламентте аялдардын болушу – бул күч. Айрым мыйзамдарды биригип колдоп чыгып жатабыз.

– Саясатта аялдардын позициясынын солгундашы неге байланыштуу? Кыз-келиндер билими жагынан жигиттерден кем калышпайт, бирок сая­сый карьера жасоодо шарт жоктой?

– Кыздардын билим алуусу – ийгиликтин ачкычы. Биз, аялдар эркектер менен тең катар келе жатып, үй-бүлө күтүп, бала төрөп, аны тарбиялап калганда, коомдук турмуштан сүрүлүп калуудабыз. Өлкөбүздө кыздарын максаттуу тарбиялаган мектептер жок. Мисалы, Роза Отунбаеваны советтик өлкө тарбиялап чыккан мыкты кадр. Азыр дал ушундай кыздар коомго керек. Коом кыздарды көп чектеп жаткандыгы сезилүүдө. Өзүм Ошто туулуп өстүм. Апам китепканада иштеп, эртең менен жумушка кетчү. Кечинде баарыбыз чогулуп, атам дагы үй жумуштарына колкабыш кылчу. Бул кадыресе көрүнүш эле. Баары эле кыз-келиндердин мойнуна түйшүк жүктөлгөндөй. Атургай 5-6 баласын өзү жалгыз баккан аялдар аз эмес. А эркектер миграцияга чыгып кетишип, үй-бүлөнүн түйшүгүн кошо тартпай жатканы өкүнүчтүү.

– Сиз аял катары кантип жетишип жатасыз? Жолдошуңуз колдоо көрсөтөбү?

– Ооба, жолдошум, кайненем мага кол­доо көрсөтүп турушат. Тескеринче, апам (кайненем) мага чоң күч. Кызымды каралашып жатат. Келсем тамагы убагында берилип, турмуш тиричилик түйшүгүнөн арылткан. Эртең менен жумушка чыгып кетип, кечинде келем.Түшкү тамактануу коомдук жайда өтөт. Кечинде тамак жасаганга убактым жок. Жеңил-желпи нерсени жеп жатып алабыз.

– Кыздар арасындагы зордук-зомбулуктун күч алуусу коомубузда кеңири жайылгандай. Сиз бул көйгөйдү жакшы билесиз, канткенде кыздар­ды зомбулуктан коргойбуз?

– Чындыгында, алсыз адамдар гана зомбулуктун курмандыктары болууда. Терең изилдөө жасаган эмесмин, бирок, даректүү тасма тартканымда зордук-зомбулукка билим албаган кыздар көп кабыларын байкадым. Анткени, өз укугун билген кыздар «жок» деп айта алышат. Калган убакта басмырланып чоңойгон кызды каалагандай басмырлап, дал ушул кыздар зомбулукка кабылууда. Ошондуктан, кыздарга сөзсүз жогорку билим берүүгө ар бир ата-эне умутулуусу керек. Мен кадыресе үй-бүлөдө тарбияландым. Бирок, Барпы мектебинен Ош шаарындагы Гагарин мектебине которулганым ма­га чоң түрткү болду. Ошол жактан англис тилин үйрөндүм. Окууну бүткөндө ата-энем «Ошто калып эле оку» дешкенине болбой, Бишкекке келгем. Борбордо же барар жерим жок, мен каалаган окуу жайга окутууга ата-энемдин каражаты жок болчу. Ошондо БГУнун журналистика факультетине тапшырып, үчүнчү болуп тизмеде турганда ыйлаганым эсимде. Ав­густ айында «жатакана алабыз» деп окуу жайдын тегерек четин актап, жыйнап жүрчүбүз. Эсимде калганы – бөлмө алганым болду. Атамдын студент кезиндеги чемоданына кийимимди салып келгем. Жатууга төшөк, жууркан жок. Эшиги да­гы жабылбайт. Ал эми жанымдагы бөлмөдө музыка чыгып, дискотека болуп жатат. Ошондо коркконуман керебетти эшикке тиреп, атамдын чемоданын жазданып жаткам. Ошондуктан, анча мынча тоскоолдуктар, стресстер адамды ийгиликтерге жеткирет.

Гүлмира УМЕТАЛИЕВА

Булак: Азия Ньюс 

 

 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *