Айбандан айырмасы жок аксакалдар

Чүй облусунун Аламүдүн районувда 8 жаштагы кызды зордуктоого аракет кылган молдо кармалды. Маалыматка караганда 2017-жылдын 9-сентябрында болжол менен саат 17:30дар чамасында Кайырма айылында 1951 -жылы туулган Б.К. аттуу молдо жолдон өтүп бара жаткан 8 жаштагы кызды токтоткон. Кыздын айтымында, ал киши кызды кучактап, аны бооруна кысып, денесинен кармалаган. Кыз андан эптеп бошонуп качып, башкаларды жардамга чакырган. Окуя тууралуу кыздын ата-энеси милицияга арыз жазган. Биринчи жүргүзүлгөн медициналык кароо боюнча кыздык белгиси бүтүн экендиги аныкталган, бирок денеси кызаргандыгы белгилүү болгон. Аталган факт боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, териштирүү иштери жүргүзүлүүдө. Бул бир, мындай төбө чачты тик тургузган окуя эки күн мурун дагы катталды. Жашы алтымышка таяп калган дагы бир аксакал өспүрүм кызды зордуктады деген шек менен темир тор артына киргизилди. Окуя эки күн мурун Кемин районунун Орловка шаарчасында болгон. Анда шаарчадагы ооруканада терапевт болуп эмгектенген аксакал ооруп, ооруканага жаткан 12 жаштагы кызга уктатуучу дарыларды сайып, аны зордуктап койгон. Бул тууралуу кызды апасы милицияга арыз менен кайрылган. Шумдугуң кургур, деги заманыбыз эмне болуп баратат?.. Кары-жашы дебей келесоо болуп калдык го…

Булак: “Фабула”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *