Аида Салянова, ЖКнын депутаты: “Кадыржан Батыровду алып келип жазага тартууга биздин күч органдары бүт аракетин жумшаганга милдеттүү”

Өмүр бою эркинен ажыратылган Кадыржан Батыров бозгун болуп жүрүп да тынч жатпай, өзүн акмын деп кыргыз бийлигинен кордук көргөн өзбек улутунун лидери катары кыргыз бийлигин дүйнө жүзүнө мокочо кылып көрсөтүп келет. Биздин күч органдарыбыз унчукпай олтурат. Кыргыз-өзбек элинин ортосуна от жаккан Батыровду кармай албаган органдарга кандай баа берсек болот?

– Прокуратуранын, деги эле күч органдарынын иши ушундай баарын тактап туруп маалымат таратыш керек. Биринчи маалымат менен экинчи маалымат бири-бири менен байланышпай калганда жакшылап узартууга убакыт керек болот. Мисалы Кадыржан Батыровдун акыркы маалыматы кечээ чыкты. Мурда деле маалыматтар чыгып жаткан. Бирок, прокуратура эмне иш кылып жатканы азырынча белгисиз. Биз алардан таптакыр маалымат уга элекпиз. Таптакыр иштебей жатышат деп прокуратураны айткандан алысмын. Себеби азыр ал жерде эмеспиз да. Болгону Жогорку Кеңешке, элге маалымат бериши керек болчу. Бирок бул нерсе бат эле чыгара кала турган чечимдердин ичине кирбейт. Талдап, карап, көп адамдарды суроо зарылчылыгы бар. Мен Кадыржан Батыров жөнүндө күч органдарын иштебей жатат деп прокуратураны сындагандан алысмын. Туура, алар иштин бетин ачканга убакыт керек, бирок ошол убакта эле эмне жасап жаткандыгын айтып турса болмок. Ошондо гана коомчулук прокуратуранын эмне иш жасап жаткандыгын баамдап, баланча жумуш аткарылыптыр, дагы көп жумуштар бүтүп жатыптыр деп ынанып калмак. Кадыржан Батыровду алып келип жазага тартууга биздин күч органдары бүт аракетин жумшаганга милдеттүү.

Булак: Жаңы Ордо

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *